alternatetext Багымдат: 04:16 | alternatetextКүн чыгуу: 06:02 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
Ден-соолукПайдалуу кеңештер

Хиджаб кийген айым кеч картаят

Жылдан-жылга элдин динден түшүнүгү кеңейип, хиджаб кийген айымдардын саны арбып барат. Бирок аларды түшүнгөндөр да, түшүнбөй туура эмес көз карашта карагандар да арбын. Эмесе, Алланын буйругу болгон хиджаб тууралуу сөз кылалы.

Хиджаб деген эмне?

Хиджаб – бул мусулман аялынын кийиминин аты. Аны мусулман аялдарынын кийүүсү талап кылынган, ислам дининдеги парздардын бири. Хиджаб араб тилинен которгондо «парда», «бөлүм» же «бөлүү», «калкалоо» деген маанини түшүндүрөт. Тактап айтканда, мусулман аялы хиджаб менен өзүнүн денесин жана ички дүйнөсүн, аң-сезимин жаман көздөрдөн, коомдогу терс таасирлерден, адамдардын жаман мамилесинен, ыймансыздыктан коргойт деп мүнөздөлөт.

 

Хиджабды эмне үчүн кийүү керек?

1. Хиджаб кийүүнүн эң башкы себеби — бул Алланын буйругу. Эгерде адам акыр кыяматка ишенсе, анда Алланын буйругун аткарат.

2. Бул бейишке чейинки сыноо. Башкача айтканда, эгерде аялзаты өзүнүн сулуулугун көргөзүү менен мактанбай, жашырып жүрсө, эмки жашоосунда андан да көп сулуулукка ээ болот.

3. Психологдор жылаңачтанып, өзүн көргөзгүсү келгендер мактанчаак кыздар экенин далилдешкен. Ислам жагымдуу зат болгон аялдарды өзүнүн алсыз жагынан аттап өтүп, күчтүү адам катары көрсөтөт.

4. Жылаңачтанган аялдар өзүнүн сулуулугун көрсөтүү менен эркектердин кумарын козгоп, психикасын бузат.

5. Хиджаб кийген аялдар арасында тең салмактуулук сакталат. Албетте, аялдардын баары жагымдуу. Бирок арасында өтө сулуусу да, өңү сертирээктери да бар. Ушундан улам хиджаб кийген аялдардын ортосунда кастык, көрө албастык сыяктуу сезимдер аз болот.

6. Аялдын өзүнүн коопсуздугу. Эркектер жылаңачтанган кыздарга кол салышат. Хиджаб кийген кыздарга даай алышпайт. Мусулман кийими аялдарды кылмышкерлерден да коргойт.

7. Аялдын бактысы жана үй-бүлөсүнүн сакчысы. Хиджаб кийген аял сулуулугун күйөөсүнө гана көрсөтөт. Андыктан ал үй-бүлөдө ишеним жана бактылуулук болот.

 

Хиджаб кандай болушу керек?

– Шариат аялдардын жүзү менен колунан башка жерин жабууну талап кылат. Аягы да жабык болуусу керек.

– Адамдардын көңүлүн бура турган өтө ачык түстөгү, баалуу таштар менен кооздолгон кийимдерди кийүүгө болбойт.

– Денеге жармашып, мүчөнү билдирип турганы да туура эмес, кенен болушу абзел.

– Жука эмес, дене көрүнбөгөндөй кездемеден болушу шарт.

– Моюн ээкке чейин жабылышы керек.

 

Эскертүү

Шариатта аял киши өзүнүн атасы, бир туугандары, атасынын бир туугандары, күйөөсү жана кайнатасынын көзүнчө жамынбай жүрсө болот. Андан башка эркектердин алдында жамынуусу зарыл.

 

Хиджабдын пайдалары

Ысыктын күнү башты сөзсүз түрдө бир нерсе менен жаап жүрүү керек, болбосо башка күндүн ысыгы өтүп, эси ооп калуу коркунучу бар. Чачка да ысык жана күндүн шооласы коркунучтуу.

Жогорку температурада чач нымдуулугун жоготуп, кургак болуп калганы байкалат. Ультрафиолет шооласы чачтын үстүнкү катмарын бузат. Андан улам чач серпилгичтигин жоготуп катуу болуп, оңой менен иретке келбей калат.

Медиктер табигый кездемеден тигилген, денеге чапташпаган, терини күндүн зыяндуу нурларынан сактай турган жана аба өткөргөн кийимдерди тандоону сунушташат. Чыпташкан кийимдер денени абдан ысытат. Ысыктан улам дене тердейт, күндүн түз тийген нурунан тер бууланат да, дене өтө ысып баштайт. Андыктан күндүн ысыгында хиджаб эң ыңгайлуу кийим болуп эсептелет.

Организм температура 37 градустан жогорулаганда активдүү тердейт. Тер аркылуу көп суу жоготкондон кан тунат да, кандын тамырда уюшу пайда болот. Бул нерсе өзгөчө өнөкөт суук тийгени бар, аз кыймылда болуп кеңседе иштегендер үчүн абдан коркунучтуу.

Ошондой эле денеге өткөн күндүн нуру убагынан эрте картаюуну чакырат. Ал эми бардык жери жабык кийим денени күндүн зыяндуу нурларынан сактайт. Натыйжада хиджаб кийген аялдын жаштыгы жана сулуулугу көпкө сакталат. Бул илимде далилденген.

 

Кандай түрлөрү бар?

Шариатта мусулман аялдарынын кийимдеринин бир топ түрү бар. Муфтияттын фатва бөлүмүнүн билдиргенине караганда аял хиджабдан баштап калганын такыбалыгына, каалоосуна жараша кие берет.

Никаб. Аялдын көзүнөн башка бардык жүзү жабылат. Ар түрдүү стилде болот, айрымдар жүзүн толук жаап алышат.

 Химар. Башка кийген, бети тешик жоолук, узундугу көбүнчө белге чейин болот. Чач,  моюн, ийин толук жабылат.

 

 Жилбаб — кол менен буттан башка бардык дене жабылган узун сырткы кийим.  Бет өзүнчө моюн орогуч менен жабылат.

 

 

Чадра. Кол үчүн да тешиги жок, бардык дене жабылат. Көп учурда башка өтө чоң эмес жоолук салынышат. Иран аялдары көп кийишет.

Дупатта – баштын айланасы оролгон, узун тик бурчтуу жоолук, аны менен ийин да буралып, төөнөлөт.

Аль-амира. Баш кийими эки бөлүктөн турат, ичкиси бекем кыналып турат жана сырты моюн орогуч менен капталат. Баш, ийин, бардык дене жабык болот.

 

Бурка – бардык дене, анын ичинде аялдын жүзү да жабылган сырткы кийим. Болгону көз үчүн кичинекей тешик болот. Муну Афганистанда кийишет.  Пакистан менен Индияда кийилген бурканын бети же көзү ачык болот.

 

Хиджаб тууралуу хадистер

“Аллага ишенген аялдар хиджаб кийүү менен башкалардын назарынан алыс болсун жана өзүнүн уяттуу жерлерин сакташсын. Өздөрүнүн сулуулугун өзгө эркектерге көрсөтпөсүн” (Куран).

Мухаммед пайгамбар мындай деген: “Эгер аял кийимин өзүнүн күйөөсүнүн үйүнөн башка жерде чечсе, Аллах ал аялды шерменде кылат”.

“Аялыңды башка эркектер суктанып карабасын десең, ага хиджаб кийгиз. Бул өзүң үчүн да, аялың үчүн да жакшы” («Тухаф аль-‘укуль», 86-бет).

“Эгер аял уяттуу жерлерин жабуу менен өзүн сактаса, ал аял бактылуу болот жана сулуулугу узакка сакталат” («Гурар аль-хикам», 5820-хадис).

Булак
"Леди"

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button