1) Кайнене келинин урганга шариатта укугу барбы?
Жооп: Келинди урууга эч кимдин укугу жок. Кайненеси да, кайнатасы да, кайынсиңдилери да урууга акысы жок. Шариатта бул урууну арам деп тааныйбыз. Мына ошол жөн жерден сабалган келиндин дубасы кабыл болуп, урган адамдарга каргышы дароо тиет. Келин тил албаса эле урган туура эмес. Кээ бир адамдар келиндерди жалдап алган кызматчысындай, же сатып алган кулак кести кулундай көрүшөт. Ал да адам баласы. Ким келинине күн көрсөтпөсө, анын кызына да барган жеринде ошондой мамиле болот. Кудай мына ушундай адепсиз, адамгерчиликсиз пенделерден сактасын.
2) Эжемдин турмуш курганына 1 жыл болуп калды. Боюнда бар. Бирок жездем башка бир кыз менен жүрөт экен. Эжем ажырашам дейт. Кеңеш берип коюңуз, устаз? Ош, Айзада
Жооп: Жаман эркек жер коруйт, жаман аял эр коруйт болбосун! Чапкан сууда так калбайт. Ажырашканды ойлобосун! Ажырашууну кээ бир адамдар байпак алмаштыргандай эле көрөт. Кыз боозуса энесин коркутат дегендей эле кеп болуп калыптыр. Ажырашам дегендин ордуна, акылы болсо, күйөөсүнүн көңүлүн өзүнө бурууга аракет кылганы ийги. Кээ бир аялдар кыз кезинде өздөрүн жакшы карайт да, күйөөгө тийгенден кийин өздөрүн таштап коёт. Ошондуктан да элибизде “Кыз кезинде баары жакшы, жаман аял кайдан чыгат?” деген кеп айтылып келет.
3) Жоолук оронгон аял “сулуулук салонун” ачса болобу?
Жооп: Болот. Эмне үчүн болбосун? Шариат тыюу салган нерселерди аткаруудан качып, уруксат берген нерселер менен иштегенге болот.
4) Аялынан кабар да албайт, келбейт дагы. Өзү көп жылдан бери Москвада иштейт. Аял эмне кылуусу керек?
Жооп: Жашабай турган болсо, жообун алып маңдайына жазганын көрсүн. Эр менен эркектин уругу ошого токтоп калбаса керек…
5) Боюмдагы баланын майып төрөлүп калуу коркунучу бар. Ушундай учурда баланы алдырса болобу?
Жооп: Жообун жалпыга жарыялабай турган суроо экен. Гезиттен телефонумду алып чалсаңыз, жооп берейин.
6) Бала киринткен сууну эл баскан көчөгө төксө эмне болот?
Жооп: Көп чачса баткак болот. Азыраак чачса жайдын күнү жер чаңыбай сергек болот. Кыштын күнү чачса тайгак болуп, тайталаңдап араң баскан абышка тайып жыгылса буту сынып аксак болот. Самын кошулуп жуулган болсо, көчөнүн баарын сасытып, каргыш алып келгенге себеп болот. Андан башка эч нерсе болбойт. Болгону ушул нерселер эле болот.
7) Аял төрөгөндөн кийин баардык күнөөсү жуулат деген чынбы?
Жооп: Бул суроого бир аз кененирээк жооп берүүгө туура келет:
Имам Табарааний “аль Авсатта” риваят кылган хадисте мындай айтылат: “(Оо аялдар!) Өз күйөөсүнөн боюнда болуп, күйөөсү андан ыраазы болсо, ал аял Алла Таала жолунда түнү менен намаз окуп, күнү менен орозо кармаган адамдын сообундай соопко ээ болгонуна ыраазы болбойсуңарбы?
Ошол аял (төрөт учурунда) бир толгоо тартканда асмандагылар менен жердегилер биле албай турган, көз кубанта турган соопко ээ болот!
Ошол аял төрөгөң соң, ар бир тамчы сүтүнө, (перзентинин) ар бир соргонуна сооп жазылып турат!
Эгер ошол аял түнү менен перзентин карап уктабай таң атырса, Кудай жолунда жетимиш кулду азаттыкка чыгаргандай соопко ээ болот!
Силер билесиңерби, мындай соопторго кандай аялдар татыктуу болушат? Алар күйөөлөрүнө баш ийип, такыбалыкты карманган саалиха, күйөөлөрүн “мени эч жыргатпадың!” деп жакшылыктарын билбей койбогон пакиза аялдар!”.
Имам Ибнул Жаузий бул хадисти “Мавдууьаат” китебинде риваят кылып, Абу Хаатем Ибну Хиббандан бул хадистин мавдууь (жасалган, жалган) хадис экендигин айткан сөзүн келтирген.
Башка бир хадисте төрөттөн өлгөн аялдын сообу шейиттердей болору тастыкталган. Имам Ахмад, Абу Дауд, Насааий жана Ибну Маажа риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз алайхис салам: “Кудай жолунда курман болгондордон башка да жети түрдүү шахиддер (шейиттер) болот” деп айтып келип, жетинчисинде “курсагындагы баласы чоңоюп калган учурда өлгөн аял да шейит” деп белгилеген.
Кээ бир аалымдар “хасан” даражасын ыйгарган, Ьабд бин Хумейддин муснадында, Ибну Аби Дуняанын “Китаабул ьияаал” деген китебинде, Ибнул Жаузийдин “Ахкаамун нисаа” китебинде риваят кылынып, Ибну Умардан азирети Пайгамбарыбызга “марфууь” болгон хадисте Пайгамбарыбыз алайхис салам мындай дейт: “Аялзаты боюна көтөрүп, төрөп, эмчектен чыгарганга чейин Кудай жолунда шейит болуп, өз канына жуурулушкан адамдын сообундай соопко ээ болот! Эгер ушул аралыкта акыретке сапар тарта турган болсо (өлсө), ал аялга шейиттин сообу берилет!”.
Бул хадистин маанисинен, төрөгөн, баласын эмизген жана баккан аялга берилген соопту, төрөттөн каза болгон аялга берилген соопту, бул түрдөгү аялдардын кичине күнөөлөрүнүн кечирилүүсүнө себеп боло турганын түшүнө алабыз.
Жыйынтык сөз: Төрөгөн аялдын кичине күнөөлөрү төрөттөгү кыйынчылыгы менен кечирилет, ал эми чоң күнөөлөрүнө атайын тообо кылуу шарт.
8) 8 айлык кызым эмгенде көкүрөгүмдү тиштеп, жара кылып салды. Жара болгондуктан өзү дагы эмбейт. Эми биротоло эмизбей койсом күнөө эмеспи?
Жооп: Балага теңелип бала болчу беле? Эмиз.
9) Бир кыз менен “экөөбүз келечекте бир болобуз” деп сөз беришкен элек. Бирок убакыттын өтүшү менен экөөбүз эки башка жолго түштүк. Динден кабары бар бир досум “эгер сөз беришкен болсоңор, үйлөнүү силерге важип болуп калды” деген. Важип деген эмне жана биз сөзсүз үйлөнүшүбүз керекпи?
Жооп: Жок, андай деле эмес. Экөөңөрдүн ортоңордо ошондо олчойгон шайтан олтурган окшойт ко. Ваажып милдеттүү деген мааниде колдонулат.
10) Кытай тили тозоку тил деген туурабы?
Жооп: Андай маалыматты билбейт экенмин. Тилдин баарын Кудай Таалам жараткан. Тилде айып жок.
11) Кайыр сураган мусулман эмес кемпирлерге акча бергенибиз туурабы?
Жооп: Ниетиңе жараша сооп бериле берет.
12) Зобум бар эле. Жоолукту артыма салынсам болобу? Намаз окуганда алдыма салынам.
Жооп: Аялзатынын мойну чоочун эркектерге көрүнбөш керек. Кененирээк кылып салынып көр.
13) Аракты дарылыкка колдонсо болобу?
Жооп: Башка дары калбай калганда, намаз окуган мусулман дарыгер айтса бир жөн. Намаз окубаган доктур айтса болбойт. Анткени анын арам-адал менен иши жок. Дароо эле ошону айта берүүсү мүмкүн.
14) Сиздин жообуңуз менин тагдырымды чечет, устаз! Мен учурда абдан чоң күнөөлөрдү жасап жатам, аны токтотуу такыр мүмкүн болбой жатат. Ата-энемди уят кылып коёмбу деп корком. Апамды ушунчалык жакшы көрөм. Өлүп калгым келет, бирок апамды кыялбаймын. Өлдүгө чыгып жер кезип, алыстарга кетип калсамбы?! Кеңешиңизге муктажмын устаз!
Жооп: Садагасы, өлбөй коё турчу, өлдүгө да чыкпай коё тур! Сен мени менен байланыш. Гезиттен телефонумду ал….
15) Апам, эжем, карындашым бар. Апам оорукчан, эжем 30га чыкса да турмушка чыкпай жүрөт. Карындашым 16да, анык көпкөн маалы. Атам көп эле жерге окутту, бирок атам каза болгондон кийин үй-бүлөнү багыш керек болуп, азыр Москвага келдим. Акыркы күндөрү көп көчөгө чыгып, ичип, чегип калдым. Орозодо таштайын деген ниетим бар. Намазымды да баштап жатам. Эжем апам менен карындашыма катуу айтып жатыптыр. 30га чыкканча күйөөгө тийбей, орой болуп калды. Эжемден көңүлүм калды. Эми карындашымдан да көңүлүм калып баратат. Кеңешиңизди бериңиз? (Суроону устаз толугу менен окуду. Бул жакка кыскартылып берилди) Москва, Эсентур.
Жооп: Садагасы, бир тууганым! Сенин сурооңду окуп олтуруп менин көз алдыма далай тарых келди. Сен сыяктуу асыл жигиттер элибизде бар экенин эстеп көңүлүм ордуна түштү. Кудай Таалам сени апаңа, эжеңе жана карындашыңа валий (кожоюн, кароочу, жоопкер) кылып койду. Үйдөгү жападан-жалгыз эркектана катарында сенин милдетиң зор. Балким, Кудай Таалам ушул үч алсыз аялзатты жакшы карап, аларды бактылуу кыла алсаң, сага жалпы кыргыз элинин тагдырын тапшыраар! Балким сен асмандан күтсөк жерден чыккан, күндүзү күтсөк түндөсү чолпон жылдыздай жаркыраган, бактыбызга жаралган улуттук лидер, эл баккан азамат, дин баккан такыба, сөз баккан куйма кулак болуп жүрбө! Андыктан, бир боорум, иним, кандашым, диндешим эч мүңкүрөбө! Сага капаланганга болбойт! Чөккөнгө да болбойт. Бук болгон учурда намазда Кудай Таалама мунаажат кылсаң, ошол жерден Аллахтын өзүнө арманыңды айтсаң жеңилдеп каласың. Эптеп эжеңди эрге берүүгө, тентек карындашыңды тарбиялап, адепке көндүрүүгө аракеттен. Жакшы иште, намазды калтырба! Жакшыларга жанаш, жамандардан адаш. Келечекке үмүт арт, үмүтсүз шайтан. Шайтанга алдырба, жем болбо! Бишкекке келгениңде жолук, чай ичкенче баарлашабыз! Өткөн кеткенди эстеп, досторчо чогуу олтурабыз! Атам өттү деп капаланба. Мени атаңдай кеңеш берчү, агаңдай сырдашчу, досуңдай баарлашчу адам катары көр! Ошент, Эсентур! Жолугушканга чейин эсен тур!
16) Жолдошум урушканда “кет” деп көп айтат. Уга берип көнүмүш адатка айланып калыптыр. Никебиз бузулбайбы?
Жооп: Ниетинде талак берүү жок болсо нике бузулбайт. Эгер ажырашуу ниети болсо бир талак “боин” түшкөн болот. Жаңыдан нике кыйдырууга милдеттүү.
17) Мен мүнөзүмдү кантип оңдосом болот? Аябай кополмун, апама да катуу сүйлөп алам.
Жооп: Дуба кыл! Дааватка чык. Абдишукур ажынын маселелерин көп уксаң, ордуңа келесиң.
18) Атамдан аяш баласы 15 жыл мурда 30 000 сом алган экен. Карызын бул дүйнөдө да, акыретте да кечпесем өзүм күнөөкөр болуп каламбы деп жатат?
Жооп: Күнөөкөр деле болбойсуң. Бирок, колуңдан келсе кечип жиберсең жакшы болот.
19) Бир досум 10 жыл мурун бөйрөгүн алдырган. Үйлөнөрдө кызга ошол нерсени айтуу шартпы? Айтса кыздар тийбей коёт экен. Өзү күчтүү, тың жигит.
Жооп: Айтканы туура болот. Акылы бар кыз деле айлантып карап көрөт да. Кызга бергис жубан бар, атка бергис кунан бар дегендей, кош бөйрөктүүгө бергис жалгыз бөйрөктүү бар дегенди билген эстүү кыз кош көңүл болбос.
20) Адам тирүүсүндө “мен өлсөм колдонгула” деп органдарын муктаж адамдарга мурас катары, же бир пайдалуу болсун деп таштаса болобу? (Мисалы: өпкө, боор, жүрөк)
Жооп: Болот. Бирок сатканы туура эмес. Арам болот.
21) Кайсыл кесипти тандоого кеңеш берет элеңиз? Медреседе окусам кийинки турмушумда кыйналып калбаймынбы?
Жооп: Медреседе окугандар турмушунда кыйналбайт. Турмушунда жыргайт садагасы. Анткени шариаттын жолун билип, эл баскан бокту да, чокту да басышпайт. Кесип тандоо боюнча кабыргаӊ менен кеӊешкениӊ жакшыраак.
22) Үйдөгү чыр-чатактан улам кыздын ата-энеси келип күйөө баласын мажбурлап 3 талак жаздырып кетиптир. Келиндин 1 кызы жана боюнда бар. Талак түштүбү?
Жооп: Ошол кагазды көргөнүмдө жана күйөө бала менен оозмо-оз сүйлөшкөнүмдө толугураак жооп берген болоор элем. Аттиӊ ай….
23) Шариатта тушоо кесүү барбы?
Жооп: Жок. Бирок, ниетин түзөп, балам жашоосунда жаӊылбасын деген аруу тилек, асыл максат менен тушоо кестирсе, шариатка каршы эмес.
24) Мен Москвада түрк фирмада иштейм. Малдын эти, койдун эти кошулган тамактарды берет. Бирок биз каякта союлганын, кантип союлганын билбейбиз. Жесек эч нерсе болбойбу?
Жооп: Түрктөр мусулман элдерден болгондуктан, шектенбей жей берсеӊер болот ко деп ойлойм.
http://saresep.kg/