alternatetext Багымдат: 04:00 | alternatetextКүн чыгуу: 05:51 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:09 | alternatetextКуптан: 22:01
Макалалар
Эң мыкты

«Коомдо эркек эркектей болсо, катын да, кыз келини да сызган сызыктан чыкпайт!»

Ноокат районунун ардактуу атуулу Ташбү Каразакова учурда кызуу талкууга алынып жаткан устаз Садыбакас ажы Дооловдун сөзүн улай, эркектердин да жоопкерчилигин эске салды.

Эмне үчүн кыз келиндер жарым жылаңач жүрөт?

Эмне үчүн аял заты мигрант болуп жүрөт ?

Эмне үчүн аял заты төрөп, өлтүрүп же көчөгө таштап коюп жатат?

Эмне үчүн аял затын бала чакасы менен эри таштап кетип жатат?

Эмне үчүн аялзатына кордук ,зомбулук болуп жатат?

Эмне үчүн 13 жашар кызды бир киши+ 2 милиция зордуктап жүргөн?

Эмне үчүн жаш баланы мечитте ,дин кызматкери …..

Эмне үчүн эркектерге соц сеттерде тарбиялык мааниде посттор жазылбайт?

Эмне үчүн деген суроо өтө эле көп жаралат?

ЭМНЕ ҮЧҮН ???

Себеби КЭЭ БИР эркектер коомдо өз ордунда болбой калды!

Кээ бир эркектер аялды колдой ,коргой ,аяй, сөйөй ,бага албай калды!

Кээ бир эркектер өз жанынын озурун ойлоп, катындан катынга качып калды?

Кээ бир эркектер үй бүлө ,коом алдында жоопкерчиликти сезбей калды!

Кээ бир эркектер өз кызына аңги болуп калды?

* * * * * * * * * * * * * * *

Видеосун көрдүм Дооловдун.

— Мен аялзатынын намысына тийейин деп ушул сөздү айттым деп жатат.

Ою туура ,а бирок сөздү туура эмес сүйлөп алды.

Пенде адашуучубуз ,кээде сүйлөгөн сөзүбүз башка маанини түшүндүрөт.

Садыбакас ажы КЭЭ БИР АЯЛДАРДЫН десе туура болот беле деген ой келди мага.

Негизи айта турган ою туура!

Кээ бир ажылар( аалымдан башка) аял затына асылганды ,акаарат айтканды токтотуп ,

эркектерди тартипке чакырбайсынарбы дегим келет!

Эркек,ата , ага ини камчылуу ,заптилүү,ыймандуу ынсаптуу, өзү тартиптүү болсо,катыны ,кыз келини ыймандуу болот.

**********************

Жылан тууйт сүтү жок,

Бекайрат эрдин шүтү жок!

***********************

Коомдо эркек эркектей болсо, катын да, кыз келини да сызган сызыктан чыкпайт!

Бир сөз бар өстүрөт,

Бир сөз бар өлтүрөт!

______________________

Ташбү Каразакова, Ноокат району

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button