alternatetext Багымдат: 04:16 | alternatetextКүн чыгуу: 06:02 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
МакалаларПайдалуу кеңештер

🤗СИЗ ҮЧҮН ЖАКШЫ ЖАШООГО КЕҢЕШ…

🤗СИЗ ҮЧҮН ЖАКШЫ ЖАШООГО КЕҢЕШ...

✍🏻Жараткан эч бир пендесине пилге жүктөгөн жүктү кумурскага жүктөбөйт, кумурскага жүктөгөн жүктү пилге жүктөбөйт. Сизге келген кандай сыноо болсун, кыйынчылык болсун сиз жеңесиз. Анткени Аллах өтө Мээримдүү зат пендесин кыйынчылык аркылуу тарбиялап туура жолун көрсөтүп көзүн ачат. Эгер биз кыйналып оорубасак жарага дары издебейт элек. Ошосыңары ар бир кыйынчылык артынан жакшылыктын эшиктерин издей баштайсыз.

Кандай кылсам болот? Кандай кылсам оңолом же жакшы адам боломун? Кандай кылсам иштерим жүрүшүп кетет? Деп жатып Сиз мурда кадырына жетпеген өзүңүздөгү баалуулуктарды баалай баштайсыз .

Тогуз жолу жыгылсаң да онунчусунда туруп алдыга умтулгун дейт. Анткени кумурска үстүндө канча жүгү болбосун алдынан жүз жолу тосуп койсоң да, жүз жолу айланып өтөт, жар чыгабы, суу чыгабы, баткак чыгабы максаты менен көздөгөн жерине жетип барат . Демек биз да жалкоолонбой аракет кылсак жашообузду жакшылыктарга толтуруп бактылуу болобуз.

Дагы бир нерсеге өтө ынандым. «Биз каалаган эмес, ,Жараткан каалаган, жазганы болот » . Эгерде биз каалаганыбызды кыла берсек жашоодо көп жаңылабыз . Напси эмнелерди гана каалабайт. Анын каалаганы бул дүйнөдө жашообузду ууласа, акыретте тозокко алып барат. ..

Ал эми «ток курсакта кайгы жок » дегендей каалаган тамагыбызды жей берсек семирип, ички туйумубуз май басып, акыл калчообуз төмөндөп жаман курсактын кулу болуп семирип ден — соолугубузду жоготуп да алуубуз мүмкүн. Ошон үчүн ачкалык менен жан дүйнө казанын тарбиялап, китеп окуу менен баш казаныбызды толтуруп туруубуз керек..

Ошон үчүн сиз өзүңүз каалабаган нерселерге басым жасаңыз дейт элемин. Анткени ал сени ийгилик жаратууңа мүмкүнчүлүк түзүлүп жатканы.

🤔Мисалы: Биз жашоо мыйзамыбызда андай кылсак болот, мындай кылсак болбойт деген чек менен жашайбыз. Ошол жолдун бири дин менен жашоону алып көрөлү. Жараткан буйурган беш убак намазды. Бир күндө беш жолу дааратын эле алсаңыз башыңыздан баштап бутуңуздун учуна чейин жууйсуз , мени айтты дейсиз кадимкидей денеңиз тазалыктар эргүү алат. Даарат адамдын сырткы денесин оорусун дарылап тазаласа, а намаз ички дуйнөсүн тазалап дарылайт. Аалымдарыбыздын сөзүнөн » эң күчтүу мелдештерде жеңген күчтүу эмес, таң уйкусун кнчип, напсисин сындырып багымдат намазын окуган адам күчтүү » дегендей эртең мененки сиз каалабаган намазды окуп баштасаңыз эле сиз үчүн Жараткандын ырыскы эшиктери ачыла баштайт. Жараткандын насаат сөздөрүн уккуң келсе куранын оку, сүйлөшүүнү кааласаң беш убак намазды оку » дегендей бир күндө беш жолу Жараткан менен байланышып турсаң ички караңгылыктан кутуласың, дуба аркылуу баардык жакындарыңа, элге, мекенге жакшылык тилеп жан дүйнөң кеңейет. Намазды жашоо мыйзамыңызга тамак жегендей бекитиңиз . Ал күндөн — күнгө адатка айланат, адатыңыз мүнөзгө, мүнөзүңүз тагдырга айланат. Адат дегенде сиз беш убак намаз окуп жатып көп жаман адаттардан арыласыз. Мурда баланчы ушакчы же ууру деген адатыңыз болсо жакшы мүнөзүңүз аркылуу атыңызда өзгөрүлөт. Карап көрүпсүз сизди тагдырыңыз жакшы жашоо тартуулап, жакшылыктар менен сыйлай баштайт. Намаз сени көп ийгиликтерден тосуп турган жалкоолуктун майдалай турган бычагы, напсиңди ыйлата турган булагы болуп эсептелет. Бул бир гана беш убак намаздын керемети гана…

Ошон үчүн жалкоолонбой жакшы жашоону курууга шашылыңыз. Ансызда өмүр кыска. Бир келген жашоону бейиш кылып жашоода өзүңүздүн колуңузда …

Аман болуңуздар, ден — соолукта оорубай, жакшылыктарда бирге бололу!

🧕Насиба Абдуллаева.

꧁ БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ ꧂⠀

Катталуу үчүн:👇🏻👇🏻👇🏻

📲WhatsApp: +996 771 822 202..

📲+996 778 531 798

══════════════════
☪ OK.ru/Formulasy
☪ Fb.com/Formulasy
☪ T.me/formulakg
☪ Youtube.com/FormulaMediaKG
☪ Instagram.com/Formulasy
☪ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button