alternatetext Багымдат: 04:28 | alternatetextКүн чыгуу: 06:11 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:52 | alternatetextШам: 19:53 | alternatetextКуптан: 21:38
Жаңылыктар

Кара-Кулжа районунда “Нурдин ата” мечити пайдаланууга берилди

Кара-Кулжа районунун Биймырза айылында ИИМдин түштүк аймагы боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы Малик Нурдиновдун демилгеси менен заманбап үлгүдө курулуп бүткөрүлгөн “Нурдин ата” мечити пайдаланууга берилди. Бул туурасында Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы.

Аталган иш-чарага Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Кыргыз Республикасынын Кувейт мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жусупбек Шарипов, КРнын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, Кара-Кулжа районунун акими Примберди Дыйканов, райондун башкы имам-хатиби Дастан ажы Мамаев жана жергиликтүү тургундар катышышты. Мечиттин ачылышы Куран окуу менен башталып,  жалпы келген коноктор айыл тургундарын мечиттин заманбап болуп бүткөрүлүшү менен куттукташты.

Иш-чаранын жүрүшүндө облус казысы Самидин кары Атабаев мечитти салууга демилге көтөрүп, мечитти курууга өзүнүн жер тилкесин  өткөрүп берип, Сауд Аравиялык демөөрчүлөр менен биргеликте жакындан жардам көрсөткөн ИИМдин түштүк аймагы боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы Малик Нурдиновго ыраазычылык билдирип, казыяттын атынан ардак баракча менен сыйлады.

Иш-чаранын соңунда жалпы конокторго сый-тамак уюштурулду.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button