Отунчу отун жыйнап, жыйнаган отундарын чоң үймөк кылып үйүп койгон болчу. Отунун үйүнө ташып кетээрден мурда, бир аз эс алып алайын деп отурат. Ошол кезде алыстан жаш жигиттин карааны көрүнүп калат. Ал жигит чуркап, чарчап, чаңкап отунчунун жанына келет да: «Мени артымдан эки душман кууп келе жатышат, эгер алар мага жетип алышса мени өлтүрүп коюшат, мени отундун үймөгүнө жашырып коюңуз» — деп суранат. Отунчу: «Макул! Мына бул чоң үймөктүн ичине кирип жашынып ал! » – деп, жаш жигитти жашырып коёт да, отун чаап, отун жыйнамыш болуп ишин улантат. Бир аздан кийин отунчу, шашып чуркап келе жаткан эки кишини көрөт. Ал экөөсү отунчунун жанына келип: «Биз жаш жигитти издеп жүрөбүз, эгер сиз көргөн болсоңуз кайсыл тарапка кеткендигин айтып коёсузбу» — деп анын боюнун узундугун, өңү-түсүн жана башка белгилерин айтып сүрөттөп берет. Отунчу ошол замат: «Ооба, силер айткан жигитти көрдүм, ал бир аз мурда силерден качып менин жаныма келди, мен аны бул үймөктүн ичине жашырып койдум. Жакшылап издеп көрсөңөр табасыңар» — дейт. Үймөктүн ичине жашынган жигит, отунчунун сөздөрүн угуп турган болот. Эми мени таап алышат экен деп корккондугунан жүрөгү түшүп, ажалы көзүнө көрүнө калат. Кууп келген кишилердин бири экинчисине: «Бул ою жаман отунчу, бизди отундун ичин издетип алек кылып, жигитти качып кетсин деп жатат, анын сөзүнө ишенбе, ойлоп көрсөң, өзү отундун үймөгүнө жашырып, кайра өзү кайда экендигин айтмак беле? Бул акылга сыйбаган сөз. Андан көрө жүр, артынан кууп жетели» – деп, чуркап кетип калышат. Ал экөөсү алыстап, көзгө көрүнбөй калган кезде, бир тарабынан тигилерден кутулгандыгына сүйүнсө, экинчи тараптан толкунданган, таң калган жигит үймөктөн ачуулуу чыгып, отунчуну жемелегенсип мындай дейт: «Бул эмне кылганыңыз? Өзүңүз жашырып, кайра өзүңүз менин кайда экендигимди айтып койгондугуңуз эмнеси? Жүрөгүңүз таш сыяктуу катуубу? Сизде мээрим деген жокпу? «.
Отунчу:
Отунчу:
«Ээ, балам! Эгер аларга калп айтсам, алар сени издеп таап алмак да өлтүрүп коюшмак. Түбөлүк эсиңде тут! Эгер калп айтып өлүмдөн аман калуу мүмкүн болсо, анда чындыкты, акыйкатты айтып аман калуу алдаканча жогору» – деп, насаатын айтып жигитти жолго салат.
Абдишүкүр ажы Нарматов.