alternatetext Багымдат: 04:16 | alternatetextКүн чыгуу: 06:02 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
Макалалар

Эй,сабырсыз напсим -мени намазымдан алыстатпа!

📌 Үчүнчү ойготуу:Эй сабырсыз напсим! Таң калыштуу, өткөн күндөрдөгү ибадат кыйынчылыктарын, намаздын машакаттарын жана балээ-кыйынчылыктарын бүгүн ойлоп кыжаалат болуу жана келечек күндөрдөгү ибадат милдеттерин, намаз кызматын жана балээлердин кайгысын бүгүн эле ойлоп алып сабырсыздык кылып жатышың акылга сыябы?
Ушул кылып жаткан сабырсыздыгың төмөнкү мисалдагы акылсыз командирге окшойт: Душмандын оң жактагы күчтөрү анын оң тарабындагы күчтөрү менен эми гана беттешкен кезде, алар алдан тайып чарчай элек болушса да, ал маанилүү бир кубатын оң канатка жиберет, борборду алсыратып алат. Ал эми сол канатта душмандын аскерлери жок болсо да, келе элек болсо да ал жакка чоң бир күчтөрүн жөнөтүп: «Аткыла!» – деп буйрук берет. Ошентип борборду таптакыр алсыздатат. Душман жагдайды түшүнөт да, дароо борборго чабуул коюу менен анын таш талканын чыгарат. Ооба, ушул командирге окшойсуң. Анткени, өткөн күндөрдүн кыйынчылыктары бүгүн Кудайдын мээримине айланып олтурат. Кайгылары кетип, ырахаттары калды. Кыйынчылыктары жакшылыкка, ал эми түйшүктөрү болсо соопко айланып олтурат. Андай болсо андан тажоо эмес, тескерисинче, жаңы бир күч, жаңы бир ырахат жана дайыма улантууга чечкиндүү бир кайрат алуу керек. Келечек күндөр болсо дагы келе элек болгондуктан, аларды эмитен эле ойлоп алып, жадоо менен үмүтсүздөнүү кудум ошол күндөрдөгү ачкалык менен суусуздукту бүгүн ойлоп алып өкүрүпбакыруу сыяктуу акмакчылык болуп саналат. Ооба, акыйкат ушундай болгон соң, акылдуу болсоң ибадат боюнча жалгыз гана бүгүнкү күнүңдү ойлон жана анын бир саатын «Акысы өтө чоң, убаракерчилиги өтө аз, жагымдуу, сонун жана улуу бир кызматка берип жатам» – деп айткын. Ошондо гана сенин ачуу үмүтсүздүгүң таттуу бир кайратка айланат. Мына, эй сабырсыз напсим!
Сен үч сабырды кылууга милдеттүүсүң.

✔ Биринчиси: Кулчулукта сабыр кылуу.

✔Экинчиси: Күнөөлөргө каршы сабыр кылуу.

✔Үчүнчүсү: Балээ-кыйынчылыктарга каршы сабыр кылуу. Акылың болсо, ушул үчүнчү эскертүүдөгү мисалда көрүнгөн акыйкатты жүрөгүңө түйүп ал. Кайраттуулук менен: «Йа Сабур!» де, ушул үч сабырды ийинине ал. Аллахтын сага берген сабыр кубатын эгер жаңылыш жолдорго таратпасаң, анда ар бир түйшүккө жана ар бир кайгылуу балээлерге каршы жетиштүү болот жана ал кубатка таян.

📌Төртүнчү ойготуу:Эй менин башы айланган напсим!
Таң калыштуу, ушул кулчулук милдетин натыйжасыз деп ойлойсуңбу?
Же сени тажаткыдай акысы азбы?
Эгерде сага бир адам бир аз акча берсе же болбосо сени коркутса, керээли кечке чейин иштеттирет.
Сен да жан талаша иштейсиң. Таң калыштуу, бул дүйнө конок жайында алсыз жана жарды жүрөгүңө кубат менен байлык жана албетте, бара турган жериң болгон мүрзөдө азык менен жарык суракка тартыла турган Хашир аянтында «актоо кагазы» жана кааласаң да, каалабасаң да үстүнөн өтө турган Сырат көпүрөсүндө нур менен бурак боло турган намаз натыйжасызбы?
Же болбосо, ушул акылар азбы?
Эгер сага бир адам жүз сомдук белек убада кылса, жүз күн сени иштеттирет. Убадасына турбай коюшу да мүмкүн, ошентсе да ал адамга ишенип, жан талаша иштеп бересиң.
Таң калыштуу, убадасына турбай коюусу эч мүмкүн болбогон Аллах таала Бейиш сыяктуу сыйлыкты жана түбөлүктүү өмүр сыяктуу белектерди убада кылып жатса, ушундай өтө кыска убакыттын ичинде, аябай сонун милдет берип иштеттирсе, сен болсо каалабасаң же болбосо жалкоолук кылып жадоо менен зеригип, чала-була кылган кызматың менен Аллах таала убадасын аткарбай коѐ тургансып жана Анын белектерин кемсинткен сыяктуу бир жагдайда болсоң, анда өтө катуу жазага жана өтө коркунучтуу азапка ылайык болооруңду түшүнбөйсүңбү?
Бу дүйнөдө түрмөдөн коркуп, эң оор жумуштарда да жаныңды аябай иштейсиң. Ал эми тозок сыяктуу түбөлүктүү түрмөгө түшүү коркунучу өтө жеңил жана өтө жагымдуу кызмат үчүн сага күч-кубат бербейби? …

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ +996700334493
✿ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button