alternatetext Багымдат: 04:02 | alternatetextКүн чыгуу: 05:52 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 22:00
МакалаларПайдалуу кеңештер

БЕКЕРЧИЛИК

БЕКЕРЧИЛИК

✍🏻Бекерчилер тынчыңды алган ушакчы инсандар болушат, анткени, алардын кулактары ар тарапка таралган.

«Ал адамдар калуучулар менен болууга ыраазы болушту. Натыйжада, жүрөктөрүнө мөөр урулуп коюлду. Эми алар өздөрүнө эмне пайда, эмне зыян экенин түшүнө алышпайт». (Тобо сүрөөсү: 87-аят)

Акылдын эң коркунучтуу болуп турган убагы инсан жумушунан бошогондон соңку убак, ошондо ал ылдый бараткан айдоочусу жок машина сыяктуу, өз алдынча оңго-солго кайрыла берет.

Турмушуңда бекер калган убак болсо, анда кайгы-капа коркунучтарды күтө берсең болот. Анткени, бекерчилик мурдагы, азыркы, келечектеги көйгөйлөрдү алып келет да, турмушуңда башаламандык пайда боло баштайт, алгач өзүмө, анан сага кеңеш айтаарым бош убактыңа караганда пайда бере турган жумушту жаса, анткени, бекерчилик жашыруун өлүм сыяктуу, дарыларды ичип өзүн-өзү өлтүрүү сыяктуу.

Бекерчилик акырындык менен кыйнаган азап сыяктуу, бир инсанды түрмөгө камап, анын башына бир чанач суу куюп, ал суу ар бир мүнөттө бирден жанагы кишинин башына тамчылайт, натыйжада, ар бир тамчынын тамчылаарын күтүп, ошонун азабынан тиги адам жинди болуп калат, ошондуктан, бекерчилик ушул сыяктуу азап.

Ырахат алып жата берүү караңгылык, бекерчилик дасыккан ууру, ошондуктан, акылың ушундай нерселер менен күрөшө турган акыл болуусу керек.

Анда эмне кылуубуз керек? Ордуңдан тур да намаз оку, китеп оку, тасбих айт, изден, жаз, ишканаңды иретте, үйүңдү оңдо, башкага пайдаңды тийгиз, кыскасы бекерчиликтен кач, пайдалуу иш кыл, менин сага айтаар кеңешим ушул.

Бекерчиликти жумуш бычагы менен кесип сал, анткени, дүйнөдөгү эң чоң илимдүү докторлор да бактылуулуктун 50%ы пайдалуу нерсе менен алек болуу деп эсептешет. Мисалы: дыйкандарды, наабайчыларды, усталарды карасаң, алар сайраган куштай болуп ырахатта, бактылуулукта жүрүшөт, ал эми сен көз жашыңды аарчып, төшөктө жатасың, анткени, сени бекерчилик чагып алган.

Капаланба китебинен.

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ T.me/formulakg
✿ Youtube.com/FormulaMediaKG
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button