ДААНЫШМАНДЫК КАЗЫНАСЫНАН ⠀
📍Эки нерсени эч качан унутпа.
Биринчиси: Ачууң келип турганда эч качан чечим чыгарба.
Экинчиси: Бак-таалайдын чокусунда турганыңда убада бере көрбө.
⠀
📍Кудук канчалык терең болгон сайын суу муздак жана татымдуу болот.
Анын сыңарындай кеп салардан мурда тереңирээк ойлон. Анткени кеп-сөз дилдин кандайлыгынан кабар берет.
⠀
📍Кечиримдүү бол. Сен да бир мезгилдери ката кылгансың.
⠀
📍Жарыктыкта жолоочу катары жаша. Артындан жалан жакшылыктардын изи калсын. Биз бул дүйнөдө мейманбыз. Меймандын кетүүдөн башака айласы жок.
⠀
📍Адамдар сени баштарына машакат түшкөндө эстесе капа болбо.Каршысынча курсант бол. Себеби, сен алардын жашоосун караңгылык каптаганда аларга жарык чачкан шам сыяктуусуң.
⠀
📍Сүйлөп коюуу эн оңой. Кыялдануу андан да оңой. Бирок, эркине бекем адамдар гана көшөргөн аракети менен ийгиликти багындырат.
⠀
📍Момун кишинин сенден алчу үч нерсеси болсун.
Пайдаң тийбедиби, эч качан зыяның жетпесин.
Кубанта албадыңбы, кайгыга салба.
Мактай албадыңбы, эч убакта жамандаба.