alternatetext Багымдат: 03:57 | alternatetextКүн чыгуу: 05:48 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:03 | alternatetextШам: 20:11 | alternatetextКуптан: 22:05
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Муфтият кыз-келиндер аралык «Куран жазы» аттуу Республикалык Куран жарышын жарыялайт

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жана  «Куран Ордо» диний уюму алгачкы жолу кыз-келиндер аралык «Куран жазы» аттуу Республикалык Куран жарышын жарыялайт.

Жарыш Курандын 15 жана 30 параларынан жатка окуу боюнча болуп өтөт. 22-декабрь аймактарда тандоо туру уюштурулуп, жеңүүчүлөр финалга жолдомо алышат.

Финал 26-декабрь жекшемби күнү «Имам Сарахсий» атындагы мечитте саат 09:00дө башталат.

Байгелер: 3 умра сапарына жолдомо, кызыктыруучу белектер жана акчалай сыйлыктар.

Кирүү акысыз, айымдар үчүн гана эшик ачылат.

Байланыш үчүн: 0770644438, 0777879501,0505286818

Дареги: Бишкек шаары, Жибек-Жолу көчөсү №264.

Жарышка салымын кошууну каалагандарга мүмкүнчүлүк берилет.

«Акыйкатта, Куран тууралыкка алып барат жана жакшылык кылган момундарга зор сыйлык боло тургандыгын сүйүнчүлөйт». (Исра 9).

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button