Макалалар

Ишенимиң бышык болбосо коркконуң мышык болот..

Ырым-жырымга ишенүү пайдалуубу, же зыяндуубу?

Ырым-жырымга ишенүү адамга психологиясына чоң зыян алып келет. Адам жашоосун тынч өткөрүүгө тийиш. Жашоодо тынчтык болбосо, анын кызыгы да болбойт. Ошондуктан Исламда түркөй ишенимдерге тыюу салынган. Буларга ишенүү кээ бир учурда адамдын ыйманына зыянын тийгизүүчү чоң күнөө болот. Эгерде алдынан чака көтөргөн аял өткөнүн көргөн адам, ушул аялдын өтүүсү себептүү Алла Таала мага жакшылык берет деп ишенсе, ал кичине ширк амалын кылган болот б.а. чоң күнөөгө батат. Ал эми мына ушул аял мага жакшылык берет деп, аялдын өтүүсүнөн жакшылык үмүт кылса, чоң ширк кылган болот б.а. динден чыгып калуу коркунучу пайда болот. Ошондуктан эч кандай ырым-жырымдарга ишенбей жашоо жакшы болот.

«Эки булуттун башы бириксе, эки кыргыз каапыр болот» деп «макал» чыгарып алышыптыр казак туугандар. Көрсө, булут көбөйсө эле бирибиз «жамгыр жаайт», бирибиз жаабайт деп талаша берет экенбиз. Айтса-айтпаса акыркы убакта баарыбыз эле «синоптик» болуп кеттик го чиркин. Ай чалкалап калыптыр жаанчыл болот, тиги жылдыз айга жакындап калыптыр эми кар жаайт, бүгүн күн кызарып батты, эртең ысык болот, асман бозоруп калыптыр быйыл кургакчылык болот, койчу буга окшогон маалыматтарды чекеден эле айта баштадык. Бирибиз быйыл «кыш болбойт» десек, бирибиз «быйыл кыш катуу болот» дейбиз. Же айтканыбыздын бири туура чыкпайт. Ал эмес аппараттары менен күнү-түнү аңдып, изилдеген синоптиктердин айтканы да төп келбей, аларга ишенип алгандар ысык күндө кечке чейин кол чатыр көтөрүп, жамгырда суу болуп шөмтүрөп атышпайбы.

Буларга го мейли деп кол шилтеп коёлу. А тиги ай-жылдыздарга сыйынгандарга эмне дейсиң? Жаңырган айды көргөндө, үч жолу жүгүнүп «жамандыгыңдан сактай көр, жакшылыгыңды бере көр» деп, учкан жылдызды көрө калса бир каалоосун айта салып, эми «желанием» орундалат деп сүйүнгөндөр да толуп кетиптир. Ал эми жанагы гороскоп дегеничи. Тим эле өздөрү жаратып койгонсуп: ооруйсуң, айыгасың, акчалуу болосуң, сүйүүдөн жолуң болбойт, деги койчу баарын саймедиреп айтышат. Аларга ишенген байкуштар бир ыйлап, бир күлүп жинди болушат го. Илгери бир көзү ачыкка бирөө келип: качан өлөм деп сураса, ал эки күндөн кийин дептир. Аны уккан бечара кишинин жүрөгү жарылып ошол замат эле өлүп калган экен. Анын сыңарындай бул ыпыр-сыпыр ишенимдин баарына ишене берген адам тынч уктай албайт калат го бул жашоодо.

Деги эле ушул ырым-жырымдын баарын кыргыздар кайдан чогултуп алганына акыл жетпейт. Ата-бабадан калган дейин десең, атасы коңуз атпагандын баласы доңуз атат болуп, ата-бабанын түшүнө кирбеген ырымдарды жасагандарды да көрөсүң. Эч нерсесин койбой ээрчиген орустардан жугузуп алганбыз го дейин десең, тээтиги Европа, Кытай, ал эмес океандын ар жагындагылардын жалган ишенимдеринин да жыты жыттанат.

Эми бирде күлкүңдү келтирсе, бирде жаныңды кашайткан бир нече ырымдарга көз жүгүртүп көрөлү.
Ачакей столбанын ортосунан өтсөң, мугалимден тил угасың деп коркушат экен окуучулар. Ич кийимиңди тескери кийип алсаң, экзаменден ийгиликтүү өтөсүң деп ишенишет экен студенттер. А кокустан күзгүңдү сындырып алсаң, анда эле иштин бүткөнү, эртең бир жамандыкка туш болот имишсиң. Соодагерлер аарынын уюгун илип алышат экен, аарыдай ызылдап «клиенттер» келет деп. Анан да биринчи түшкөн акчанын шору куруду дей бер, товарларын чапкылай берип белин үзүшөт байкуштун. Андай ырымчылардан акча сурасаң да күндүз сура, караңгыда сурасаң колуңа бербей, жерге ыргытып убара кылат экен.

А тиги малы көптөрдүн үйүнө кирсең, ар кайсы бурчуна эле бирден жиликти илип алышканын көрөсүң.

Ал эмнеси дейсиңби, көрсө, малды ит-куштан сактайт имиш ошол сөөктөр. Анан да ушул байкуш жаныбарларды да өз жайына жөн койбойбуз. Бүркүттүн тырмагын жулуп, карышкырдын чүкөсүн омкоруп тагынып…койчу деги эмне болуп кетээр экенбиз акыры?

Ал эмес аттын туягында жүрүп, канчалаган бок-тезекти басып жешилген таканы бир карасаң эле дарбазада турат жалтырап, жакшылык менен ырыскыны «чакырып». Деги эле ушул темир тезектен, жан-жаныбардан жамандык-жакшылыкты издегендердин акылы жайында экенине шегим бар. Алдынан ит өтүп кетсе сүйүнүп, мышык өтсө коркуп, башына чымчык чычып салса кубанып, түндө короз кыйкырса кайгырып…

Бул го мейли, тиги өзүнүн кулак-мурдунан корккондорго эмне дейсиң. Алаканы кычышса акча кармап, таманы кычышса көп басат имиш. Оң көзү тартса жакшы кабар, сол көзү тартса жаман кабар угат экен. Бетиң кызарса, сени мактап жатышат, кулагың кызыса болду-болбоду сени жамандай башташты. Ой тобоо…

Ошондой эле тамак-аш, чай-чамектен да бир нерсени билсе болот имиш. Чайыңда чама калкып жүрсө үйүңө киши келет. Айтмакчы, чама узун болсо узун, кыска болсо кыска адам келет экен. Камырың ыргып кетсе да конокту күтө бер. Анан дагы бир айтып койчу нерсе, бош чакаңды көтөрүп бирөөнүн алдынан өтө көрбө, таза балээге каласың. Бир санды ээлеп алып ошол сандан жакшылык үмүт кылган, же корккон элдер бар. Бул сыяктуу ишенимдерден биз деле куру кол эмес экенбиз. Уй жылы келсе, майлуу сүттүү болот деп сүйүнүп эле жатып калабыз. Кой жылы келсе, быйыл тынчтык болот дейбиз. Тоок жылында жумурткадан башканы таппай кукулуктап калбасак болду.
Канткенде бул жалган ишенимдерден кутула алабыз? Албетте, мунун бир гана жолу бар. Бул жол – ислам дининде. Исламдын бир мааниси тынчтык. Кандай тынчтык? Биринчи, адамдын өз напсисиндеги тынчтык. Жүрөктөгү ыпыр-сыпыр ишенимдин баарын чыгарган адам гана тынч уктап, бейпил жашайт. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын саламы болсун): «Исламда эч кандай ырымжырым жок» – деп айткан. Бул тууралу улуу ойчул Толстой аксакалдын да: «Исламдын башка диндерден негизги артыкчылыгы – ырым-жырымдардын жоктугунда» – деп айтканы бар.

 

Алайчы Сеитбеков

Ачкыч сөздөр
Улантуу ⇓

Тектеш темалар

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Close
Close