22.1 C
Bishkek
18.06.2025
МакалаларРубрикасызТарбия

Жума күнүнүн адептери

Жума күнү гусул кылуу (жуунуп тазалануу) керек, анткени пайгамбарыбыз (ﷺ); “Эгерде кимиңер жумага келчү болсоңор, гусул кылгыла”,- деп айткан. (Имам Бухарий жана Имам Муслим риваяты)
Уламалар жума күнкү гусулдун ваажиб же мустахаб экендигине түрдүүчө пикирлерди билдирип бирок, көпчүлүгү анын мустахаб экендигин айтышкан.
“Кахф” сүрөсүн окуу да мустахаб, пайгамбарыбыз (ﷺ); “Ким жума күнү “Кахф” сүрөсүн окуса, ал эки жума ортосунда ага нурдан да жарык болот”,- деп айткан. (Имам Хааким риваяты)
Хутба окулган учурдагы ваажиб болчу амалдар:
Сүйлөбөстөн унчукпай туруу.
Хутбада айтылган насааттарды баамдоого кызыгуу жана ал насааттардан пайдаланып, аларга амал кылууга ниет кылуу.
Сүйүктүү пайгамбарыбыз (ﷺ); “Жума күнү имам хутба окуп жаткан учурда өз шеригиңе “жым олтур”,- деп койсоң, анда ошол күнкү соопторуңду текке кетирген болосун”,- деп айтты. (Имам Бухарий жана Имам Муслим риваяты)

January 08, 2016 at 07:00AM

Related posts

Here What’s In Battle field Animal Need Edition Neardummy text

admin

Animal Nation Are Strugling To Save Their Wildlife

admin

Бүгүн, 7-январь күнү өлкө аймагындагы бардык мечиттерде боордош казак элибиздин стабилдүүлүгү, тынчтыгы жана ынтымагы үчүн дуба кылынды

Leave a Comment