alternatetext Багымдат: 04:20 | alternatetextКүн чыгуу: 06:05 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:57 | alternatetextКуптан: 21:44
Макалалар

🧕🏻Аялдар кадыр түндү кандай өткөзүшөт?

✍🏻Аллах Таалага чексиз шүгүрлөр болсун жана мактоолор болсун! Ар бир күнү бизди ойготуп, бизге ырыскы берип жаткан Аллахка мактоолор болсун! Улуу Рамазан айына бизди жеткирген Аллах Таалага чексиз мактоолор болсун! Рамазан! Кандай гана сонун ай! Кандай гана улуу ай! Мусулмандар үчүн эң чоң мүмкүнчүлүк болгон берекелүү ай! Бул күндөргө чейин биз Рамазанды кантип өткөрүү керектиги жөнүндө, орозо тууралуу кенен баян кылдык. Бул айда окулуучу намаздар жөнүндө да айтылды. Бүгүн биз мусулман аял ушул айды кандай өткөрүүсү жөнүндө, Кадыр түндү кантип өткөрүшү жөнүндө кеп кылабыз. Ооба, бул айдын үчтөн бир бөлүгү өтүп кетти. Бирок, дагы да мүмкүнчүлүк бар эмеспи?! Ин шаа Аллах, келерки Рамазанга да даярдык болот.😊

Мусулман аял бул айдын улуу ай экенин билүүсү зарыл. Жана жөн гана орозо тутуп, тамак-аштан, суусундуктан гана өзүн тыйбастан, жаман адаттардан да өзүн тыйып, жүрөгү, кулагы, оозу, буту- колу менен да орозо тутат. Жана биз бул айда өзгөчө бир ишеним менен орозо тутабыз. Себеби, төмөндөгү хадис баарыбыз белгилүү:

«Кимде-ким Рамазан айында Аллахка болгон ишеним жана үмүт менен орозо тутса, анын мурдагы күнөөлөрү кечирилет». (Бухари, Муслим)

Биз бул айда өзүбүздү Аллах Таала тыйган нерселерден сактап, жакшы амалдарды гана кылууга шашылуубуз кажет. Эгер бирөө биз менен урушууну кааласа же ушак айтып, бирөөнү жамандап баштаса анда биз жөн гана: «Мен орозомун!»- деп гана коёбуз. Ашыкча сөздүн кереги жок.😊
Билесиздерби, баарыбыздын жүрөгүбүзгө, акылыбызга бир нерсени сиңдиришибиз керек. Ал эмне, билесизби? Рамазан айынын ушунчалык бир башкалардан айырмаланым турарын, өзгөчө бир улуу ай экенин билишибиз керек. Рамазан айынын ар бир күнү, ар бир мүнөтү өтө баалуу жана маанилүү. Макул, эркектер мечиттерге барып жана башка амалдарды кылса, биз кеечке үйдө олтурсак, эмне кылабыз деген суроо болушу мүмкүн. Биз, аялдар, бул айда үйдү башкача жасалгалап, үй иштерин мыкты аткаруу менен Аллахтын ыраазычылыгына жетүүгө болот. Ар бир ишибиз Аллах үчүн! 😊 Жада калса, биздин үйдө олтуруп ибаадат кылышыбыз канчалык сооптуу.

Бирде Умм Хумайд (р.а) :

«Оо, Аллахтын Элчиси (с.а.у.), мен сиздин артыңызда туруп, сага уюп намаз окугум келет «,-деди. Ошондо Пайгамбарыбыз (с.а.у.): «Мага бир нерсе белгилүү. Чындыгында, үйүнүн бир бурчунда окуган намазың жабык бөлмөдө окуган намазыңдан, а жабык бөлмөдө окуган намаз — сыртта окуган намазыңдан жакшы. Өзүңдүн корооңдо окуган намазың — жаныңдагы мечиттн окуган намазыңдан артык». (Ахмад)

Аялга мечитке барып окуган намазына караганда, үйдө окуган намазы артыгыраак, сооптуураак. Биздин (мусулман аялдардын) Аллахка жакындап, ибадат кылуубузга үй иштерибиз да тоскоол боло албайт. Ар бир намазыбызды өз убагында окуп, ал тургай кошумча намаздарды окуу менен Аллахка жакындай беребиз. Күнүбүздү куран окуу менен (анткени, чыныгы мусулман аял билет, бул ай Куран түшүрүлгөн ай экенин), түнүбүздү кошумча намаз окуу менен өткөрөбүз.

Билесизби? Пайгамбарыбыз (с.а.у.) Рамазан айында өтө көп жакшы амалдарды кылган жана да болушунча убактысын ибаадат менен өткөрүүгө аракет кылган. Ар бир амалын чын ыкластуулук менен аткарган. Бар күчүн ибаадатка жумшаган. Айрыкча, ушул айдын акыркы он күнүндө. Бул тууралуу Айша энебиз (р.а) айтат:

«Аллахтын Элчиси (с.а.у.) Рамазандын акыркы он күнүндө башка убакыттарга караганда Аллахка көп-көп ибаадат кылчу!» (Муслим)

Жана да Айша энебиз (.р.а) айтат:

«Аллахтын Элчиси (с.а.у.) Рамазандын акыркы он күнүндө түнү менен ибаадат кылчу, үй-бүлө мүчөлөрүнүн баарын ойготчу (намаз окуу үчүн) жана белин бекеп түйүп (изар), өзүн ибаадатка арначу! «. (Бухари, Муслим)

Бул Пайгамбарыбыздын (с.а.у) Кадыр түндү издегени эле. Мусулмандарды да ушул нерсеге чакырганы эле. Пайгамбарыбыз (с.а.у) айтты:

«Рамазандын акыркы он күнүнөн Кадыр түндү издегиле! » (Бухари, Муслим)

Жана Пайгамбарыбыз (с.а.у) айтты:

«Кимде -ким Кадыр түндү Аллахка ибаадат кылуу менен өткөрсө, анын мурунку күнөөлөрү кечирилет! » (Бухари, Муслим)

Караңызчы, бул айдагы улуулукту! Ар дайым кылчу ибаадат, бул айдын себеби менен мурунку күнөөлөрдүн кечирилишине себепчи болуп жатат.

Кадыр түндү аялдар кандай өткөрөт?🤔

Биз да башкалар (эркектер)) сыяктуу бул түндү ибаадат менен өткөрөбүз. Көпчүлүк адамдарды: «Аялдар мечитке барып тоссо болобу? » деген суроо көп ойлондурат. Динибиз аялдардын мечитке баруусунан тоспойт. Бирок, аял үчүн үйдөгү намаз, ибаадат сооптуураак, жакшыраак экенин айтат. Ал тургай аялдын үйдө кылган ибаадаты 27 эсе сооптуу экени жөнүндө да хадисте айтылат.

Бир хадисте айтылат:

«Аялдардын эң жакшысы — өз үйлөрүн мечит кылып алгандары! » (Ахмад)

Буйруса, биз үйдө олтуруп, кайра эч ким жокто ибаадат кылганыбыз жакшы эмеспи! 🤗 Эч ким бизге тоскоолдук жаратпайт. Рия деген нерсе жок. Ыйлап-ыйлап дуба кылып, ибаадат кылганга сонун мүмкүнчүдүк эмеспи? Чогуу бир жерде болуп, «Ыйласам эмне дешет ? » дебестен…

Буга карай үзүрлүү аял эмне кылат деген суроо да бар. Үзүрлүү аялдар Куран, намаз окуй алышпайт. Бирок, мусулмандын куралы, калканы болгон дуба бар. Муну менен биргеликте Аллахты улуктап, Аллахтан кечирим тилеп, зикир кыла беришет.

Кадыр түндү кантип тосконго болбойт?

Көпчүлүк бул түндү уктабай өткөрүү деп гана түшүнүп алышат. Ошол себептен чогуу олтуруп дасторкон үстүндө же кино көрүп, оюн ойноп өткөрүп жиберишет. Бул туура эмес. Бул күнү периштелер жерге түшөт. Бардык дубалар кабыл боло турган түн. Бул түнү тагдырлар жазылат. Ошол үчүн бул түндү ушак, гыйбат жана дүйнө иштери менен өткөрүп жибербөө керек. Бул күн өтө өзгөчө, маанилүү күн! Биз үчүн! Чыныгы мусулман аялдар үчүн! Бул түндү биз Куран окуу менен, намаз менен, дуба менен өткөрүүбүз керек! Бул түндөгү окулган Кадыр сүрөөсү Куранды хатм кылгандан жакшыраак. Бул түндө окулган эки рекет башка убактагы, т.а. 80 жылдык намаздан жакшыраак!
Күнүбүздү, мүнөттөрдү бекерчилик менен, пайдасыз нерсе менен өткөрбөйлү. Ибаадаттарыбызда жалкоо эмес, жаман адат-иштерибизде жалкоо болойлу!
Бул берекелүү түндө төмөндөгү дубаны унутпайлы:

«Оо, Аллахым! Чыныдыгында, Сен- Кечиримдүүсүң! Кечиргенди жакшы көрөсүң! Мени да кечире көр! «

Аллахым ар бирибизге пайдалуу илим берсин! Ар бир күнүбүздү берекелүү кылсын! Жакшы иштердин аркасы менен Бейишке кирүүчүлөрдөн кылган болсун! Орозолорубузду кабыл кылып, Раййан эшигинен Бейишке киришибизди насип кылсын! Бейиштин сегиз эшигинен чакырылуучу бактылуу инсандарлан кылсын! Аамин🤗

👤Нуриза Кармышакова.
👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button