alternatetext Багымдат: 04:00 | alternatetextКүн чыгуу: 05:51 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:02 | alternatetextШам: 20:09 | alternatetextКуптан: 22:01
Макалалар

Көр жарыкты аңдабайт

Көр жарыкты аңдабайт

✳ КӨР ЖАРЫКТЫ АҢДАБАЙТ

✍Ал-Басари минтип айтат:

📍»Көзү сокур күмөн санайт жарыктан.
Даам тата албайт тили дарттуу карыптар». Абу Тойиб ал-Мунтабинин да айтканы бар:

📍 «Оозунда ачуу даам болсо,
бал дагы ачуу сезилет».

Ооруканын күтүү залында менден бир кыйла улуу, убагында өлкөгө атагы чыккан иштерман, азыр эс алууда жүргөн адам менен отуруп калдым. Дин жолундагыларды көрсө, дароо динге жалаа жаап, дооматын артмай адаты бар. Анын оюнча, дин тутунган адамдын баары артист, башкаларды акылынан айнытуу үчүн оюна келгенди оттогондор. Мени менен сүйлөшкөндө да сөзүнө далил кылып, оюнан токуп алган Исраил урпактарынын окуяларын айтты. Анан да бир мечитке жума намазын окуганы барса, кутпа окуган имам:

«Тамеки тарткан адам каапыр, сакалын кыскарткан адам каапыр, багелегин сүйрөп баскан каапыр», — деген имиш. Ага сылык, жылуу-жумшак жооп кайтардым:

— Агай, сиз бул кутпаны Эр-Рияддын бир мечитинен уктум дейсиз, бизде мечиттердин эң кичинесине беш жүз, чоңуна он миң адам кирет. Арасында аалымдар, устаттар, докторлор, илим алып жүргөн студенттер да бар. Эгер алар мындай кутбаны укса, дароо эле мечиттен чыга жөнөшмөк да, кутба окуган «акмак» адамдын сазайын окутушмак. Минбарда туруп алып, майда күнөөлөрү үчүн каапырга чыгарган адамды эч ким укпайт да, көтөрө албайт да. Бул акылга сыйбай турган иш эмеспи? Ыйык шаар деп аталган, аян-кабар түшкөн, ааламга дин таркаган жерде кутпа окуган имам ушинтип айтмак беле?

Ушинтсем тиги киши үн катпай тынчып калды. Бул окуяны айтуудагы максатым:

Кимдин жүрөгүнө шек-күмөн араласа, динде душмандыгы кармаса, дароо динге же диндеги адамдарга карасантайлык кылып, ар түрдүү доомат-ушактарды айта баштайт. Бул — алардын негизги куралы. Мейли алар чыгыш менен батыштагы бардык далилдерин алып келсин, Алланын далилилин, Алланын тастыктоосунун алдында анысы түккө турбайт.

«Алардын жүрөгүндө илдет (эки жүздүүлүк) барбы? Же (пайгамбарга) шектеништиби же болбосо, Алла менен пайгамбары зулумдук кылат деп коркушабы? Жок. Алар өздөрү залим!» («Нур» сүрөөсү, 48-49-аяттар).

📚 «Бакыттын сырын ачтым» китебинен.

Автор: Аид ал Карни.

꧁ БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ ꧂

Катталуу үчүн:👇🏻👇🏻👇🏻

📲WhatsApp:
+996700334493

📲+996 771 822 202

══════════════════
☪ OK.ru/Formulasy
☪ Fb.com/Formulasy
☪ T.me/formulakg
☪ Youtube.com/FormulaMediaKG
☪ Instagram.com/Formulasy
☪ WWW.FORMULA.KG

https://www.instagram.com/p/CBwzKXjJL9x/?igshid=rahdsmbxju9m

Бул да кызыктуу

1 пикир

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button