alternatetext Багымдат: 04:02 | alternatetextКүн чыгуу: 05:52 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 22:00
МакалаларПайдалуу кеңештер

💫ШАБАН АЙЫНДА КАНДАЙ ЖАКШЫ АМАЛДАР ЖАСАЙБЫЗ.

💫ШАБАН АЙЫНДА КАНДАЙ ЖАКШЫ АМАЛДАР ЖАСАЙБЫЗ.

✍🏻 Шабан айы ражаб айынан кийинки рамазан айынан мурунку ыйык айлардын бири болуп саналат.Шабан айы рамазан айына кирүүчү эшик. Рамазан айына таза кирүүнү кааласак шабан айында даярдык көрүү керек.Анда эмесе шабан айындагы кылуучу амалдарга кыскача токтолуп кетсек:

📍Алладан билип билбей кылган күнөөлөрүбүз үчүн кечирим сурап тообо кылуу.»Эй ыйманга келгендер! Максатына жетүү үчүн кылган күнөөлөрүнө чын дилден өкүнүп Аллахка моюн сунуп кайткыла.(тообо кылгыла)(Нур сүрөөсү 31-аят).

📍Рамазанда жасай турган дубалар тизмесин түзүү. Себеби Рамазандын күнүндө да түнүндө да тилектер кайтарылбай кабыл болот. Мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаш үчүн жакшы иштерди тизмектеп даярдап койгонубузон. Ошону менен бирге Алладан рамазанга аман-эсен жеткирүүсүн сурап, ушундай улуу айга күнөөсүз таза кирүүнү,сооптор менен чыгууну насип этүүсүн тилейли.

📍Ушул жакшылыктын бактылуулуктун башаты болгон Рамазан айынын келе жатканына кубануу. Себеби рамазанга аман-эсен жеткиргени бул да болсо Аллахтын мээрими.Чон мүмкүнчүлүккө жол ачылганы. Бейишке кирүүчү жолдун женилдеши. Аллах Куранда:»Бул-Алланын жакшылыгы менен ырайымы. Алар ушуга кубанышсын. Анткени бул алар өздөрүнө чогулткандан жакшыраак.»-деген(Юнус сүрөөсү 58-аят)

📍Орозонун артыкчылыгы тууралуу көбүрөөк маалымат топтоо. Жакындарга, бала-бакырага рамазан айы туралуу айтуу.

📍Рамазанда ибадатка көбүрөөк убакыт бөлуу үчүн жумуштарды ага чейин бүтүрүп кою. Көпчүлүк адамдар жазгы дем алышты Рамазанга тууралап алат. Бул да болсо өтө жакшы адат.

📍Окулбаган китептерди даярдоо. Пайгамбар(с.а.в) өмүр баянын, Куранды, анын маанисин түшүнүп окуу.

📍Сүннөткө жараша көп-көп орозо кармоо.
Абу Бакир ал-Балхи айтты.»Ражаб-эгин себүү, шабан-сугаруу, Рамазан ошол жемишти жыйноо айы. Эгинди сээп, аны сугарбаган адам кантип жемишин көрсүн?»-десе дагы бир сөзүндө:»Ражаб бул-жер, шаабан-жамгыр жаадырган булут, ал рамазан-жамгыр»-деген экен. Анда эмесе ушул шабан айында Аллахка болгон кулчулугубузду бекемдеп, соопторду көбөйтөлү.

🤗 Эми бизде убакыт көп.
Мынакей баарыбыз жумуш көп, убакыт жок деп дүнүйө жашоосу деп акырет жашоосун унута баштадык эле. Азыр болсо бизде жумуш жок убакыт бар.Балким эми акырет азыгын топтоорбуз.

Баарыбыз жумуштан чарчадым дейт элек. Мынакей Аллах бизге мүмкүнчүлүк берди. Дем алууга, айланага көз таштап, өзүбүздү жакындан таанып алуу мүмкүнчүлүгүн берди.
Балким Аллах «өзүнө өзү эсеп берсин, ойлонсун, окуйм деп жүргөн китептерин окусун, сүрөөлөрүн жаттасын, жакшы иштерин аткарсын»- деген чыгаар?..

Чынында ар бир иштин жакшы жагы бар. Бул вируста бизге көп нерсени үйрөттү. Бай-кедей, акылдуу-акылсыз болсода баары бир абадан дем алышын үйрөттү. Баарын жакшылыка деп билели жана ушул убакыттан пайдаланып акырет азыгын топтойлу.

Шабан айыда келди. Алдыда көптөр ынтызар күткөн он эки ай султаны РАМАЗАН АЙЫ күтүп турат. Ошол улуу айга кирүү үчүн ушул шабан айында даярдык көрөлү.
Эн негизгиси КУРАНГА Аллах сөзүнө өзгөчө көнүл буралы.Пайгамбар (с.а.в)сүннөт, хадистери менен жашайлы. Аткара албай жүргөн жакшы иштерибизди жасайлы. Сооптор менен амал баракчабызды толтурууга шашылалы.
Келе жаткан Рамазан айына таза күнөөсүз болуп жана ар түрдүү илдеттерден алардын ичинен коронавирустан эли-жерибиз, мамлекетибиз тазаланып, оорулуулар айыгып таза кирүү насип этсин. Омииин.

🧕Даярдаган: Жылдыз Муслима
________________________________________

Катталуу үчүн:👇🏻👇🏻👇🏻

📲WhatsApp: +996 771 822 202

📲+996 700 334 493

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ T.me/formulakg
✿ Youtube.com/FormulaMediaKG
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

2 пикир

  1. [url=https://prostopereezd.ru/]грузоперевозки по москве и области[/url]

    [url=https://prostopereezd.ru]Квартирный переезд[/url]

    Компания «Просто Переезд» несколько лет успешно специализируется на рынке грузоперевозок и переездов различной степени сложности. За это время у нас сформировалась команда профессионалов: опытных грузчиков, водителей, оценщиков, менеджеров. Мы с удовольствием выполняем свою работу. Наши отличительные качества: аккуратность, оперативность и профессионализм.

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button