alternatetext Багымдат: 04:16 | alternatetextКүн чыгуу: 06:02 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:57 | alternatetextШам: 20:01 | alternatetextКуптан: 21:49
Ден-соолукПайдалуу кеңештер

Исламда тыюу салынган жана уруксат берилген төшөк кумардын (секстин) төрлөрү

Исламдагы төшөк мамилеси

Жаш курак

Шариатта белгиленген курак жок, жашы жетип, анан макулдугу болсо болду. Эркек балдар уктап жатканда уруктугу түшкөн же жыныстык органына түк чыгып калган, кыздардын айызы келип, турмуштун түйшүгүн тартып, аялдын милдетин аткара ала турган учурунда үй-бүлө кура берсе болот.

Биринчи нике түн

Мусулман эркек үйлөнгөн соң биринчи нике түндө аялды таттуу (мисалы, бал) жана суусундук (сүт) менен сыйлаганы жакшы. Кыздын ак экенин билүү үчүн жакындары экөөнү аңдып туруу салты күнөө деп эсептелет. Эки жаштын ортосундагы төшөк мамилеси никенин сыры катары калышы керек. Эгерде кыздын айызы келип жаткан болсо, нике түн башка күнгө жылдырылат. Бул күндөрдө кошулуу — күнөө. Ал эми эркектин бир канча аялы болсо, алган аялы кыз болгон шартта аны менен жети күн, жубан болсо үч күн чогуу турат. Андан кийин күнүн башка аялдары менен тең кылып бөлүштүрөт.

Жыныстык байланыш тууралуу айтуу

Пайгамбар САВ мындай деп айткан: «Сурак күнүндө Алланын көзүнө эң жаман көрүнгөн адам аялы менен жыныстык катнашта болуп, анын сырларын элге жайган эркек болот». Ислам жыныстык катнашка байланыштуу мамилелерди элге айтууга тыюу салат. Медициналык маселелерге байланыштуу гана дарыгерге айта турган болсо уруксат берилет.

Катнашка тыюу салынган учурлар

Аялдын айызы келген учур. Куранда: «Айыз учурунда аялыңардан ыраак болгула, ал тазаланганча жолобогула», — деп айтылат. Ошондой эле төрөттөн кийин кан токтогонго чейин, аялдын ар кандай оорулар менен ооруган учурунда, анан, албетте, Рамазан айында ооз бекиткен убакта жыныстык катнашка тыюу салынат.

Сактануу

Ислам аял макул болсо, уруктукту презервативге жана сыртка түшүрүүгө уруксат берет, ал эми бойдон алдырууга динде тыюу салынган. Эгерде түйүлдүккө же эненин саламаттыгына коркунуч келсе гана ага уруксат. Спираль колдонууга уруксат эки шарт менен берилет: аялдын ден соолугуна зыян келтирбесе жана аялдын өзүнүн макулдугу менен.

Никеден сырт жыныстык катнаш

Жыныстык катнашта болууга үй-бүлөлүк түгөйлөргө гана уруксат берилген. Ал эми никеден сырт жыныстык катнашта болууга чечкиндүү түрдө тыюу салынат. Шариатта никени бузуп ойноштук кылган бирден-бир чоң күнөө иш катары саналып, зына деп эсептелинет. Үй-бүлөсү туруп ойноштук кылган адам өлүм жазасы менен жазаланат. Эгер бойдок болсо, коомчулуктун алдында балак уруу менен жазаланат жана коомдон куулат. Бирок бул нерсе эркектин жыныстык органынын аялдын жыныстык мүчөсүнө киргени анык болгон учурда гана болот.

Оралдык катнаш

Оралдык канташ боюнча исламда ар кандай ой-пикирлер бар. Оралдык катнаш тууралуу Куранда айтылган эмес, андыктан айрым уламалар “эркелешүүгө тыюу салынбайт” дешет. Болгону эркектин уруктугу менен аялдан чыккан суюктук бири-биринин оозуна кирбеши керек. Жубайлар бири-биринин денесин киндиктен өйдө өбүп, эркелешкени жакшы. Жыныстык катнаштын алдында өбүшүү, эркелешүү сыяктуу мамиле менен дүүлүгүүгө жеткен туура. Бир хадисте мындай деп айтылган: «Аялыңарга малча секирбегиле. Маарага бирдей жете турган болгула».

Мастурбация

Айрым аалымдар эгерде мастурбация сексуалдык дүүлүгүүдөн кутулуу үчүн болсо, тыюу салынган эмес деп эсептешет. Ал эми ырахат алуу үчүн көнүмүш адатка айланса, бул нерсеге тыюу салынат. Ошондой эле башка адамдын колу менен мастурбация жасалышына, дегеле эркекке да, аялга да башка адамдын жыныстык мүчөсүнө кол тийгизүүгө (жубайлардан башкаларга) абсолюттук түрдө тыюу салынат. Алланын элчиси мындай деген: «Сурак күнү Алла карабаган жети адамдын бири — мастурбация менен алек болгон адам».

Аналдык кошулуу

Аналдык кошулууга ислам кескин түрдө тыюу салат, аялы менен болгон шартта да. Мухаммед пайгамбар САВ мындай деген: «Ким аялдын көтөн чучугу аркылуу катнашта болсо, ага каргыш». Мусулман уламалары ага тыюу салынышынын себебин аналдык тешик катнаш үчүн эмес, заң чыгууга арналган деп түшүндүрүшөт. Ошондой эле аналдык байланыш аялды ырахат алуудан ажыратат жана адамдык сапаттарына каршы келет. Аналдык кошулуу — абдан чоң күнөө. Эгерде күйөөсү талап кылса, аялдын катнаштын бул түрүнөн баш тартууга толук укугу бар. Исламдын мыйзамдары боюнча, аял ажырашып кеткенге да акысы бар.

Гомосексуалдар ортосундагы катнаш

Гомосексуалдык катнаш эркек менен эркектин ортосунда болот. Исламда бул нерсе — эң оор күнөө, адамдын чыныгы жаратылышын бузуусу. Ошондой эле гермафродиттер менен да жыныстык катнашка барганга тыюу салынат. Алланын элчиси мындай деп айткан: «Аллах аялга окшогон эркектерди, эркекке окшогон аялдарды каргыштайт».

Тобу менен катнаш

Эркектин бир төшөктө эки аял менен жыныстык катнашта болуусуна тыюу салынат. Ал эми бир нече аялы бар эркектер ар бири менен өзүнчө, эч ким көрбөй, укпай турган болуп бара берсе болот.

Зордуктоо

Зордуктоо исламда аял менен эркек макулдугу менен ойноштук кылгандан да эң оор күнөө болуп эсептелет. Зордуктоо — адеп-ахлакка каршы келген кылмыш, сексуалдык кол тийбестик жана абийирге каршы келет. Кээде адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизет. Алла Куранда зордуктоо, никесиз сексуалдык байланыш тууралуу көп аяттарда айткан.

Сойкулук

Исламда сойкулук кылууга милдеттүү түрдө тыюу салынат, эки дүйнөдө тең жазаланышы керек болгон оор күнөөлөрдүн бири. Кандай түрү болсун, кандай формада болсун, аны менен алектенүүгө болбойт.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button