alternatetext Багымдат: 04:14 | alternatetextКүн чыгуу: 06:00 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:57 | alternatetextШам: 20:01 | alternatetextКуптан: 21:49
Макалалар

ЧЫНЫГЫ МАХАБАТ АК НИКЕДЕ

ЧЫНЫГЫ МАХАБАТ АК НИКЕДЕ


✍🏻 Эч ким менен мамиле жасабай убактым билим алуу менен гана өтчү.
Айылдан студент болуп жаңы гана шаарга келдим.Колумда акыркы моделдеги телефон,
модага жарашыктуу кийимдер, жогорку окуу жайга өткөнүм үчүн белекке алган буюмдарым менен шаарды айланып жүрдүк. Мен үчүн кичинекей эс алуу жер да кооз болуп көрүндү.Ал жерден жигиттер таанышууга чакырса,
унчукпастан тааныша бериптирмин. Жашоонун кызыгы дал ушул жерде экен го деген ойлор менен жанагы жигит менен мамиле кура баштадым.Уруша кетсек да биринчи кечирим сурап, эмне десе макул деп ишениптирмин.Бир күнү Жаратканды каалоосу менен диний сабакка катышып калдым.Айтылган сөздөрү жүрөгүмө жете тийип,
күнөөмдү сезип, бир четинен уялып да отурдум.Анын » Таза эркектер таза аялдар үчүн, жаман аялдар жаман эркектер үчүн » -деген сөздөрүн терең ойлонуп жыйынтык чыгардым да, баарын түшүндүрүп айттым.
-» Көрсө Исламда кыз-жигит деген түшүнүк жок экен, болгону бир максат гана бар ал да кыз — жигит бой жетип турмуш курууга ар тараптан даяр болгондо гана жолугуп, таанышып, макул болсо көп чозбой үйлөнүү керек. Бул тууралуу ал жигитке: «сиз да илим алышынызды каалайм» десем, өзүнүкүн туурага чыгарып баары эле жүрбөйбү унчукпай эле, эгер менин шарттары сага туура келбесе анда менда сени менен журбөйм деген тыянакка келди. Демек мени менен кол кармашып жүрбөгөнү эле болбосо менин керегим жок турбайбы? Эч кандай келечкте үй- бүлө кура турган максаты деле жок экен деп да капаланып кеттим. Өзүнүн кызыкчылыгы үчүн гана мени менен жүргөнүн түшүнүп экөөбүз эки жолго түштүк.Убакыт өтүп эч нерсени ойлонбой калдым, анткени жүрөгүмдү башка сүйүү менен суугарган элем.Ал сүйүүм албетте Ааламдардын эгеси болгон Жалгыз Аллах.
Өзүң кандай болсоң түгөйүң да ошондой болот деген сөздү көкүрөгүмө бекем кармадым. Адам никесиз канчалык көп мамиледе болсо ошончолук ыйманы алсырап, абийирсиз болуусуна ынандым.Чыныгы махабат ак никеде, ал эми чыныгы бактылуулук исламда гана болот тура.
Асманда эркин учкан канаттуларга бөөдө эле себилген үрөөн болбойлу!

🙌🏻Аллахым жаман достордон, жаман чөйрөдөн, шерменделиктен, бактысыздыктан, ыймансыз өмүрдөн Өзү сактап, туура жолунан адаштырбасын.Жашообузду Исламга байлап, жүрөгүбүздү ыйманга суугарып, көзүбүздү, өмүрүбүздү кубантып берекеге бөлөгөн жубайлардан насип кылсын!

👤Дина Асан кызы.

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button