alternatetext Багымдат: 04:33 | alternatetextКүн чыгуу: 06:14 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:51 | alternatetextШам: 19:51 | alternatetextКуптан: 21:36
Макалалар

Тагдыр деген эмне?

Тагдыр — адам акылы жетпеген Жараткандын сыры.

Кечекте кимдин эмне болорун Алла Таала Өзү гана чечет. Бирок, пенде эрк, ыктыяр укугунан ажыратылган эмес. Анын эрк, укукту пайдаланышынын өзү тагдыр.

Тагдырдан түшүнүгү тайкылар тагдырга шилтеп коюп чийинден чыкса, айрымдар «тагдырым ушундай экен»,- деп тагдырга таарынып, ыйманын сатканга чейин барышат. Мындай түшүнүк такыр туура эмес.

Бир киши төөсүн бош коюп, мечитке кирип:

-Төөнү Аллага тапшырдым, тагдырдагы болот да,-дегенде, Пайгамбар (алейхис салам):

-Төөңдү байлап туруп, анан Аллага тапшыр. Алла Таала сенин төөңдү кайтаргыдай койчу эмес,- деп айткан

ТАГДЫРДЫН КАНЧА ТҮРҮ БАР?

аль-Лавх аль-Махфузда 4 түрлүү тагдыр жазылган. Биринчи түрү – баарына негиз болуп ал өзгөрүлбөйт. Калгандары өзгөрулөт:1. Биринчи түрү – тагдыр азалий (эзелтеден эле жазылган тагдыр). Аллах айтат:

“Жердеги жана өзүңөрдөгү ар бир апаат-кырсык, Биз аны болтурганыбызга чейин эле (аль-Лавх аль-Махфуз деген) китепте жазылып калган. Бул Аллах үчүн жеңил” (аль-Хадид, 22)

Пайгамбар Мухаммад ﷺ айткан:

“Аллах Таала асман-жер жарала электен 50 миң жыл мурун эле маклукаттардын тагдырын белгилеп койгон. Ошондо Анын Тактысы (Арш) суунун үстүндө эле” (Муслим, 6919).

Маклуктар жаралаардан абал Аллах алардын тагдырын жазган. Бул тууралуу сөз макалабыздын биринчи бөлүгүндө кеңири баяндалган.2. Экинчи турү болуп жеке адамдын өмурүнүн тагдыры эсептелет. Хадистерде келгендей:

“Чындыгында, силердин ар бириңер (оболу) энесинин жатынында кырк күн бою бир тамы (урук) түрүндө, анан дагы ошончо күн уюган кан түрүндө, анан дагы ошончо күн бир тиштем эт түрүндө калыптанат, андан кийин (120 күн өткөн соң) Аллах ага периштени жиберип, ал ага рухту үйлөп (жан салып), төрт нерсени: (1) анын ырыскысын, (2) өлүмүн, (3) амалын жана (4) бактылуу же бактысыз болушун жазууга буйрук алат” (аль-Бухари, 3036).

Периште бул маалыматты аль-Лавх аль-Махфуздан адамдын китебине көчүрөт.3. Үчүнчү түрү – бир жылдык тагдыр. Рамазандын акыркы он күндүгүндө, Кадыр Түнүндө периште адамдын бир жылдык тагдырын аль-Лавх аль-Махфуздан анын китебине көчүрөт.

Аллах айтат:

«Ал түндө (кадыр кечесинде) ар бир өкүм кылынган иштер белгиленет. Биздин буйругубуз болгон себептүү» (ад-Духан, 4-5)

Ибн Аббас (радиаллаху анху) бул аттын тафсиринде айткан:

«Кадыр Түнү аль-Лавх аль-Махфуздан келээрки жылда боло турган ырыскы, өлүм, өмүр, жаан-чачын тууралуу маалымат көчүрүлөт. Керек болсо ажылардын ажыга баруусу жазылат. Ошондо айталыт: Баланча ажыга барат, түкүнчө ажыга барат – деп» (ад-Дар аль-Мансур, 9/112)

4. Төртунчу түрү – күнүмдүк тагдыр, бул эчактан бери белгиленген мөөнөттөргө тагдырды алып келүү. Аллах Таала айтат:

«Асмандардагы жана жердегилердин баарысы Андан (жардам, ырыскы) тилешет. Ал күн сайын иш үстүндө» (Ар-Рахман, 29).

Аллахтын Элчиси (салляллаху алейхи уа саллям) бул эмне иш экенин баяндап:

“Күнөөлөрдү кечирүү, кайгы-кападан бошотуу, бирөөлөрдү ызаттап жана башкаларын кордоо” экенин айткан.

Куранды баяндаган аалымдардын (муфассир) пикири бул аят боюча төмөндөгугө барып такалат:

“Аллах ар күнү жан салат жана жан алат, жаратат жана ырыскы берет, бирөөлөрдү ызаттап жана башкаларын кордойт, оорулууларды айыктырат жана байкуштарга жардам берет, кайгы-кападан бошотот, дубага жооп берет, сурагандын кажатын аткарат, күнөөлөрдү кечирет. Макулуктарга тешелүү болгон Аллахтын иштерин санап бүтүү мүмкүн эмес” (аль-Багави «Ма‘аридж аль-кабул», 1/346).

ТАГДЫРДЫ КАНТИП ӨЗГӨРТСӨ БОЛОТ?

Көптөгөн аят-хадистерде ырыскынын көбөйүшү тууралуу баяндар келген. Ырыскы себеп менен келет. Ырыскынын материалдык себептеринен бөлөк руханий себептери бар. Бүгүн ал себептердин эң маанилүүсүн гана карап кетсек, анткени бул тууралуу толук мааалымат мусулман аалымдарынын китептеринде көп келет (өзгөчө шейха Мажди Мухаммад аш-Шахавинин “Ырыскынын ачкычы” китеби, кыргыз тилиндеги котормосу бар). Көңүл бургула! Бул макалада ырыскынын руханий себептери гана жазылган.

1) Биринчи жана эң маанилүү себеп – дуба. Дуба – Аллахтан жардам тилеп кайрылуу, жана да Аллахка болгон муктаждыкты жарыялоо.

Аллах айтат:

«Менин пенделерим Мен тууралуу сурашса, Мен жакынмын, чакыруучунун дубасына жооп берем…» (аль-Бакара, 186)

Пайгамбар (салляллаху алейхи уа саллям) айтты:

“Аллахтын алдында дубадан татыктуураак эч нерсе жок” (Ибн Хиббан)

Аллах бизди Өзүнө ибадат кылуусу үчүн жаратты. Ошол максаттарыбызга жетүү үчүн себептерди койду. Себепсиз натыйжа болбойт, ким бул нерсени түшүнбөсө Динди түшүнбөптүр. Куран-сүннөттөн буга далилдер жетишерлик көп.

Бирок дуба – пайда алып келүү жана зыяндан коргонуу себептеринин ичинен эң биринчиси, эң маанилүүсү, эң күчтүүсү, эң улугу.

Аллахтын Элчиси (салляллаху алейхи уа саллям) айтат:

«Силерге түшкөндөн да, түшө элегинен да дуба куткарат. Эй, аллахтын кулдары! Дубага бекем болгула!» (Сахих аль-Жамиъ, 3409)

«Балээ түшкөндө аны дуба тосот жана алар Кыямат Күнүнө чейин күрөшүп турушат» (аль-Мустадрак, 1813).

Хадистин риваятында толуктоо келет

«…алар Кыямат Күнүнө чейин асман менен жердин ортосунда тирешип турушат, күчтүүсү жеңип кетет»

«Тагдырды дуба гана кайтарат, өмүрдү таквалык гана узартат. Чындыгында адам күнөөлөрү себептүү ырыскысынан кур калат» (аль-Мустадрак, 1814)

Айтылып өткөн материалдан тушүнөбүз: Аллах пендесинин тагдырына бир оор сыноо жазган болсо, кийин ал балээден сакта деп дуба кылса, дубасын Аллах кабыл этсе – Аллах ал кырсыкты болтуртпай коет. Бардык болумуш тагдыр эзелтеден аль-Лавх аль-Махфузда жазылган. Бул түшүнүктүү эле. Адамдардын эң акылдуусу – тагдырды тагдыр менен кайтарганы, бир тагдырда экинчи тагдыр менен тосо билгени.

Башкача жашоо мүмкүн эмес. Себеби Пайгамбардан (салляллаху алейхи уа саллям) дарылар, дем-салуулар Аллахтын жазган тагдырына жолтоо боло алабы деп сурашканда ал жооп берген:

“Алар (дары жана дем-салуу) өзүлөрү Аллахтын тагдырынан” (ат-Табарани, 3020)

Тагдарланып коюлган себептерди колдонуп тагдырга жазылган пайдага жетебиз, тагдырга жазылган зыяндан сактана алабыз. Дуба – себептердин бири.

2) Туугандык мамилелерди сактоо. Аллахтын Элчиси (салляллаху алейхи уа саллям) айтты:

«Ким өзүнүн ырыскысынын көбөйүшүнө жана өмүрүнүн узарышына сүйүнгүсү келсе – туугандык мамилени чыңдасын» (Аль-Бухари).

Дагы айткан:

“Чындыгында Аллахка итаат кылуулардын ичинен эң тез сооп берилүүчү нерсе – тууганчылыкты чыңдоо. Эгер үй-бүлө күнөө жасаган адамдар болсо дагы, туугандык мамилени бекемдегендери үчүн байлыгы жана саны өсө берет”.

3) Истигфар, садака, ажылык жана умра, таква, намаз ж.б.
Чыныгы, туура тагдыр түшүнүгү – адамдын тандоо эркиндиги ишке ашырыла турган жай, жашоонун түзүлүшүн жана максатын тушүндүрүп бере ала турган окуу.

Бардык аят-хадистерде пенденин иш-аракеттерине тагдыр жолтоо боло албастыгы, пенделер тагдыр менен актана албастыгы айтылат. Тескерисинче Ислам жакшы иштерге умтулуп жана аларды аткарууга бардык күч жумшоону талап кылат.

Тагдыр маселесин туура түшүнө албастык — инсанды пассивдүү кылып коет

Пайгамбарыбыз (салляллаху алейхи уа саллям) сахабаларга бардык нерсе тагдырда чечилгендигин баяндаганда, эл арасынан бирөө туруп:

«Тагдырга жазылганды баары бир көрөбүз да, амалды таштап койсок эмне болот?», — деп сураганда ага жооп берет: «Жок, аракет кылгыла, ар бир кишиге ал эмне үчүн жаралган болсо, ошол нерсе жеңилдетилет!»

Андан кийин төмөнкү аяттарды окуйт:

«Албетте, силердин аракетиңер ар башкача. Алсак, кимде-ким берешендик кылса жана такыбаа болсо, жана да Бейишти чын деп билсе (тастыктаса), Биз анын (Бейишке) жолун жеңил кылабыз. А кимде-ким сараңданса жана текеберденсе, Бейишти жалган десе, анда Биз анын жолун кыйынчылыкка (тозокко) бурабыз» (ал-Лейль, 5-10)

Аллах Таала жарала турган нерселердин баарын тагдырга жазып, алар пайда боло турганга тиешелүү себептерди даярдап койду. Аллах аль-Хаким (Даанышман) сапаты менен адамдарга бул дүйнөдө жашоосу үчүн жана Акыретке умтулуш үчүн себептерди ыйгарды. Ар бир жаралган жанга ал эмне үчүн жаралган болсо, ошол нерсени эки дүйнөдө тең жеңилдетип берди. Ошентип, Ал даярдайт жана жеңилдетет.

Бул дүйнөнүн пайдасына, байлыгына, жеңишине жетиш үчүн пенде бардык күчүн жумшап аракет кылат, “Аллах тагдырга жазганын көрөбүз” деп отуруп албайт. Ошондой эле Түбөлүк жашоо болгон Бейишке да умтулуш керек, жалкоолугун тагдырга шылтабай, керек болсо андан да күчтүү умтулуу менен.

Тагдыр суроосун аябай жакшы аңдап, түшүнүп алган сахаба тагдыр тууралуу суроолорун берип бүткөн соң «Азыр эми мен эч качан аракет кылбагандай (көп) аракет кыла баштайм!» деп айтат.

Адамдардын тагдыры аалам жарала электен 50 миң жыл мурун аль-Лавх аль-Махфузда жазылган болчу. Адам баласы төрөлөөрдө анын жашоосунун тагдыры 4 нерсе менен белгиленет: ажалы, ырыскысы, амалы жана бактысы. Андан тышкары Кадыр түнү тагдыр чечилет, андан тышкары Аллах ар күнү тагдырды ишке ашырып, иш үстүндө.

Маңдайга жазылган тагдыр, адамдын амалы себептүү, жеңил же оор жагына өзгөрүшү мүмкүн. Бирок, ал өзгөрүүлөр Аллахка эчак маалым болуп аль-Лавх аль-Махфузда жазылган.

Тагдырды өзгөртүүчү жана ырыскыны көбөйтүүчү эң күчтүү себептерден дабу, таквалык жана туугандык мамилени кармоо.

Чыныгы, туура тагдыр түшүнүгү – адамдын тандоо эркиндиги ишке ашырыла турган жай, жашоонун түзүлүшүн жана максатын тушүндүрүп бере ала турган окуу. Хадисте келет:

“Күчтүү момун алсыз момунга караганда Аллахка жагымдуураак. Ошентсе да экөөндө тең жакшылык бар. Пайдага умтул, Аллахтан жардам сура жана алаканыңды түшүрбө, сыноо келе турган болсо “Ка-ап, минтип койгондо жакшы болот эле” деп айпа. Айткын “Бул Аллахтын тагдыры, Ал каалаган нерсесин аткарды” (кодаруллахи ва маа шаа’а фаъаль). Себеби “болот эле” деп айтыш шайтанга эшик ачып берет” (Муслим, Ахмад, Ибн Маджа)

Пайгамбардан (салляллаху алейхи уа саллям) дарылар, дем-салуулар Аллахтын жазган тагдырына жолтоо боло алабы деп сурашканда ал жооп берген: “Алар (дары жана дем-салуу) өзүлөрү Аллахтын тагдырынан” . б.а. бир гана жакшылык-жамандык тагдырга жазылбастан, аларга алып келчү себептер да тагдырга жазылган.

Чыныгы, туура тагдыр түшүнүгү – адамдын тандоо эркиндиги ишке ашырыла турган жай, жашоонун түзүлүшүн жана максатын тушүндүрүп бере ала турган окуу, дүйнө-акыретте кенен ырыскыга жеткире турган себеп: “Адамдардын арасынан «О, Раббибиз! Бул дүйнөдө бизге жакшылык бер» дегендер бар, алар үчүн Акыретте үлүш жок. Жана да адамдардын арасынан «О, Раббибиз! Бул дүйнөдө да бизге жакшылык бер, Акыретте да жакшылык бер жана Тозок азабынган сакта» дегендер бар, дал ошол адамдарга жасаган (жакшы) иштеринен насип бар. Аллах өтө тез эсептешет! ” (аль-Бакара, 200-202)

Сөзүбүздүн аягында Аллахка мактоолор. Ал бизге тагдыр маселесин түшүнүүнү жеңилдетти. Ката кеткен болсо ал биздин пендечилик жана шайтандын амалы деп билиңиз.

Дуа:

«Аллахумма ахсин ъаакыбати-наа фи-ль-умуури кулли-ха. Ва ажир-наа мин хизйи-д-дунья ва ъазааби-ль-аахиро».

(Аллахым! Бардык иштерибиздин акыбетин жакшы кыл, бул дүйнө уятынан жана Акырет азабынан мени сакта!)

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button