alternatetext Багымдат: 04:02 | alternatetextКүн чыгуу: 05:52 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 22:00
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев Өзбекстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Нуруддин ажы Халыкназаровдун ыраазычылык баракчасы менен сыйланды

Бүгүн, 22-ноябрь күнү Ташкент шаарындагы эки өлкөнүн дин кызматкерлеринин жолугушуусу  учурунда Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев Өзбекстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Нуруддин ажы Халыкназаровдун ыраазычылык баракчасы менен сыйланды.

Сыйлык, эки бир тууган элдин ынтымагын бекемдөөгө кошкон салымы, Дин Башкармалыктар ортосундагы алаканы чыңдоодогу аракети жана диний жааттагы ак эмгеги үчүн тапшырылды.

Сыйлыкты тапшыруу саамалыгына Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев, КИУнун ректору Абдишүкүр ажы Нарматов жана Дин Башкармалыктардын кызматкерлери катышты.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button