alternatetext Багымдат: 04:16 | alternatetextКүн чыгуу: 06:02 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:57 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
МакалаларРубрикасыз

Эх, жаштык бир кайрылып келсең гана?!

Жаштык мастык,каарылык корлук -деп айтсалар ишенбечүүмүн. Чындыгында баарын башың менен тартканда билет экенсиң.
Эх, жаштык кандай гана бактылуулук күндөр, каалаганың кылып,каалаганыңа чуркап,каалаганыңча муктаждыктарыңды чечип, өз күчүң,эч кимге көз каранды болбой, жалындаган от сыяктуу, кулагыңа сөз кирбей,көзүңө от да,тоо да көрүнбөй, иштей кетсе иш түтпөгөн,чаба кетсе күч жетпеген жалындуу күндөрүм ай!
Эми минтип каарыганда жаштыкта кылбаган,жасабаган, түз жолдо баспаган күндөрүмдү ойлоп атиң деймин! Кааласам да өз каалаганыма жете албаймын,кычыраган колдорум,буттарым күчү кетип, курч кооздуктарга маани бербеген көздөрүм тунарып,жаңырган, уккулуктуу сөздөрдү укпаган кулагым сөздүн учун укса акыркысын укпай,»жаштыкта окуганың ташка,каарыганда үйрөнгөнүң кумга жазылат «дегендей, кайран гана иштетпешен акыл,ойлорум,эми бир кулагымдан кирип экинчисинен чыгып кетет,айтылган сөздөр сиңбей, эмне жөнүндө сөз болуп жатат түшүнбөй да калат экенсиң, кекейип көөдөндү көтөрүп түп -түз болгон келбетим, эми ийрейген дарака окшоп, түз белим көтөрө албай калдым,таяк карманган каарыларды көрсөм, иий ушуга эмне бар экен темтеңдеп үйүндө олтурса болбойт бекен -деп мурдум чүйрчүүмүн.
     Башыма келип өзүм да каалабасам да ошо көрүмсүз таякаты карманып,жолумду таап басып калдым. Мурункудай бара турган жерге баргың,көргүң  келет экен бирок алсызсың бирөөнүн жардамына муктажсың. Кайраң гана апакай болгон,сөөктү да талкап,кычыратып алмаларды жеген тиштерим,ал тиштер жок оозум шүмшүйүп жеген тамагың майдаланбай,даамында жакшы сезбей калат экенсиң,каарылар колдору менен дасторкондо жумшак нанды изделеп кармаласа жаман көрчүмүн, алдындагысын жей берсе болбойбу -деп көрсө ушундай кыйын экен каарыганда жумшак оокатты самап калат экенсиң.
Жараткандын жолунда баспаган буттарым,башкаларга жардам колун сунбаган колдорум,жакшы жолду көрбөгөн көздөрүм,жакшы сөздү укпаган кулактарым,беш убак намазга жыгылбаган, башымды саждеге койбогон күндөрүм,атиң  ай?! Эми миң кааласам да намазымды,орозомду,зекетимди,куранымды,толук окуй албай,бере турганымды бере албаймын?! Аллах кечир! Эх жаштык  кайра кайтып келсең гана?!
Жаштыгыңды туура пайдалан, сен да бир күн каалабасаң да каарыйсың, анда баары кеч болуп калат!
Каары ата -энебизди кадырлайлы, бир күн биз да ошолордой болобуз…
Ав: Насиба Абдуллаева..
‍‍‍»Бактылуулук Формуласы »

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button