alternatetext Багымдат: 04:14 | alternatetextКүн чыгуу: 06:00 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:57 | alternatetextШам: 20:01 | alternatetextКуптан: 21:49
Жаңылыктар

Григорьевка айылында жаңы мечит пайдаланууга берилди

Бүгүн, 26-августта Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Григорьевка айылындагы Пристань конушунда жаңы мечиттин курулуш иши толук аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу райондук баш имам хатиб Максат Сейталиев билдирди.

Анын айтымында, ачылыш аземге Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Турусбеков, район акими Данир Белеков, айыл өкмөт башчысы Калыс Тапаев, айыл тургундары, имамдар жана демөөрчүлүк кылган БДЖА (Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы) мүчөлөрү катышты.

“Мечиттин ачылышында эл менен биргеликте намаз окулуп, элибиздин, мамлекетибиздин тынчтыгын, келечегин сурап дуба кылдык. Бүгүнкү саамалыктын арты менен жалпыбызды кубандыра турган жана жаштарыбыздын ыйман чөйрөсүнө тарбияланышына  болгон бир чоң кадам болду”,-деди Максат Сейталиев.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button