Пайдалуу кеңештерЮристтен кеңеш
Маанилүү

Жоолукка каршы чыккан мектеп директору кызматтан алынат.

Жоолукчан окуучу кыздар мектепке киргизилбегендиги үчүн мектеп директору кызматтан алынып, ири суммадагы айып пулга жыгылып жана эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн ...

…..жана андан сырткары ошол мектепте акыркы жылдарда жүргүзүлүп келген бардык финансылык, чарбалык, кадр, айлык маселелери боюнча иштери дагы толугу менен прокуратура, финполиция, антикоррупциялык кызмат тарабынан текшерилүүсү уюштурулушу да мүмкүн.

КИРИШҮҮ. КӨЙГӨЙЛҮҮ МАСЕЛЕНИ БАЯНДОО.

Кыргыз элибизге ата бабаларыбыздан мурас жана аманат катары жеткирилип келген Ислам динибизди карманып, ак жоолугун тыкан, жарашыктуу кылып салынып келген окуучу кыздарды мектеп директорлору, мугалимдери, окуу бөлүмүнүн башчылары (зав.уч.) жана соц.педагог тарабынан мектепке, класска же сабакка киргизбей, же сабактан, мектептен чыгарып же жоолугун чечтирип салган учурлар абдан көп кездешип жатат. Жоолукка каршы чыгуусунун себептери баарыныкы бирдей: «биз светтик өлкөбүз, дин мамлекетке кийлигишпейт, жана мыйзам талабы, токтом, устав дагы ушундай, бирдиктүү форма деген талап бар, мурун жоолугу, башкасы жок эле жашап келгенбиз, кыз азыр жаш, жаш баланы мажбурлабагыла, 18 ге чыкканда, өзү билип, жоолук салынып алат, силерди СНБга жазамын, азыртан эле оронуп, Сирияга кетип калбагыла ж.б.». Бир эки талаш-тартыштан кийин иш жүзүндө көбүнчө кыздын ата энеси жеңилет, жана кыздын жоолугун чечип салышат же кызды башка мектепке которушат же кызды 9-класстан кийин окутушпайт (медресеге же турмушка беришет). Билим берүү башкармалыгына же прокуратурага арызданышса, ал жактан дагы колдоо көрүшпөйт, анткени өз укуктарын толук кандуу талап кылып, коргой алышпайт, адвокаттарга кайрылышпайт.

Жоолукка каршы чыгууда мектеп директорлору, мугалимдер абдан орой, маданиятсыз кадамдарга, жана көбүнчө болсо одоно укук бузууга жана кылмыштарга барышат: 1) «Сен азыртан оронуп алыпсың; Сирияга кетип калбагыла; силер, террористтер көбөйүп кетти; оронгонуң үчүн баланча сабакты жакшы өздөштүрбөйсүң; силер жапайысыңар, караңгысыңар; сен дагы ошол жоолугуңду чечпей келдиңби, акмак, мен сага айттым эле го, чечип кел деп, бар, чык, жогол, жоолугуңду чечмейинче мектепке келбе» ж.б. ушул сыяктуу мындан дагы өтө жаман сөздөрдү кыз баланын өзүнө жана башка мектеп окуучуларынын көзүнчө айтып, кызды терең руханий жабырланууга (психологиялык травмага) дуушар кылышат, 2) көп учурларда кыз баланы колу менен тосуп, тартып, жетелеп, түртүп, б.а. күч колдонуп мектептен чыгарып салышат же мектепке киргизбей коюшат, 3) ушул аракеттер кызды, анын үйбүлөсүн жана жалпы мусулмандарга карата айтылган шылдыңдоолор, кемсинтүүлөр, каралоолор, жамандоо, гыйбат, жек көрүү, бөлүп жаруу, диний кастыкты жаратуучу сөздөрү менен коштолот.

Дагы бир кызык жана күлкүлүү жери, мектептин директорлору жана мугалимдери «туура, мыйзамда, уставда жоолукка тыюу салынат деп жазылбаган, бирок жоолук санылууга уруксат берилет деп дагы жазылбаган да, ошол үчүн да каршыбыз» – деп дагы айтышат. Мыйзамда, уставда «мектепке сумка менен келгени уруксат, мектепке туфли менен келгени уруксат, мектепте аба менен дем алганы жана мектепте суу ичкени уруксат берилет» – деп дагы жазылбаган, анда эмне буларга да тыюу салынышы керекпи. Уруксат берилген нерселер өтө көп, алардын баарын кагазга түшүрүү кыйын, тыюу салынган нерселер салыштырмалуу аз, андыктан Конституция, мыйзамдарга көбүнчөсү тыюу салынган нерселерди көрсөтүшөт, андыктан тыюу салынбаган жана жоопкерчилик каралбаган нерселерди жасаш үчүн уруксат суралбайт.

ЖООЛУККА ЭЧ БИР МЫЙЗАМ ТЫЮУ САЛБАЙТ.

 27.06.2010-жылдан Кыргыз Республикасынын Конституциясы (16,20,31,32,45-беренелерин караңыз), 30.04.2003-жылдан №92 «Билим берүү жөнүндө» мыйзамы (3-статьясын караңыз) жана башка мыйзам, актыларда жана “Билим берүү тармагындагы кодулоого (дискриминацияга) каршы күрөшү жөнүндө” Бүткүл дүйнөлүк Конвенциясында (Кыргыз Республикасы бул Конвенцияга Жогорку Кеңештин 08.06.1995-ж. жана 10.06.1995-ж. Токтому менен кошулган) дин тутунгандыгына байланыштуу мектепке жана сабакка жоолукчан келүүгө жана жүрүүгө эч кандай тыюу салынбайт, тескерисинче бул укук мамлекет тарабынан корголууга жатат.

«Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында мектеп формасына бирдиктүү талаптарды киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 12.08.2015-жылдан №572 сандуу (Т.Сариев кол койгон) Токтомунда болсо мектепке жана сабакка жоолукчан келүүгө тыюу салынат деген бир дагы сөз жазылган эмес, жана юбканын узундугуна дагы тыюу жок.

Демек, бардык мыйзамдарда мектепке жана сабакка жоолукчан келүүгө тыюу салынбаса, анда жоолукчан кыздарды мектепке, сабакка киргизбей жаткан мектеп директорлоруна, мугалимдерине кандай жоопкерчиликтер каралган жана кандай чараларды көрүш керек? Жогоруда айтылып кеткен аракеттери үчүн ошол мектеп директорлору жана мугалимдери жумуштан бошотулуп, өзгөчө учурларда (көп учурлар ушуга туура келет) эркиндигинен дагы ажыратылып, ири суммадагы айып пулдарга дагы тартылышы толук мүмкүн, о.э. кийин ушундай кызматтарда көп жылдар бою кайрадан иштөө укугунан да ажыратылат. Бирок адвокаттын жардамы менен адвокат көрсөткөндөй иш алып баруу керек (ушул макаладагы сунуштарды толук жана так аткарсаңыздар, жетиштүү болот деп ишенебиз).

ЖООПКЕРЧИЛИК КАРАЛГАН.

Жоолукка каршы чыгып, жоолукчан кызды мектепке жана сабакка киргизбей жана мектептен делосу менен чыгарып салган мектеп директорлорунун жана мугалимдеринин төмөнкү одоно каталары, мыйзамсыз аракеттери үчүн жоопко тартсак болот (жөнөкөй сөз менен түшүндүрөм):

1) жоолук тууралу терс ой-пикирлерин (өзүнүкү болобу, бирөөнүн пикири болобу, айырмасы жок) мектепте, сабакта, кесиптештерине, окуучуларга айтууга, билдирүүгө укугу жок, анткени устав, жоболорунда, функционалдык милдеттенмелеринде ага андай укук берилген эмес, педсоветке күн тартибине да койгондугу мыйзамга туура келбейт, анткени эч бир негиз жок, демек жоолук тууралу маселени көтөрүп чыгуунун өзү чоң жоопкерчиликке алып келет, керек болсо оозунан чыккан ар бир сөзү үчүн тергөөчүгө суракта жана министрге түшүнүк кат жазып берет,

2) жоолукчан окуучу кызды мектептин ичине же сабакка киргизбей коюуга же мектептин ичинен сыртка чыгарып коюуга мектеп директорунун жана эч кимдин укугу жок, мындай укук эч кимге берилген эмес. Окуучу кызды жалпы билим берүү мекемесине физикалык күчтү же башка техникалык каражаттарды (тосмо, эшик) колдонуу менен киргизбей коюу – бул окуучунун билим алууга болгон жана эркин жүрүүгө болгон Конституциялык укугун мыйзамсыз чектөө болуп саналат, жана бул үчүн жоопкерчилик каралган. Физикалык күчтү милиция кызматкерлери жана сот аткаруучулар гана мыйзамдарда каралган учурларда жана тартипте гана колдоно алышат, башка учурларда физикалык күч же тоскоолдук колдонулса, мыйзам бузуу фактысы болду деп эсептесек болот.

3) жоолукчан окуучу кыздын өзүнө же классташтарынын (башка адамдардын) көзүнчө жеке намысына, абийирине, көңүлүнө терс сезимдерди калтыруучу, стресс, депрессияга дуушар кылуучу сөздөрдү айтса (андай сөздөрдү сөзсүз айтышат) же аракеттерди жасаса, бул этика жөнүндө кодексин одоно түрдө бузгандык болуп саналат, жана жумуштан кетүүсүнө да негиз болот, себеби мындай сөздөрдү тарбиялык, педагогикалык функцияны алып барган мамлекеттик кызматкер айтып жатат.

Орун алып жаткан мыйзамсыз тыюулар, каршылыктар мектеп директорлорунун жана мугалимдеринин жеке көз караштарына гана байланыштуу болуп жатат, б.а. жоолук алардын өздөрүнө гана жакпайт, жеке тар көз караштарына туура келбей жаткан учуру. Мыйзамда каралбаган иш аракет жасалса же талап кылып жаткан нерсесин далилдеп, негиздеп бере албай жатса, демек ал ошол кызмат адамынын өз билемдиги гана деп билиңиздер.

МЕКТЕП – ЖЕКЕ МЕНЧИК ҮЙҮҢ ЭМЕС.

Жалпы билим берүү мекемеси – орто мектептин директор, мугалимдери мамлекеттик кызматкерлер болуп саналышат, анткени алар эмгек акыларын мамлекеттик бюджеттен алышат. Демек алар мамлекеттик кызматкерлер катары мамлекеттик кызматкерлердин этика кодексин ж.б. мыйзамдарын билүүгө, аткарууга, сактоого, бузбоого милдеттүү, этика кодексин одоно бузушса кызматтан бошотулуусу толук мүмкүн. Демек, мектепте билим берүүгө, билим алууга байланышкан талаш маселелер жаралбашы керек, жаралса дагы мыйзамга ылайык гана жооп, чечим изделиши керек, жеке ой пикир, көз караштар аралашпашы керек. О.э. ата-энелердин пикирлери дагы окуучу кыздардын сабакка жоолукчан же жоолуксуз келүү жөнүндө пикирлери да эске алынбайт, алынса мыйзам бузуу болуп саналат. Мектепте талаш-тартыштын жаралышы жана токтобой, ырбап кетүүсү үчүн мектеп директору жана мугалимдери толук жооп беришет.

Ал эми мектептин уставы болсо – бул Конституциядан, кодекстен, мыйзамдан, токтомдордон кийин, төмөн (ылдый) юридикалык күчкө ээ болгон документ, жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 12.09.2011-жылдан №541 Токтому менен бекитилген Жалпы билим берүү мекемеси жөнүндө типтүү жобосуна (17.09.2014-ж. №535 редакциясында) ылайык түзүлүүсү жана бекитилүүсү керек. Бул типтүү жободо дагы мектепке, сабакка жоолукчан келүүгө тыюу салуу жөнүндө бир да сөз жазылбаган.

ЭТИКА КОДЕКСИ.

Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 19.08.2016-жылдан №43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын кодексинин 4,5,6,9,16,27,31,38,39,40,44,50,51-пунктарында төмөнкү жана башка көп талаптар жазылган, бул талаптардын баарын окуп чыксаңыздар, ар бир пунту одоно бузулгандыгын тапсак болот:

  1. Этика кодексинде кызматчылар үчүн этика ченемдери төмөнкүдөй максаттарда белгиленет:

– кызматчылардын аң-сезимине коомго жана мамлекетке кызмат кылуунун жогорку ахлак-адептүү принциптерин калыптандыруу;

– жарандардын кызматчыларга болгон ишенимин чыңдоо;

– Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүн чыңдоонун негизи катары бийликтин кадыр-баркын жогорулатуу.

  1. Кызматчылардын этика принциптери төмөндөгүлөр болуп саналат:

чынчылдыгы жана ак ниеттүүлүгү;

жүрүм-турумда жөнөкөйлүүлүгү жана токтоолугу;

– кызматтык милдеттерин аткарууда ак ниеттүүлүгү, жоопкерчиликтүүлүгү жана кесипкөйлүгү;

– этика ченемдерин бузуу фактыларына карата келишпөөчүлүгү.

  1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат өтөөдө кызматчы төмөнкүлөргө милдеттүү:

– Кыргыз Республикасынын Конституциясын, укуктук жана эл аралык укуктун ченемдерин жетекчиликке алууга;

– кызматтык милдеттерин ак ниет аткарууга, аларды жогорку кесиптик деңгээлде аткарууга умтулууга;

– адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин сактоого, жарандарга жана кызмат адамдарына кайрылууда ийкемдүү жана көңүл буруу сапаттарын көрсөтүүгө;

кызматтык ыйгарым укуктардын алкактарынан чыкпоого;

– жеке жана партиялык кызыкчылыктардын коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарынан жогору турушуна жол бербөөгө;

мамлекеттин кадыр-баркын көтөрүүгө аракеттенүүгө, жетекчиликти жана мамлекет тарабынан жүргүзүлгөн саясатты ачык сындабоого;

– мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен коргоого алынган, анын ичинде кызматты токтоткондон кийинки мезгилдин ичинде башка жашыруун сырды мыйзам менен белгиленген тартипте сактоого;

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулушунун ага белгилүү болгон фактылары жөнүндө жетекчиликке жана тиешелүү органдарга токтоосуз маалымдоого;

– улуттук, жаш курагы, тили, гендердик жана башка белгилер, ошондой эле саясий жана диний көз караштар боюнча кодулоого жол бербөөгө.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 09.01.2001-жылдан №11 Указы менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларынын этикасынын негиздери жөнүндө жобонун» 4,5,7-пунктарында дагы ушул сыяктуу талаптар жазылган.

Ушул этика кодекстеринде көрсөтүлгөн талаптар мектеп директорлору тарабынан эч бир аткарылбай жаткандыгын байкасак жана далилдесек дагы болот.

ЭМГЕК КОДЕКСИ.

Кыргыз Республикасынын 04.08.2004-жылдан №106 Эмгек кодексинин 83-статьясына (3, 6, 8, 11, 12-пунктарга көңүл буруңуздар) ылайык, аныкталбаган мөөнөткө түзүлгөн эмгек келишими, ошондой эле мөөнөттүү эмгек келишими анын колдонулуш мөөнөтү бүткөнгө чейин иш берүүчү тарабынан төмөнкүдөй учурларда бузулушу мүмкүн:

1) уюм (юридикалык жак) жоюлган, иш берүүчү (жеке жак) ишин токтоткондо;

2) кызматкерлердин санынын же штатынын кыскарышы, анын ичинде уюмду өзгөртүп кайра түзүүгө байланыштуу;

3) кызматкер төмөнкүлөрдөн улам ээлеген кызматына же аткарган ишине дал келбеген:

а) медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалына байланыштуу;

б) аттестациянын натыйжаларында тастыкталган квалификациясынын жетишсиздиги, эмгек ченемдерин аткарбагандыгы тууралу маалымкат, брак чыгаруу жана башка маалыматтар жөнүндөгү актыларга ылайык;

4) уюмдун мүлк ээси алмашканда (уюмдун жетекчисине, анын орун басарларына жана башкы бухгалтерине карата);

5) эгерде кызматкердин тартиптик жазасы бар болсо, ал бир нече ирет жүйөлүү себептерсиз эмгек милдеттенмелерин аткарбаса;

6) кызматкер эмгек милдеттерин төмөнкүдөй бир жолу одоно бузса:

а) ишке келбесе (жүйөлүү себептерсиз жумуш күнүнүн аралыгында 3 сааттан ашуун катары менен иште жок болсо);

б) иште алкоголдук, баңги же ууландыруучу уулуу заттарга мас абалында келсе. Мындай абал медициналык корутунду, күбөлөрдүн көрсөтмөсү же кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органы менен бирдикте иш берүүчү тарабынан түзүлгөн акты менен тастыкталат;

в) иш ордунда уюмдун атайлап туруп уурдаса же бүлүндүрсө;

г) жаракат алганы жана аварияны кошкондо, оор кесепеттерге алып келген эмгекти коргоо талаптарын кызматкер бузса;

д) эмгек милдеттерин аткарууга байланыштуу кызматкерге белгилүү болгон мамлекеттик, кызматтык, банктык, коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сырларды ачыкка чыгарып жиберүүсү, эгерде аны сактоо жөнүндө шарт эмгектик келишимде каралса.

Кызматкерлердин айрым категорияларына карата мыйзамдарда жана уставдарда, тартип жөнүндө жоболордо эмгек милдеттерин бир жолку бузуулардын башка түрлөрү да каралышы мүмкүн;

7) акча же товардык баалуулуктарды түздөн-түз тейлеген кызматкер күнөөлүү иш-аракеттерди жасаса, эгерде бул иш-аракет ага иш берүүчү тарабынан ишенимди жоготуу үчүн негиз болсо;

8) тарбиялоо иш-милдетин аткарган кызматкер бул ишти улантууга туура келбеген моралга жат иштерди жасаса;

9) уюмдун (филиал, өкүлчүлүк) жетекчиси, анын орун басарлары жана башкы бухгалтери уюмдун мүлкүнүн сакталышын бузууга, укуктан тышкары колдонууга же башка зыяндарга алып келүүчү негизсиз чечим кабыл алса;

10) эмгек келишимин түзүүдө кызматкер иш берүүчүгө жасалма документтерди же атайлап жалган маалыматтарды берсе, эгерде бул документтер же маалыматтар эмгек келишимин түзүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналса;

11) уюмдун (филиалдын, өкүлчүлүктүн) жетекчиси, анын орун басарлары өзүлөрүнүн эмгек милдеттерин бир жолу одоно бузса;

12) ушул Кодексте жана башка мыйзамдарда белгиленген башка учурларда.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка муниципалдык ченемдик-укуктук актыларда каралган тартипте мамлекеттик кызматты, муниципалдык кызматты ээлеген адам ишеним жоготкондугуна байланыштуу төмөнкү учурларда бошотулууга жатат:

– түздөн-түз акчалай же товардык баалуулуктарды тейлеген кызматкер күнөөлүү аракеттерди жасаганда;

кызыкчылыктардын кагылышуусунун бир тарабы болуп эсептелген адам тарабынан аны алдын алуу жана (же) жөнгө салуу боюнча чаралар көрүлбөгөндө;

– адам тарабынан өзүнүн кирешелери жөнүндө, мүлкү жана мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелери тууралуу, ошондой эле өзүнүн жубайынын жана жашы жетелек балдарынын кирешелери жөнүндө, мүлкү жана мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелери тууралуу маалымат берилбесе же болбосо атайын жалган же толук эмес маалыматтарды берсе;

– мыйзамда белгиленген учурларды кошпогондо, адам коммерциялык уюмдун башкаруу органынын ишине акы алуунун негизинде катышса;

– адам тарабынан ишкердик иш жүзөгө ашырылса;

– эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын аймагында аракеттенген саясий партиялардын, башкаруу органдарынын жана чет мамлекеттик коммерциялык эмес өкмөттүк эмес органдардын камкорчулук же байкоо кеңештеринин, башка коммерциялык эмес өкмөттүк эмес уюмдардын, алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн курамына кирсе.

Мамлекеттик же муниципалдык кызматты ээлеген адамга кызыкчылыктардын кагылышына алып келген же алып келе турган жеке кызыгуу ага баш ийген адамда пайда болгондугу белгилүү болуп калса, таламдардын кагылышуусун алдын алуу жана (же) жөнгө салуу боюнча чараларды көрбөгөн учурда ишеним жоготкондугуна байланыштуу бошотулууга (кызматтан бошотулууга) тийиш.

Мектепте жоолукка каршы чыккан мектеп директорлорун жана мугалимдерин Эмгек кодексинин 83-статьясында көрсөтүлгөн негиздер боюнча кызматтан кетирүү кыйынчылыкты жаратпайт, андыктан ушул багытта даны далил жана негиз топтоо керек.

ЖОРУКТАР ЖӨНҮНДӨ ЖАНА ЖАЗЫК КОДЕКСИ.

(Эскертүү: жалпак тилде түшүндүрүү жана жеткирүү максатта төмөндөгү көрсөтүлгөн “Жоруктар жөнүндө” кодексинин жана “Жазык кодексинин” беренелериндеги сүйлөмдөр динге, жоолукка байланыштуу жерлери гана көрсөтүлдү, калган сөздөрү алынып салынды, толук редакцияларын Кодекстердин өзүнөн окуп чыксаңыздар жана адвокаттан тактап алсаңыздар болот.)

Кыргыз Республикасынын 01.02.2017-жылдан №18 Жоруктар Жөнүндө Кодексинин  84-беренесине ылайык, абийир жана дин тутуу эркиндиги укугун жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылгандыгы үчүн – 20000 (жыйырма миң) сомдон 30000 (отуз миң) сомго чейин айып пул түрүндөгү жазага тартылат.

Кыргыз Республикасынын 02.02.2017-жылдан №19 Жазык кодексинин 185-беренесине ылайык, адамдын тең укуктуулугун бузгандыгы үчүн, тактап айтканда туткан динине же башка ишенимдерине жараша билим алуу укуктарды тикелей, же болбосо кыйыр чектегендиги үчүн –

2,5 жылдан 3 жылга чейин түзөтүү жумуштарына же 220 000 (эки жүз жыйырма миң) сомдон 300 000 (үч жүз миң) сомго чейин айып пул салууга, же 2 жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз 2,5 жылга чейин же 5 жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

      Жазык кодексинин 313-беренесине ыла            йык, диний кастыкты (араздашууну) козутууга, ар-намысты кемсинтүүгө багытталган аракеттери, ошого тете жарандардын диний таандыктыгы боюнча начардыгын пропагандалоо, ачык же жалпыга маалымдоо каражаттарын пайдалануу, ошондой эле Интернет тарамдарынын жардамы менен жасагандыгы үчүн – 5 жылдан 10 жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Жазык кодексинин 321-беренесине ылайык (бийликтен аша чабуу) кызмат адамы тарабынан же анын буйругу боюнча, анын айтканы, же анын макулдугу менен ал адамдын ыйгарым укуктарынын чегинен ачыктан ачык чыккан аракеттерди жасоо – 4 жылдан 5 жылга чейин белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же 2,5 жылдан 3 жылга чейин түзөтүү жумуштарына, же 220 000 (эки жүз жыйырма миң) сомдон 260 000 (эки жүз алтымыш миң) сомго чейин айып салууга, же 2,5 жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

КАНДАЙ ЧАРА КӨРӨБҮЗ.

Жоолукка каршы чыккан мектеп директору, мугалимдерине карата ушундай жаза, жоопкерчиликтер каралса, анда эмнеге алар коркпой эле, жазаланбай эле мыйзамсыздыгын эркин улантып эле жүрүшөт? А анткени, биринчиден, ошол мектеп директорлору мындай жазаларды өздөрү жакшы билишпейт, жана эч ким буга чейин жазалана элек, а экинчиден азыр бул багытта ар бир мектеп директорун көзөмөлдөө жана жазалоо эч кимге кереги жок жана убактысы да жок, үчүнчүдөн, ата энелер пайдасыз талашып, тартышып эле жүрүшө берет, адвокаттарга, сотко кайрылышпайт, кайрылышса дагы ойдогудай өжөрлүк, даярдык менен аракеттенишпейт.

Биздин кадамдар: 1) мектеп директорунун жана мугалимдеринин жоолукка каршы айткан сөздөрүн, аракеттерин диктофон, видеого жазып, аларга каршы далил топтойбуз, 2) жана ошол мектеп болуп келген, болуп жаткан башка мыйзам бузуу фактыларын дагы топтойбуз, мисалы мектептин фонду, мыйзамсыз акча топтоолор, паракорчулук, бюжеттин акчасын жемей ж.б. каалаган фактылар, мейли ал факты тастыкталбаган болсун, 3) буга чейин кайсы кыздардын, качан, кантип жоолуктарын чечтирген, ошол маалыматтарды топтойбуз, кыздардын аты жөнү, даректери да керек, алар тастыктап бериши керек, 4) прокуратурага жазык жоопкерчилигине тартуу жөнүндө арыз жазуу жана тапшыруу керек (үлгүгө карап), 5) билим берүү министрине кызматтан бошотуу тууралу арыз жазып, жөнөтүү керек (үлгүгө карап), 6) арыздардын каралышын, мыйзамдуу чечилишин сурап, тактап, талап кылып туруу керек, 7) бардык аракеттер юрист, адвокат менен макулдашылып туруусу керек.

Эскертүү: далилдерди, фактыларды топтобой туруп деле, азыр эле арызды жазып, тапшырса да жарай берет, калган фактыларды кийин келтире бересиздер.

 

 

АРЫЗДАРДЫН ҮЛГҮЛӨРҮ.

ПРОКУРОРГО АРЫЗДЫН ҮЛГҮСҮ.

* * * * * * * * * * * * * * * * * * * *

 

СУЗАК РАЙОНУНУН ПРОКУРОРУНА

Сузак району, Барпы айыл өкмөтү, Үлгү айылы,

Мисалов көчөсү, №16-үйүнүн тургуну

17.12.1972-ж.т. Бадалова Айгерим Сезимовнадан

тел: 0777661377, 0557661377 (адвокаттын номери)

АРЫЗ.

Сузак району, Барпы айыл өкмөтү, Үлгү айылында жайгашкан, Бекмамат Осмонов атындагы №45 орто мектебинин директору Адепсизова Дилбара Урматовна менин кызым 2007-жылы туулган 5а-классынын окуучусу Ыманбек кызы Сезимгүлдү 2019-жылдын 03-сентябрь күнү “жоолугуңду чечип келмейинче, мектепке, сабакка киргизилбейсиң, силерге окшогон оронгондор көбөйүп кетти, биз арабстанда жашабайбыз, бул светтик өлкө, оронгон, сакалчандар Сирияга кетип жатышат, өздөрүн өлтүрүп жатышат, артта калганыңар үчүн, баланча сабактан жакшы өздөштүрбөй жатасыңар да, бар, жоолугуңду чечип кел” – деген сөздөр менен кызымды мектептен кайтарып жиберди, ошол сөздөрүн классташтары, башка класстардын окуучулары, мугалимдердин, чоочун адамдардын көзүнчө жана абдан орой, жагымсыз жийиркенген үн менен сүйлөптүр. Кызым ошол күндөн бери катуу стресске түшүп, ыйлап, ойго түшүп калды, “кызым, барчы мектепке, балким киргизип калаар” – десем, коркуп барбай жатты. 06-сентябрь күнү кызым менен чогуу барганыбызда дагы, мектеп директору, зав.уч Гулумкан эже бирге болушуп, ошол сыяктуу эле сөздөрдү жана башка дагы абдан адепсиз, орунсуз сөздөрдү айтышып, “биз светтик өлкөбүз, бул жак болсо мектеп, медресе, мечит эмес, биз кызыңдын жоолугуна уруксат бербейбиз” – деп кызымды сабакка киргизбей коюшту. Ошол күндөн кийин үйдө тынчтык жок, жолдошум, туугандарыбыздын арасында ар кандай сөздөр, талаш тартыштар көбөйүп, үйүбүздөн тынчтык, бейпилдик качты. Андан сырткары, ушул эле мектеп директору жана зав.уч 04-сентябрь күнү Булак айылынын тургуну Айкөкүл аттуу келиндин 6в-класста окуган Гулжан аттуу кызын, жана 6а-класстын окуучусу Айзат аттуу кызды дагы ушул сыяктуу кылып, мектепке киргизбей коюптур. Биз ошол күндөн бери кызыбызды же өзүбүдүн мектебибизге бере албай же башка мектепке которо албай жүрөбүз, биздин билим алууга болгон укугубуз мыйзамсыз түрдө чектелүүдө, жана дин тутунуубузга байланыштуу алардын сөздөрү айылыбызда диний аралык жаңжалды жаратты, көчөбүздө бир эки тургундар бизди мыйзамды, тартипти, салтты сыйлабаган адамдар катары кабыл кылып, ортодо сөздөр аралап, бир эки конфликт дагы орун алды. Райондук билим берүү башкармалыгына 09-сентябрь күнү барып кайрылганыбызда дагы, жоолукчан мектепке келүүгө болбойт деген жоопту алдык. Башка чарабыз калбады, юристке кайрылдык. Ушул сыяктуу эле жоолук боюнча мыйзамсыз көрүнүш коңшу Алтын-Пахта айылындагы Н.Исанов атындагы №33 мектебинде дагы орун алып, бир нече жоолукчан кыздар мектепке сабакка кире алышпай жатышат экен, бул маалымат дагы тастыкталган, мектеп директорун чакырсаңыз, мойнуна алат деп ойлойбуз, ата энелер жазуудан коркуп жатышат, бирок мектеп директорунун жоолукка, динге, намыска асылган сөздөрү диктофонго жазылып алыныптыр, зарыл болсо далил бар.

Андан сырткары, мектеп директору тарабынан ата энелерден ай сайын 350 сомдон топтолуп келет, адамдардын шартына карашпайт, бербеген ата энелерге кысым жасалат. Ошондой эле, физика сабагы боюнча жогорку билими жок Алманбет аттуу киши эмгектенип келет, ал кантип жумушка орношуп калды, кантип эмгек акы алып жатат, кантип окуучуларга сабак берип жатат бизге белгисиз, балким башка адамдын атынан иштеп жатышы да мүмкүн. Жана бир нече мугалимдердин айлыктарынан мыйзамсыз түрдө акча кармап калат экен деп көптөн бери угуп келебиз. Бул маамылаттарды мен далилдер менен тастыктай албаймын, бирок мектептин финансылык, чарбалык ишмердүүлүгүн текшерсеңиздер, ушул жана башка дагы мыйзам бузуу фактылар чыгуусу мүмкүн жана ага райондук билим берүү башкармалыгын түздөн түз тиешеси бар экендигин да аныкталуусу мүмкүн.

Бизде мектептин директорунун, зав.учтун жана райондук билим берүү башкармалыгынын жоолукка каршы болгон көз караштарын билдирген сөздөрү диктофонго жазылып алынган, эгер алар сөздөрүн танышса, далил катары келтире алабыз. Юристтен кеңеш алсак, мындай мыйзамды жана адам укуктарын сыйлабас адамдар мектепте иштебеши керек экен жана эркиндигинен ажыратылышы да мүмкүн экен.

Жогоруда аталган мектеп директору жана зав.уч Конституциянын 16,20,31,32,45-беренелерин, «Билим берүү жөнүндө» мыйзамынын 3-статьясын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын кодексинин 4,5,6,9,16,27,31,38,39,40,44,50,51-пунктарын, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларынын этикасынын негиздери жөнүндө жобонун» 4,5,7-пунктарынын талаптарын одоно түрдө бузушуп, мыйзамдарды эч билбестигин жана сыйлабастыгын ачык билдиришип, бизге материалдык жана моралдык түрдө олуттуу түрдө зыян келтиришти, анын өлчөмүн аныктоо жана өндүрүү үчүн эксперт, психолог, юристтерге кайрылабыз. Булардын кылган иш аракеттеринде жазык кылмыштын курамынын белгилери дагы бар экен.  О.э. эмгек кодексинин 83-статьясынын 3, 6, 8, 11, 12-пунктарына ылайык, булар кызматтан бошотулуусу да зарыл.

Жогорудагыларга байланыштуу, Сиздерден суранабыз:

1) Аталган мектептин директору Адепсизова Дилбара Урматовнага жана зав.уч Гүлүмкан эжеге карата Жазык кодексинин 185, 313, 321-беренелери жана башка тийиштүү беренелери менен жазык жоопкерчилигине тартып берүүңүздөрдү, мындай билим берүү тармагындагы кызматтарда жакынкы 5-10 жылда иштешпесин, ири суммадагы айып пулдар салынсын.

2) Аталган мектепте жана райондук билим берүү башкармалыгында финансылык, чарбалык, кадр, дайындоо, эмгек акы маселелери боюнча комплекстүү түрдө толук кандуу текшерүү жүргүзүүңүздү.

3) Мектеп директоруна кызмат ордуна дал келбегендигине жана одоно мыйзам бузуу жасагандыктары үчүн кызматтан бошотуу жөнүндө сунушуңуз менен билим берүү министрине кайрылууңузду.

4) Арызыбызда көрсөтүлгөн башка мыйзам бузуу фактылары боюнча дагы тийиштүү күнөөлүү адамдары жазык жоопкерчиликке тартууңузду.

 

Арыз ээси        колу/подпись                         А.С.Бадалова   13.09.2019-жыл.

 

* * * * * * * * * * * * * * * * * * * *

 #ЭСКЕРТҮҮ:

Бул арыз божомолдоп, үлгү катары жазылды, окуянын оруну, күнү, жагдайлары башкача болушу мүмкүн, арызга жоолукка каршы айтылган сөздөр, аракеттер тууралу окуяларды толук чагылдыргыла, бирок башка мыйзам бузуу фактыларды дагы көрсөтүп койсоңор туура жана жакшы болот. Арызды прокуратурага паспортуңар менен барып, өзүңөр барып тапшыргыла, бирок прокуратурада бул арызыңарды албай, өздөрүнүн атайын бланкасынан ушул арызыңарды көчүргүзүп жаздырышы мүмкүн, бул жаңы мыйзам талаптары, андан чоочулабай, зерикпей көчүрүп чыккыла. Бирок, эгер бош убактыңар жок болсо же жергиликтүү прокуратура арызымды эч албайт деп ойлосоңуздар, анда ушул арызыңарды https://www.prokuror.kg/communication-with-the-public/internet-prijomnaya.html шилтемеси аркылуу кирип, Башкы прокуратурасынын интернет кабылдамасы аркылуу арызды терип чыксаңыздар болот же ушул арыздын кол коюлган сканерленген вариантын statement@prokuror.kg   электрондук дарегине жиберип койсоңуздар дагы болот. Бирок баары бир прокуратурага сиздерди бир күнү чакырышат, чакырганда барып, атайын бланкада арызын дагы толтуруп берүүңүз керек болот.

Жоолук боюнча ызы чууну интернет, соцтармактарга, телевидениеге чыгарбоону сунуш кылат болчук, анткени бул эч кандай пайдалуу жыйынтык бербейт, ашыкча сөздөрдү гана пайда кылат.

 

БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРИНЕ АРЫЗДЫН ҮЛГҮСҮ.

* * * * * * * * * * * * * * * * * * * *

 

                                                                                  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ

БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИ

К.ИСАКОВГО

720040, Бишкек ш. Тыныстанов көч. №257

Эл.дареги: minedukg@gmail.com

Сузак району, Барпы айыл өкмөтү, Үлгү айылы,

Мисалов көчөсү, №16-үйүнүн тургуну

17.12.1972-ж.т. Бадалова Айгерим Сезимовнадан

тел: 0777661377, 0557661377 (адвокаттын номери).

 

АРЫЗ.

Сузак району, Барпы айыл өкмөтү, Үлгү айылында жайгашкан, Бекмамат Осмонов атындагы №45 орто мектебинин директору Адепсизова Дилбара Урматовна менин кызым 2007-жылы туулган 5а-классынын окуучусу Ыманбек кызы Сезимгүлдү 2019-жылдын 03-сентябрь күнү “жоолугуңду чечип келмейинче, мектепке, сабакка киргизилбейсиң, силерге окшогон оронгондор көбөйүп кетти, биз арабстанда жашабайбыз, бул светтик өлкө, оронгон, сакалчандар Сирияга кетип жатышат, өздөрүн өлтүрүп жатышат, артта калганыңар үчүн, баланча сабактан жакшы өздөштүрбөй жатасыңар да, бар, жоолугуңду чечип кел” – деген сөздөр менен кызымды мектептен кайтарып жиберди, ошол сөздөрүн классташтары, башка класстардын окуучулары, мугалимдердин, чоочун адамдардын көзүнчө жана абдан орой, жагымсыз жийиркенген үн менен сүйлөптүр. Кызым ошол күндөн бери катуу стресске түшүп, ыйлап, ойго түшүп калды, “кызым, барчы мектепке, балким киргизип калаар” – десем, коркуп барбай жатты. 06-сентябрь күнү кызым менен чогуу барганыбызда дагы, мектеп директору, зав.уч Гулумкан эже бирге болушуп, ошол сыяктуу эле сөздөрдү жана башка дагы абдан адепсиз, орунсуз сөздөрдү айтышып, “биз светтик өлкөбүз, бул жак болсо мектеп, медресе, мечит эмес, биз кызыңдын жоолугуна уруксат бербейбиз” – деп кызымды сабакка киргизбей коюшту. Ошол күндөн кийин үйдө тынчтык жок, жолдошум, туугандарыбыздын арасында ар кандай сөздөр, талаш тартыштар көбөйүп, үйүбүздөн тынчтык, бейпилдик качты. Андан сырткары, ушул эле мектеп директору жана зав.уч 04-сентябрь күнү Булак айылынын тургуну Айкөкүл аттуу келиндин 6в-класста окуган Гулжан аттуу кызын, жана 6а-класстын окуучусу Айзат аттуу кызды дагы ушул сыяктуу кылып, мектепке киргизбей коюптур. Биз ошол күндөн бери кызыбызды же өзүбүдүн мектебибизге бере албай же башка мектепке которо албай жүрөбүз, биздин билим алууга болгон укугубуз мыйзамсыз түрдө чектелүүдө, жана дин тутунуубузга байланыштуу алардын сөздөрү айылыбызда диний аралык жаңжалды жаратты, көчөбүздө бир эки тургундар бизди мыйзамды, тартипти, салтты сыйлабаган адамдар катары кабыл кылып, ортодо сөздөр аралап, бир эки конфликт дагы орун алды. Райондук билим берүү башкармалыгына 09-сентябрь күнү барып кайрылганыбызда дагы, жоолукчан мектепке келүүгө болбойт деген жоопту алдык. Башка чарабыз калбады, юристке кайрылдык. Ушул сыяктуу эле жоолук боюнча мыйзамсыз көрүнүш коңшу Алтын-Пахта айылындагы Н.Исанов атындагы №33 мектебинде дагы орун алып, бир нече жоолукчан кыздар мектепке сабакка кире алышпай жатышат экен, бул маалымат дагы тастыкталган, мектеп директорун чакырсаңыз, мойнуна алат деп ойлойбуз, ата энелер жазуудан коркуп жатышат, бирок мектеп директорунун жоолукка, динге, намыска асылган сөздөрү диктофонго жазылып алыныптыр, зарыл болсо далил бар.

Андан сырткары, мектеп директору тарабынан ата энелерден ай сайын 350 сомдон топтолуп келет, адамдардын шартына карашпайт, бербеген ата энелерге кысым жасалат. Ошондой эле, физика сабагы боюнча жогорку билими жок Алманбет аттуу киши эмгектенип келет, ал кантип жумушка орношуп калды, кантип эмгек акы алып жатат, кантип окуучуларга сабак берип жатат бизге белгисиз, балким башка адамдын атынан иштеп жатышы да мүмкүн. Жана бир нече мугалимдердин айлыктарынан мыйзамсыз түрдө акча кармап калат экен деп көптөн бери угуп келебиз. Бул маамылаттарды мен далилдер менен тастыктай албаймын, бирок мектептин финансылык, чарбалык ишмердүүлүгүн текшерсеңиздер, ушул жана башка дагы мыйзам бузуу фактылар чыгуусу мүмкүн жана ага райондук билим берүү башкармалыгын түздөн түз тиешеси бар экендигин да аныкталуусу мүмкүн.

Бизде мектептин директорунун, зав.учтун жана райондук билим берүү башкармалыгынын жоолукка каршы болгон көз караштарын билдирген сөздөрү диктофонго жазылып алынган, эгер алар сөздөрүн танышса, далил катары келтире алабыз. Юристтен кеңеш алсак, мындай мыйзамды жана адам укуктарын сыйлабас адамдар мектепте иштебеши керек экен жана эркиндигинен дагы ажыратылышы да мүмкүн деп түшүндүрүштү жана статьяларды да көрсөтүп беришти.

Жогоруда аталган мектеп директору жана зав.уч Конституциянын 16,20,31,32,45-беренелерин, «Билим берүү жөнүндө» мыйзамынын 3-статьясын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын кодексинин 4,5,6,9,16,27,31,38,39,40,44,50,51-пунктарын, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларынын этикасынын негиздери жөнүндө жобонун» 4,5,7-пунктарынын талаптарын одоно түрдө бузушуп, мыйзамдарды эч билбестигин жана сыйлабастыгын ачык билдиришип, бизге дагы материалдык жана моралдык түрдө олуттуу түрдө зыян келтиришти, анын өлчөмүн аныктоо жана өндүрүү үчүн эксперт, психолог, юристтерге кайрылабыз. Булар мектепте паракорчулук көрүнүштү дагы болтурбоонун ордуна, каршы чыккандарды кысымга алууда. Булардын кылган иш аракеттеринде жазык кылмыштын курамынын белгилери дагы бар экен.  О.э. эмгек кодексинин 83-статьясынын 3, 6, 8, 11, 12-пунктарына ылайык, булар кызматтан бошотулуусу да зарыл.

Жогорудагыларга байланыштуу, Сизден суранабыз:

1) Айтылган фактылар боюнча атайын министрликтен калыс комиссияны жөнөтүүңүздү жана кызматтык этикалык иликтөөнү толук кандуу жүргүзүүңүздү, баарын сурап, иликтөөнү.

2) Аталган мектептин директору Адепсизова Дилбара Урматовнага жана зав.уч Гүлүмкан эжени эмгек кодексинин 83-статьясынын 3, 6, 8, 11, 12-пунктарынын негизинде кызмат ордунан бошотууну.

3) Райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы ушул сыяктуу мыйзамсыз көрүнүштөрдү алдын алуунун ордуна, көмөктөшкөндүгү үчүн ага сөгүш жарыялоону.

4) Башка область, район, шаарлардагы бардык орто мектептерге, билим берүү башкармалыктарына мындай мыйзам бузуу фактылар орун албастыгы үчүн буйрутма, эскертүүлөрдү жиберүүңүздөрдү жана ушул мектеп директорлорунун жазалангандыгын дагы үлгү катары жалпы маалымдоо каражаттарына жарыялооңузду.

5) Биздин кызыбызды мектепке кайра калыбына келтирүүңүздү.

6) Мектептеги бардык мыйзамсыз фондо школ, топтомойлорду токтотууңузду.

 

Арыз ээси        колу/подпись                         А.С.Бадалова   13.09.2019-жыл.

* * * * * * * * * * * * * * * * * * * *

#ЭСКЕРТҮҮ:

Бул арыз божомолдоп, үлгү катары жазылды, окуянын оруну, күнү, жагдайлары башкача болушу мүмкүн, арызга жоолукка каршы айтылган сөздөр, аракеттер тууралу окуяларды толук чагылдыргыла, бирок башка мыйзам бузуу фактыларды дагы көрсөтүп койсоңор туура жана жакшы болот. Арызды

Жазып, кол коюп, почта аркылуу 720040, Бишкек ш. Тыныстанов көч. №257  дареги боюнча жөнөтсөңүздөр болот, же интернет аркылуу ушул арыздын кол коюлган сканерленген вариантын minedukg@gmail.com электрондук дарегине жөнөтсөңүздөр болот. Арызыңыздын негизинде 5-10 күндүн ичинде жыйынтыктар, иш чаралар тууралу билине баштайт, өздөрү чалышат, күтөсүз.

Жоолук боюнча ызы чууну интернет, соцтармактарга, телевидениеге чыгарбоону сунуш кылат болчук, анткени бул эч кандай пайдалуу жыйынтык бербейт, ашыкча сөздөрдү гана пайда кылат.

ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ СӨЗДӨР.

Мынчалык одоно (нагло), адепсиздик, урматсыздык, негизсиз, мыйзамсыз түрдө мусулман адамдардын эркин билим алып, эркин жашоосуна каршылык көрсөткөн мектеп директорлоруна бооруңуздар ооруп, арызыңарды артка алып койбоңуздар, буга чейин эч ким жазаланбай келгендиги үчүн динди түшүнгүсү жана кабыл кылгысы келбеген мектеп директорлору бардык област, райондордо көптөгөн окуучу кыздарды өздөрү каалагандай укуктарын тебелеп, кордоп, шылдыңдап, кемсинтип жатышат. Башында бир эки мектеп директорлору кызматтан алынуусу керек, буга жетиштүү жана талашсыз негиздер бар экени жогоруда көрсөтүлдү, эми сиздер өзүңүздөр үчүн эмес башка айыл, райондордогу жарандар үчүн дагы укук коргоонун бир сонун үлгүсүн көрсөтүңүз, бирок ийгиликке сиз юрист, адвокат менен макулдашып, иш кылмайын жетүүңүз кыйыныраак болот.

Арыздардын жыйынтыгын дагы күтпөй элчиликти дагы ортого салсаңыз болот, мисалы айылыңыздагы сый-урматтуу аксакал, айыл башчыларын, мусулмандарды, элин колдогон депутат, аким, бизнессмен, спортсмендерди ортого салып дагы маселени чечүү жагын ойлонуштуруп көрүңүздөр, акыры ал мектеп директору мектеп окуучусунан жана анын ата энесинен коркпосо, жок дегенде көчөдө, эл арасында, той-патада жүрөт, ошол жерлерде бети кызарып, жерди карап, уялтып коё турган сүрдүү, сөздүү адамдар табылаар.

Дагы бир кеңешим, мектепке ар барганда адвокат же юристти ээрчитип кошо барсаңыздар, юрист мектеп директорун суроолору жана жооптору менен чарчатып салат, адвокат, юристтен сүрдөнүшөт.

(Бизге мектептерде жоолукка каршы чыккан фактылар боюнча өтө көп адамдар кайрылышкандыктан, бул макаланы шашылып жана кыска убакытта жазууга туура келди, андыктан кемчилдиктер болсо, кийин толуктайбыз, суроолор болсо ватсапыма кайрыла бериңиздер, биз адвокат катары мамлекеттик кызматкерлер, жетекчилер менен мыйзам талаасында талаша берип, алардын укук милдеттерин жакшы билип калганбыз, жөндөн жөн эле сиздерди курулай күүлөп жаткан жокпуз, каалаган мектеп директору, билим берүү башкармалыгы, жана башка кызмат адамы менен укук маселелесинде талкуулоо жүргүзүүгө даярбыз.)

Бакиров Кубанычбек Тоялыевич
Жалал-Абад шаары.
0777661377 ватсап,
0557661377, 0507661377.

13-сентябрь 2019-ж

Ачкыч сөздөр
Улантуу
WhatsApp группабызга кошулуңуз!

Эми биздин маалыматтарды Whatsapp аркылуу окуй аласыздар.

Бизге жазылуу үчүн +996700334493 номерине кайрыңыздар!

-БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ-

Тектеш темалар

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button
Close
Close