Биздин сайтыбызда иштөөнү жакшыртуу үчүн cookies колдонобуз. Биздин эрежелерге макулсузбу?
Макулмун
Formula.KGFormula.KG
Окулуп жатат: Өзүңдүн сырыңды сактай билген даанышмандык, бирок, менин сырымды бирөөлөр сактап берет деген — келесоолук
Бөлүшүү
Эскертмелер Көбүрөөк көрсөт
Акыркылар
Сасык тумоо курч, респиратордук ооруларды айыктыруунун жолу
Рубрикасыз
Нан уурдаган өспүрүм
Аңгемелер Таасирдүү окуялар
Кыргызстандык кары дүйнөлүк Куран жарышта 2-орунду багындырды
Жаңылыктар
Тогуз күн (202 саат) 7 кабаттуу үйдүн астында калган үй-бүлөнүн окуясы (ВИДЕО)
Видео Медиа Таасирдүү окуялар
Молдо Кылыч: «Зилзала» 1911-жыл.
Ырлар
Аа
Formula.KGFormula.KG
Аа
Авторизация Кирүү
Катталыңыз
  • Advertise
© 2022 FormulaMediaGroup. All Rights Reserved.
Formula.KG > Blog > Рубрикасыз > Өзүңдүн сырыңды сактай билген даанышмандык, бирок, менин сырымды бирөөлөр сактап берет деген — келесоолук
Рубрикасыз

Өзүңдүн сырыңды сактай билген даанышмандык, бирок, менин сырымды бирөөлөр сактап берет деген — келесоолук

Avatar
Жаңыланды: 2020/04/20 at 10:51 ТЧ
Бөлүшүү

Жашоонун эң кичине жыргалы — бул байлык, мал — дүйнө, эң чоң жыргалы — бул даанышмандык.

(Готхольд Лессинг)

Сулуу болгонго үйрөнүү мүмкүн болбогон сыяктуу, даанышмандыкка деле үйрөнүү мүмкүн эмес.

(Генри Уилер Шоу)

Жалгыз Кудай гана чексиз даанышман, ал эми адам баласы болсо даанышман болууга умтула гана алат.

(Пифагор)

Ой жоруй келгенде философтордун баары даанышман, жашоо-турмушта болсо баары келесоо.

(Бенджамин Франклин)

Биз бир келесоо көптөгөн келесоолорду, ал эми бир даанышман аз эле даанышманды жараткан дүйнөдө жашап жатабыз.

(Георг Кристоф Лихтенберг)

Эгер шок балдарды уруп-сабап, тыя берсеңер, эч качан даанышмандар жаралбайт.

(Жан Жак Руссо)

Бир адам бүтүндөй бир улуттан акылдуу болгонго милдеттүү эмес.

(Оноре де Бальзак)

Даанышман киши боорукер да болот.

(Сократ)

Даанышмандык-бул абийирге таянган акыл.

(Фазиль Искандер)

Келесоолор башкалар менен, даанышман болсо өзү менен талаш жүргүзөт.

(Оскар Уайльд)

Даанышман дайыма оозун жабык кармайт, себеби, ал тил шамды да күйгүзүп ийээрин  билет.

(Чжуан-цзы)

Баатыр — кан майданда, даанышман ачуусу келгенде, дос – жокчулук башка түшкөндө сыналат.

(Араб макалы)

Даанышман адам баардык нерсени өзүнөн, ал эми акмак киши башкалардан талап кылат.

(Кытай макалы)

Көптү эмес, керектүү нерсени билген киши даанышман.

(Эсхил)

Бир кадам алга кадам таштаарда артка чегине алаар-албасыңды ойлон. Ошондо мүйүзү дубалга кыпчылып калган сүзөнөөк кочкорго окшобойсуң. Кайсыл бир ишти баштаарда аны бүтүрө алар-албасыңды ойлон. Ошондо жолборсту минип алып, ат чапкандай чапкысы келген кишиге окшобойсуң.

(Хун Цзычэн)

Даанышмандай  ойлонуп, келесоочо иш кылган адам баласына мүнөздүү сапат.

(Анатоль Франс)

Өзүңдүн сырыңды сактай билген даанышмандык, бирок, менин сырымды бирөөлөр сактап берет деген — келесоолук.

(Сэмюэль Джонсон)

Башына кыйынчылык түшкөндө даанышман өзүн, келесоо болсо досун күнөөлөйт.

(Чыгыш макалы)
Дарыялар менен деңиздер жүздөгөн тоо сууларын өздөрүнө кошуп алганынын себеби, алар төмөн жакта жайгашкан. Төмөндүгүнүн шарапаты менен алар баардык тоо сууларына бийлик жүргүзүшөт. Анын сыңарындай, башкалардан өйдө болгусу келген даанышан да өзүн алардан төмөн коюшу керек. Элдин алдында болгусу келсе, алардын артына турат. Ошондуктан, ал элдин үстүндө болсо да эл анын оордугун, салмагын сезбейт. Даанышман өзүнүн орду элдин алдында болсо да артта туруп калганына арданбайт.

(Лао Цзы)

Даанышмандык аябай эле мол. Анткени, аны аз эле киши пайдаланат эмеспи.

(Станислав Ежи Лец)

Даанышман — бул байкатпай акыл топтогон киши.

(Г.Е. Малкин)

Тозокко түшүп калсаң да алдыга умтулганыңды токтотпо.

(Уинстон Черчилль)

Даярдаган Мамат Сабыров

АЧКЫЧ СӨЗДӨР: Акылмандар айткан сөз
10.11.2014
Макаланы бөлүшүңүз
Facebook Twitter Whatsapp Whatsapp VKontakte Telegram Шилтемени көчүрүү Басып чыгаруу
Мурдагы макала Эненин көз жашы…
Кийинки макала Бүт нерсе Жаратканды даңктаган, тастыктаган керемет музей
Пикир калтырыңыз Пикир калтырыңыз

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

Катталыңыз

© 2022 FormulaMediaGroup

Окуу тизмесинен өчүрүү

Баш тартуу
Ассаламу алайкум!

Авторизация

Сырсөздү унттуңузбу?