alternatetext Багымдат: 04:04 | alternatetextКүн чыгуу: 05:53 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 21:58
Пайдалуу кеңештер

Көргөн түшүңүз кандай мааниге келет? Түш жоруу (аян)

Адам түш көргөндө такыр башка дүйнөгө саякаттоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ар бирибиз түшүбүздө түшүнүксүз окуяларды, ар кайсы жактарда жүргөнүбүздү же өзүбүздү бирөөлөрдүн ролунда көрөбүз. Бүгүн дал ушул түш жоруу боюнча кеп салабыз.

Түш көрүү – жөн гана биологиялык процесс

Адистер түштү акыл-эс түпкүрү (подсознание) менен байланышы үзүлүп, акыл-эс (сознание) башкы ролду ойноп жатканы менен түшүндүрүшөт. Түш көрүү бул жөн гана биологиялык процесс. Бирок, көпчүлүк учурда түш өӊдөгү окуялар менен дал келүүсү миӊдеген жылдар бою адамзатты таӊ калтырып келет. Баары бир кандайдыр бир деӊгээлде түшкө ишенишет. Кыргызды “түштү кандай жорусаӊ, ошол тарабына аткарылып калат” деп жакшы адамдарга гана жорутушат. “Түштү сууга айт”, “Кечинде түш айтпайт” деп да ырымдашат. Кээ бирлер “түшкө эмнелер гана кирбейт, ага ишенбеш керек” деп айтып койгону менен, жаман түш көрсө ким гана болбосун ойлонбой койбойт.

Туура эмес иштерди көп жасаган адам жаман түш көп көрөт

Адатта түшкө жаман нерселердин кириши адамдын өзүнөн көз каранды. Такай ичимдик ичкен, тамеки тарткан адамдардын түшүнө ар дайым жаман нерселер кирип турат. Адам туура эмес иштерди жасаганда да ошондой түштөрдү көрөт. Ошондуктан, адистердин кеӊеши – жатарда бир стакан айран ичип коюу пайдалуу. Уктаар алдында бир стакан айран ичип алса жакшы түштөрдү көрүүгө себепчи болот.

 Түш бул – биологиялык процесс. Адам уктап жатканы менен мээ иштей берет. Коркунучтуу түштөр көп иштеп, чарчаган учурда кире баштайт. Ошондуктан, бул учурда эс алыш керек. Анда да токтобой кайра кайталана берсе, врачка кайрылууга зарыл болот. Балык жегенде түш оӊолот.   Түш жоруунун кылымдап түптөлгөн салты бар: кыргыз адамы көргөн түшүн көрүнгөн эле адамга жорута берген эмес, өзүн таза тутуп, таза кармаган, көптү көргөн, көптү билген, элге кадыр-баркы өтүмдүү, эл сыйлаган кишиге жорутушкан. Илгери түш жорууну атайын кесип кылган, ошонусу менен оокатын өткөргөн, атагы кыргыз элинин учу-кыйырына таанымал, сезимтал адамдар болгон(алардын жөн-жайы кумга сиӊген суудай болуп, бизге чейин жеткен эмес). Андай кишилерди алыс-жакын жашаганына карабай атайын киши жибертип ат менен алдыртып, түш жорутушкан.

Аян берүүчү түштү жорууда аяр болушкан

Түш таӊ үрүл-бүрүл атканда, адам оозуна наар ала элек мезгилде, ач карын абалда туруп жорулган. Кыргыздар аян берүүчү түштү жорууда эӊ аяр болушкан: “Кептин негизи түштө эмес, а жорулушунда-көрсөтчү жышаанында, берүүчү аяны да ошого байланыштуу” деп айтышкан.

Кыргыздардын түшкө карата ойлору, ишенимдери, көз-караштары, окуялары диний түшүнүктөрдө, элдик оозеки чыгармалардын түрлөрүндө-ырларда, жомоктордо, оозеки аӊгемелерде, дастандарда чагылдырылган.

“Жакшы жатып, жай туруӊуз…”

  • Түшүндө ат минип чапкыласа – күч-кубатынын арткандыгынын белгиси.
  • Түшүндө ат, төө минсе – иши оӊолот.
  • Аттан жыгылса – өз аялынан жамандык көрүп, санаага батат.
  • Түшүндө анар жесе  — бирөөдөн белек алат.
  • Түшүнө алма кирсе – тууган-туушкандары же жакын адамдары менен дидарлашат.
  • Алтын шакек тагынып түш көрсө – эл арасында кадыр-баркы өсө баштайт.
  • Эгер алтын акча кармап түш көрсө – садага берүү керек, анткени кандайдыр бир көӊүл иренжитерлик окуяга туш болот.
  • Түшүндө ай көрсө – эркек болсо ак ниеттүү аялга, аял болсо ак ниеттүү эркекке туш болот.
  • Ак кийим кийип түш көрсө – дөөлөттүү болот.
  • Түшүнө араа кирсе – өмүрү узун болот.
  • Ачуу алма жеп түш көрсө – турмушу кайгы менен өтөт.
  • Түшүндө жылаӊайлак жүрсө – сапарга чыгат, жол жүрөт.
  • Аялдын чачы узун болуп, өсүп түш көрсө – бактылуу болот, чачы кыска же кыркылган болуп түш көрсө турмушта бактысыз болот, үй-бүлөлүк жашоосу туруктуу болбойт.
  • Аял кишинин түшүнө короз кирсе күйөөгө тиет.
  • Бут кийим кийсе никелешүүнүн белгиси.
  • Түшүндө ай тутулса эл арасында ушак-айыӊ сөздөрдү көп угат.
  • Оозу канаса купуя каткан сырлары ачылып, элге маалым болот.
  • Түшүндө ак жылан көрсө мусулман душман, кара жылан көрсө башка диндеги душман экендигинин белгиси.
  • Эгер түшүндө алтын буюмдарды көрсө жакшылыкка жоруй берсин.
  • Бутунан аяк кийими түшүп калып түш көрсө эрди-катын ажырашат.
  • Тамак-ашты ит чогуу ичип түш көрсө, жеп жаткан тамагы арам акча менен табылгандыктын белгиси.
  • Күндүн шооласын көрүп түш көрсө мартабасы өсө баштайт.
  • Ачуу коон жеп түш көрсө турмушунан кайгырат.
  • Түшүндө арпа көрсө кейиштүү ишке кабылат.
  • Түшүндө “Ар-рахман” сүрөөсүн айтып түш көрсө ал адам эки дүйнөдө теӊ бактылуу болот.
  • Түшүндө азан айтса, же азандын үнүн укса, же болбосо ибадат кылып түш көрсө, ал киши Меккеге барып ажы болуп келет.
  • Түшүнө күзгү кирсе бир жактан кабар угат.
  • Эр-аял түшүндө жакындашса бай болот.
  • Түшкө жолборс же кабылан кирсе жумушу илгерилей баштайт.
  • Түшүндө жолборс көрсө душманы жеӊилет.
  • Мүчөсүнүн бир жери кесилип же денесинен кан агып түш көрсө, тобо келтирип, түз жүрүүгө аракет жасасын.
  • Түшүнө олуя кирсе иши алга жүрөт.
  • Эркек кишинин чачы өсүп түш көрсө карызга батат.
  • Түшүндө балык көрсө адал эмгектен ырыскысы арбын болот.
  • Аял киши түшүндө билерик салынса никеси бекем болот.
  • Эгер денесине жүн чыкса мүлкүнө зыян болот.
  • Түшүндө бирөөлөр душмандык кылып, кастык жасаса сак болуш керек.
  • Түшүндө булут көрсө мыкчыгерлерден коркунуч туулат, садака берсин.
  • Түшүндө жылаӊач болуп жүрсө ушак сөздөрдөн кутулат.
  • Денесине жара чыгып түш көрсө максатына жетет.
  • Түшүндө башы жоголуп кетсе өмүрүнүн аяктаганы.
  • Түшүндө алма жеп түш көрсө оорукчан болот.
  • Түшүндө бир көзү көрбөй калса турмуштан запкы жеп, кандайдыр бир карамүртөздүн колун карап калат.
  • Мурду бучук болуп калса айыбы ачылат.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button