alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
Макалалар

«Сынган кылыч» кантип жаралган?

Жазуучу, тарыхчы, кыргыз эл баатыры Төлөгөн Касымбековдун уулу Райкан Төлөгөнов: 

-Атам «Сынган кылыч» романын жазып баштаган маалда 8 жашар бала болчумун. Күндүз жумушта болуп колу тийбей, көбүнчө түндө иштечү жарыктык киши. Кечинде келип тамактанып алып, анан жазуу столуна жөнөйт. Түнкү саат 3-4кө чейин, кээде таң атканча иштечү. Баламын да, түн бир убакта заара кылгым келип тура калсам, атам уктабай иштеп отурган болор эле…

Ал мезгилде компьютер жок, кол менен жазчу. Кээде жазып-жазып келатып эле ондогон барактарды кайра чийип-чийип салчу жарабайт деп. Эсимде, «Сынган кылычтын» биринчи китебин жалаң 44 барактуу калың дептерлерге жазды. Дептерлер жыйылып-жыйылып калчу үйдө. Колдо жазып бүткөн соң машинкага түшүрүп каталарын оңдочу.

Архивдерден ар кандай маалыматтарды, сүрөттөрдү же алардын көчүрмөсүн алдырганын билем. Көбүнчө Ленинграддын архивдерин пайдаланды.

Атам архив казып көбүнчө Кокон шаарында жүрдү. Себеби кан ордо ошол шаарда болгондуктан, маалымат көп болчу. Андагы көтөрүлүштөр, ханды тактыдан оодаргандагы тарыхый инсандардын аттарын да ошол жерден тапкан. Албетте, романдагы Теңирбердиге окшогон каармандар ойдон чыгарылган образ. Ал эми Абил бий, Бекназар баатыр, Нүзүп аталык өңдүү каармандар кадимки тарыхый инсандар. Бекназар менен Ибраим бир тууган болгон. Ибраимден Касымбек төрөлсө, Бекназардан бала калган эмес. Касымбектен Төлөгөн, Төлөгөндөн биз. Романдагы адамды карышкыр жеп кеткени, өз бүркүтү өзүнүн көзүн оюп алганы — бул биздин Аксы аймагында айтылып жүргөн окуялар. Ал эми жанагы хан көтөрүп ак кийизге салуудагы сурап алары жок кул, кедейлерди курмандыкка чалган окуя турмушта бар нерсе. Тоолуктарда ошондой жөрөлгө болорун угуп туруп, анан Шералыны хан көтөргөндө ошол салтты пайдаланып, романга психологиялык кырдаал түзгөн…

Атам «Сынган кылычты» баш-аягы 11 жыл жазды. 6 жылдай биринчи китебин, 1970-жылдары оңдодум, толуктадым демиш болуп экинчи китепти чыгарды. Биринчи китеп чыккандан кийин эле катуу сындарга кабылып, «туура эмес, кыргыздарды өтө эле мактап койгон, бул — натурализм, кишилерди кантип эле ошентип мууздап таштасын?» деген сөздөр жааган. Себеби идеология ошондой эле. Советтик идеология кыргыздын андай бай тарыхынын, тагдыр чечүүчу журт башыларынын болушун каалабайт эле. Жазуучулар союзунан атайын буйрук берилип, атам менен мамилеси начар кишилер өйдө-ылдыйдан тепкилей башташты…

1970-80-жылдар аралыгы. Атамды бир гана нерсе кыйнап койду. «Сынган кылычты» чыгарбай койгондо атам Жазуучулар союзунун жетекчилиги менен кер-мур айтышып, «кимиңер ушундай китеп жаза аласыңар? Жаза алсаңар жазып, менин китебимди чыгарбасаңар өзүңөр чыгаргыла» деп ортодон кеп өтүшүп кетип, атама катуу куугунтук башталган. Анан жумуштан бошотуп салышты. Ишсиз калат, китептерин чыгарбайт. Ошол маалда бизди ээрчитип алып жайында айылга кетип калчу да, көпкө жүрчү. Бул убакта партиялык взнос төлөнбөй калат. Ошондо «бул партиядан алыстап кетти, аны-муну деп каралап партиянын катарынан чыгарып салууга аракет кылышкан. Ал кезде Жаңыл Түмөнбаева райкомдун партиялык катчысы болчу. Жогору жактагылардын чыгар деп айтканына көнбөй, көшөрүп отуруп атамды партияда алып калган ошол киши. Эгер партиядан чыкса эле «Сынган кылычтагы» саясий катачылык, тигиндей-мындай…» деп отуруп атамды каматып жиберүүлөрү мүмкүн болчу. Кийинки кадам ошондой болчу да. Алгач жумуштан бошотчу, анан партиядан чыгарчу да, кийин каматып жиберчү. Атам ошондо бир катуу чочуган, кыйналганын ошондо көрдүм. Бир тыйын акчасы жок, адегенде достордон, андан-мындан акча сурап жашап жүрдүк. Кийинчерээк «Төлөгөн бүттү эми» деп эч ким акча дагы бербей калган…

Чынында «Сынган кылычтын» тагдырын мезгил гана чечип берди. Атам чыдамкайлык менен гана ушул мезгилди күтүп, арак ичип кетпей, чөгүп, чүнчүп кетпей ошол күнгө жетти. Кыргыз калкынан, кыргыз тарыхынан татыктуу баасын алды. Ошого ичтен тымызын кубанам, сыймыктанам.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button