alternatetext Багымдат: 04:28 | alternatetextКүн чыгуу: 06:11 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:52 | alternatetextШам: 19:53 | alternatetextКуптан: 21:38
МакалаларРубрикасыз

Тилиң сенин тозогуң !

Биздин тилибиз жүрөктөн кийиники эң маанилүү орган болуп эсептелет.  Тилибизде берген Аллахка чексиз шүгүрлөр болсун!
Тилибиз менен сүйлөйбүз, бакырабыз, айта турганыбызды айтабыз , кээде өзүбүзгө тиешелүү эмес сөздөрдү сүйлөйбүз.
Эгер билсеңиз тил адамзатты жакшы да кылат, заматта жер менен жексен кылат.  Ачууланган кезде тилиңди кармабасаң “айтылган сөз атылган ок “болуп эмнелерди гана айтып салабыз.
Ибну Хажардын сөзүндө:

“Тилиң бул сенин арстаның эгерде аны коё берсең ал сени тиштеп алат, а эгерде аны кармап турсаң ал сени коргойт!”

Ошон үчун биз тилибизди да тарбиялап туруубуз керек экен.  Билесизби дагы эмнеге себепчи?
Эң чоң күнөөлөрдун бири ушакчылыка себепчи.   Ушакты тил айтат,  тилдин айынан тозокко түшөсүң. . .
Алланын элчиси айтты:
– Баарынын жогорку чеги бул Ислам,
Исламдын түркүгү бул намаз, а үстүңкү бөлүгү болсо жихад!
Анан Ал:
– Буга жетүүнүн жолун айтып берейинби? -деди.
Ал өз тилин кармап: “Муну тый!” деди.
Мен:
– Оо Алланын элчиси! Биздин айткан сөздөрүбүз бизге карышып болмок беле?-  дедим.
Алланын Элчиси:
– Энең айрылып калсынчы (Муаз!) Тозокко адамдар жүзү менен же мурду менен ташталабы? Тилинен тапкандан (күнөөлүү сөздөрүнүн кесепетинен) түшүрүлөт ” деди.  (Тирмизиден) . .
Тилдин сөөгү жок аны кайда бурсаң кете берет.   Тилдин кесепетинен чоң күнөөлөргө батабыз.
Күндөрдүн биринде Умар бин Хаттаб (р. а. ) Абу Бакрдын (р. а) жанына кирип калды ошондо Абу Бакр (р. а) тилин кармап сыртка тартып жатканын көрүп Умар (р. а. ) ага:
“Токтот, эмне кылып жатасың? Аллах күнөөңдү кечирсин”-деп сураганда.
Абу Бакр (р. а. ) тилин көрсөтүп: “Бул мага бир сөздөрдү айттырды “деп айткан экен.
Сахабалар (Аллах ыраазы болсун) аларга өтө такыба инсандар болушкан.   Кээ бирлери тидерин чайнап сен мени күнөөкөр кылдың деп эскертип тарбиялап турчу экен.
«Жүрөк түз болмойун ыйман түз болбойт, Тил түз болмойүн жүрөк түз болбойт» деп бекеринен айтылган эмес.
Сен тилиң менен эмнелерди гана кылбайсың!
Кээ бирөөнү ширин тилиң менен курсан кыласың!
Кээ бирөөнү ачуу тилиң менен жок кыласың!
Кээ бирөөнү мактап сый урматка татыктуу кыласың!
Кээ бирөөнү көрө албастыктан намысына тийип, жок жерден шерменде кыласың!
Умар (р. а) мындай деп айтты:
“Силер Аллахты зикир кылгыла себеби ал шыпаа боло, инсандарды зикир кылуудан(сүйлөөдөн)  узак болгула   себеби ал уу болот “. . .
Тилдин зыяндарын айтып өтсөм:

  1. Ушак айтуу.
  2. Чагымчылдык кылуу.
  3. Жалган сүйлөө.
  4. Ширк келтирүү.
  5. Капырдын сөзүн сүйлөө.
  6. Бекерчи сөздөрдү сүйлөө.
  7. Сөгүнүп тилденүү.
  8. Уятсыз сөздөрдү айтуу.
  9. Кемсинтүү.
  10. Талашып тартышуу.
  11. Чырдашуу.
  12. Акылдуусунуп жасакерленип сүйлөө.
  13. Адепсиз сөздү сүйлөө.
  14. Каргоо.
  15. Адепзиз ырларды ырдоо.
  16. Мазактоо.
  17. Сырлады ачып жана таратуу.
  18. Жалган касам ичүү.
  19. Татыксыз себепсиз мактоо.
  20. Ашыкча керксиз суроолорду берүү.
  21. Ойлонбой сүйлөө.
  22. Өзүнө тиешеси жок иштер жөнүндө сүйлөө.

Эх, кичинекей тилибиздин айынан ушунча зыянга учурасак . Аллах өзү сактасын!
Тилибиздин айынан чоң күнөөгө батып жатабыз.   Эки аял бириксе эле анын аялы тигиндей , кыз мындай деп сүйлөп кетебиз, эркектерда кем калышпайт башы бириксе Эшмат байып жатат жөндөн жөн байыбайт бир нерсеси барда, Ташматтын уулу андай деп сасыган саясатка кошулуп алып чымынды пилге айлантып жөн олтурбайттар.  Бул көрүнүштөр биз учун эч нерседей туйулат Бирок биздин канча күндүк сооп амалдарыбызды жуулуп жатканын билсек гана.  Ошон үчүн чыныгы мусулманмын десеңиз өзүңүзгө тишеси жок сөзгө аралашпай тилибизди тыйып, тарбиялап жашайлы.
Эгерде сиз дудук адамды көрсөңуз күлбөй, кайра суктаныңыз.   Антени, дудук адам өмүрү өткөнчө бир да сүйлөбөй, таптаза күнөөсүз инсан болот.   Аллахым алар үчүн акыретинде чоң сыйлыктарын даярдап койгон.   Ал Аллахтын сүйүктүү пендеси болот.

Тилди сактоо тууралуу аяттар, хадистер:

Алла Таала айтат: ««Бири-бири­ңерди кыйбат кылбагыла.  Силер­дин бирөөңөр өз бир тууганынын этин жегенди жакшы көрөбү? Ал­бетте, силер аны жактырбайсыңар».  (Хужрат, 12-аят).  
Алла Таала айтат: «Билбеген нер­сени айтпагын.  Чындыгында, кулак, көз жана жүрөк, ушулардын баары жооп берет».  (Исра, 36-аят).  
Алла Таала айтат: «Оңдон жана солдон эки жазуучу жазып турат.  Эмне сөз сүйлөсө да анын алдында көзөмөлдөп даяр турат».  (Коф.  18- аят).  
Ал эми Абу Хурайра (Алла андан ыраазы болсун) риваят кылган ха­дисте, Алланын элчиси (ага Алланын салам-салаваты болсун): «Адамдар­дын арасында эки беттүүлөрдү кө­рөсүңөр.  Бул дүйнөдө кимдин эки тили болсо, Алла Таала Кыяматта ал адамга оттон болгон эки тилди бе­рет» – деп айткан.  (Абу Дауд).  
Абу Хурайра (Алла андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, пай­гамбарыбыз (Ага Алланын салам-са­лаваты болсун): «Ким Аллага жана Кыямат күнүнө ишенсе, жакшы сөз сүйлөсүн же унчукпасын» – деп айт­кан.  (Бухари, Муслим).  
Абу Муса (Алла андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, ал пайгамбарыбыздан (ага Алланын са­лам-салаваты болсун):
– Исламдагы эң жакшы сыпат кайсы? – деп сураганда, пайгамба­рыбыз (ага Алланын салам-салаваты болсун): “Мусулмандарга колу жана тили менен зыян бербөө” – деп жооп берди.  (Муслим).  
Сахл бин Саьд (Алла андан ыраа­зы болсун) риваят кылган хадисте, пайгамбарыбыз (ага Алланын салам- салаваты болсун): «Эки жаагы жана эки бутунун ортосундагы мүчөлөрү менен күнөө кылбоого кепилдик берген адамга Бейишке кирүүсүнө кепилдик беремин» – деп айткан.  (Муслим).  
Абу Хурайра (Алла андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, пай­гамбарыбыз (Ага Алланын салам-са­лаваты болсун) мындай дейт: «Адам баласы эртең менен ойгонгон кезде анын денесинин баардык мүчөлөрү тилге кайрылышып минтип айтышат: «Биз үчүн Алладан корккун, анткени биз сага көз карандыбыз.  Эгер сен түз болсоң, биз да түз болобуз, сен кый­шайсаң, биз да кыйшаябыз».  (Тирми­зи).  

Ибн Масьуд (Алла андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, пай­гамбарыбыз (Ага Алланын салам- салаваты болсун): «Чындыгында, жалган айтуу жамандыкка жетелейт, ал эми жамандык тозокко алып ба­рат.  Адам баласы кайра-кайра жал­ган сүйлөй берсе, Алланын алдында жалганчы деп жазылып калат» – деп айткан.  (Бухари, Муслим).  

Абу Хурайра (Алла андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, пай­гамбарыбыз (ага Алланын салам-са­лаваты болсун): «Чындыгында, пен­де Алланын каарын келтире турган, (бирок) өзү ага маани бербеген бир сөздү айтып, ошол себептүү Алла аны чоңдугу батыш менен чыгыштай болгон тозокко ыргытат» – деген.  (Бу­хари, Муслим).  

Ибрахим Дасукий балдарына минтип насаат айткан экен:

«Балда­рым! Ушактоо үчүн бирөөнү изде­сеңер, алгач атаңарды же энеңерди ушактагыла.  Себеби, алар Кыяматта силердин жакшылыгыңарды алууга башкаларга карганда алдаканча та­тыктуу».

Умар бин Хаарис айтат:

«Алгач жакшылык кылышчу, айтышчу эмес.  Андан соң жакшылык кылып, анысын айта башташты.  Ал эми азыр жакшы­лык кылышпайт, бирок айтышат».

Сөзүмдүн аягында эмне демекчимин мусулман бир туугандар!
Биз мусулман пендеси болгон соң ыйманыбыз менен, амалыбыз, менен, тынч гана бөрөөнүн жашоосунан кийгилишпей, зыян кылбай, ал жөнүндө сүйлөбөй өзүбүздүн ишибиз менен болуп жашай берели!
Биз адамзат бул дүйнөгө келген конокпуз.  Бүгүн конок эртең жомокпуз.  Ошон үчүн бири бирибизди капа кылбай , жакшы гана сөздөрдөн сүйлөп, Аллахтын зикир кылып, Аллахтын сөзүн гана сүйлөп саналуу күндөрүбуздү жакшылыктар менен өткөрүлү!
Насиба Абдуллаева,
«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

//

The post Тилиң сенин тозогуң ! appeared first on FORMULA.KG.

September 12, 2015 at 11:32PM

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button