alternatetext Багымдат: 04:16 | alternatetextКүн чыгуу: 06:02 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:57 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
Макалалар

“Мени кечиргиле!” Устаз Абдишүкүр ажы Нарматовдун кыргыз журтчулугуна кайрылуусу

Мени кечиргиле!

Пайгамбарыбыз (Ага Алланын саламы жана тынчтыгы болсун) мындай деп айткан: «Дүйшөнбү жана бейшемби күндөрү асман эшиктери ачылат, Аллах Таала Ага эч нерсени шерик кылбаган мусулмандарды кечирет. Бирок бири-бири менен араздашкан эки мусулманды кечирбейт. «Алар бири-бири менен жарашканга чейин жон койгула» — деп айтат. Арапа күнү да мына ушундай, талашып-тартышкан (таарынышкан) адамдардан башка адамдардын бардык амалдары Алла Таалага көтөрүлөт».

Мусулман бир туугандарым! Ага-ини, эже-карындаштарым, жакындарым, жоро-жолдошторум, кошуналарым, бир абадан дем алып, бир асмандын астында жашаган, бирдей күн кечирип, бирдей таң агарткан мусулман бир туугандарым!
Арапа күнүнө саналуу гана сааттар калды, мен сиздерди кечирдим деп айтууга эч кандай себеп жок. Анткени, сиздерден эч жамандык корбодум, жалан гана сый-урмат кордум. Ал эми мен сиздерден кечирим суроого тийишмин. Сиздерден ыйык кундордо кечирим сураймын.
О, Алла! Чындыгында Сен баарын Угуучу жана бардык нерселерди Билүүчүсүң!

Бири-бирин кечирүү — жүрөктөрдү тазартууга, таарынычтарды унутууга, бир туугандык жылуу сезимдери жаңылоого, кечиришүүгө болгон чакырык. Бири-бирин кечирүү кандай жакшы сапат.

Ар бир айткан сөзүм үчүн кечирим сурайм.
Ар бир көз карашым үчүн кечирим сурайм.
Ар бир жамандыгым үчүн кечирим сурайм.
Ар бир аткара албай калган убадам үчүн кечирим сурайм.
Сактай албай айтып салган сырлар үчүн кечирим сурайм.
Ар бир ойлогон жаман ой-күмөндөр үчүн кечирим сурайм.
Көңүл оорута турган сөздөрүм үчүн кечирим сурайм!
Мен силерди Алла үчүн жакшы көрөм!
Эгерде кечиримди кабыл алган болсоң, анда бул катты жүрөгүңө жакын адамдарга жөнөтүп кечирим сура!

О, Жараткан Алла! Бизге Өз ыраазычылыгыңды, мээримиңди, кечиримиңди жана бейишиңди насип кыл! Амин.
Абдишүкүр ажы Нарматов.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button