alternatetext Багымдат: 04:00 | alternatetextКүн чыгуу: 05:51 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:02 | alternatetextШам: 20:10 | alternatetextКуптан: 22:03
Пайдалуу кеңештер

Күч коробогон, даарат талап кылбаган, сооп-сыйы көп ибадаттар кайсылар?

Адамдардын көбү даараты жок эле, эч кыйналбай аткара турган ибадат бир гана зикир чалуу деп билишет. Бирок, зикирден башка да аткарууга жеӊил, анысына карабай сооп-сыйы көп, пайдалуу ибадаттар толо. Төмөндө ушундай ибадаттардын кээсине токтолобуз:

1. Алланын бергенине ыраазы болуу: азбы-көппү Алла Тааланын бергенине ыраазы болуп, каниет-топук кылып жашоо өзүнчө бир чоӊ ибадат.

2. Бирөөлөрдүн көңүлүн көтөрүү: кимдир бирөөгө жакшылык кылып, жардам берип көӊүлүн көтөрүү сооптуу ибадат. Жок дегенде эки ооз жылуу сөз арнап, жылуу маанай менен жылмая карап адамдарга жакшы маанай тартуулаӊыз.

3. Муктаж адамдын муктаждыгын чечүү: эгерде кимдир бирөө максатына жете албай, же кайсы бир муктаждыгын чече албай, жардам сураса, анын муктаждыгын чечүү чоӊ ибадат.

4. Жылуу-жумшак сүйлөө: жакшы сөз – садага, жылуу-жумшак сүйлөгөн ар бир сөзүӊүз кыяматта сизге күбө болот.

5. Жакшы күмөн: эч кимге, эч качан жаман күмөн кылбаӊыз. Жүрөктөгү сырларды Алла Таалага тапшырыңыз. Ошондо Жараткан Алла сизди бардык жамандыктардан Өзү сактайт.

6. Илимдин зекетин берүү: илимдин зекети – билгенин башкаларга үйрөтүү. Бирөөлөр маселе сураса, зээрикпей, жалкоолонбой же текеберленбей билгениӊизди айтып бериӊиз. Алган илимиңизди жайылтыңыз, башкалар да пайдасын көрсүн.

7. Алла Тааладан жакшылык үмүт кылуу: дайыма жакшы ой, жакшы ниет менен жүрүү да ибадат. Алла Таала Кудуси хадисте: «Мен пендемдин ой-күмөнүндөгүдөймүн» — деген. Башкача айтканда, жакшы нерсени ойлоп, жакшыны ниет кылсаӊ ошого жетесиӊ. Жаманды ойлоп, жаманды ниет кылсаӊ ошого кабыласыӊ.

8. Өзүңө тиешеси жок нерсеге
алек болбоо: өзүӊүзгө тиешеси жок ишке такыр баш салбаӊыз. Ар кандай ишке баш ката берүү, убакытты коротот, пайдалуу иштерден алагды кылат, акыр аягы жаман ой-күмөнгө алып барып, ортодо жек көрүү, душмандыкты пайда кылат. Алла Таала Куранда: «О, момундар! Айкын болсо, өзүңөргө кайгы алып келүүчү нерселер тууралуу сурабагыла!» — деп эскерткен.

9. Билмексен болуу: башкалардын кемчилигин издеп, аӊдыбаӊыз. Ал тургай кемчилигин көрсөӊүз көрмөксөн, билсеӊиз билмексен болуп коюӊуз. Бирөөгө сын тагып, кемчилигин жайылткан айткан адам, эртеби-кечпи өзү да ушуга кабылат. «Бирөөгө ор казсаң тереӊ казба, бир күнү ага өзүң түшүп кетишиӊ мүмкүн» дегендин мааниси ушу…

10. Сабыр кылып, мүмкүнчүлүк берүү: ката кетирген адамга мүмкүнчүлүк берип, сабыр кыла туруӊуз, балким, ушул аркылуу сиз ага жардам бересиз.

11. Ушак-айыңды жайылтпоо: бул дагы зарыл ибадаттардан. Кимдир бирөө жөнүндө жаман сөз уксаңыз, аны эч кимге айтпай ичиңизде сактаңыз. Сизден ал тууралуу сурашса да билмексен болуп коюңуз.

12. Мусулмандын жүрөгүнө кубаныч тартуулоо: жылуу-жумшак мамиле, кечирим, жылмаюу, белек берүү, жардам берүү, жакшы сөз айтуу, курсагын тойгузуу ж.б. ушуга окшогон иштер аркылуу кимдир-бирөөгө кубаныч тартууласаӊыз, бул да сиз үчүн ибадат.
Бул айтылгандар аткарууга жеӊил, ар бир адамдын колунан келе турган ибадаттар. Болгону, буларды өзүбүзгө адат кылууга аракет кылуубуз керек. Балким, биздин ийгилик жана бакыт ушундай болор-болбос иштердин артында бекинип жаткандыр…

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button