alternatetext Багымдат: 04:04 | alternatetextКүн чыгуу: 05:55 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:00 | alternatetextШам: 20:06 | alternatetextКуптан: 21:58
Макалалар

Кечиримдүү бол, өмүр өтө кыска

Кечиримдүү бол, өмүр өтө кыска

📍КЕЧИРИМДҮҮ БОЛ, ӨМҮР ӨТӨ КЫСКА

✍ Жолдошторум менен Эфиопиянын борбору Аддис — Абебанын тургуну доктор Яхя ал-Хиндиге учурашканы барып калдык. Андагы динге чакыргандардын ортосунда майда келишпестиктер бар экен. Биз баарын чогултуп, бир аз насаат айтып, туура түшүнүк бердик. Булар табиятынан өтө жумшак, кечиримдүү калк болот экен. Кемчиликтерин дароо мойнуна алып, бири-бири менен учурашып, кучакташып көрүшүп, ал тургай ыйлап, анан биздин маңдайыбызда келишпестик буга чейин таптакыр болбогондой чогуу отуруп калышты. Мындай бат ымалага келген элди көргөн эмесмин.

Жүрөктөрүнүн тазалыгына, көралбастык, кек сактоо сыяктуу жаман сапаттардан такыр алыс экендигине таң калдым. Алардын кечиримдүүлүгүн көрүп туруп, өзүбүздүн жаныбыздагы кээ бир жакын тууган-туушкандарды эстедим. Болор- болбос дүнүйөнүн айынан ортосун кара мышык аралап, жылдар бою жүз карашпай калгандары канча?!.

Көрсө, маселе жүрөктө турбайбы. Алла Таала кимдин жүрөгүн жумшак, кечиримдүү кылып койсо, аманчылыкта тынч жашайт; чындыкты табат, жек көрүү, кастык деген оорулар менен оорубайт. Кек сактоо, өч алуудан ат чабым оолак болот.

Ошондуктан кечиримдүү бол: өмүр — өтө кыска. Күндөр учкан куштай өтүп кетет. Жакында бул дүйнөдө кылгандарыбызга эсеп-кысап берүү үчүн Алланын алдына жөнөйбүз. Кайсы бир нерсенин акысын жеп, же аны ушактап, же ага кек сактап, же аны жек көрүп, анан ошол тейде Алланын алдына барба, мүмкүн ал Алланын сүйүктүү пендесидир.

Аллахым, бизди жана мусулман боордошторубуздун баарын кечир, күнөөдөн арылт! Жүрөгүбүздү тазала!

📕 «Бакыттын сырын ачтым» китебинен.

Автор: Аид ал Карни.

꧁ БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ ꧂

Катталуу үчүн:👇🏻👇🏻👇🏻

📲WhatsApp:
+996 771 822 202

📲+996 778 531 798

══════════════════
☪ OK.ru/Formulasy
☪ Fb.com/Formulasy
☪ T.me/formulakg
☪ Youtube.com/FormulaMediaKG
☪ Instagram.com/Formulasy
☪ WWW.FORMULA.KG

https://www.instagram.com/p/CBSPFZdh_LG/?igshid=mzfims1wcpet

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button