alternatetext Багымдат: 04:14 | alternatetextКүн чыгуу: 06:00 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:57 | alternatetextШам: 20:01 | alternatetextКуптан: 21:49
РубрикасызТаасирдүү окуялар

Эки токоч менен ийгиликке жеткен адам

Ахмад бин Мискиин рахимахуллох айтат: «219-жылы кедей болуп күн өткөрүп калдым. Колумда эч нерсем жок болчу. Аялым жана жалгыз уулум бар эле. Тамак-аш жок, курсагыбыз ачка болгондуктан, денебиз алсырап, ачкалыктан кулайын деп калдык. Эмне кылаарымды билбей аягында, үйдү сатып көчүп кетебиз деген чечимге келдим. Көчөгө чыгып, үйгө кардар издеп жүрүп, Абу Насрды жолуктуруп калдым. Ага: “Жегенге эч нерсем калган жок, үйүмдү сатайын деп жатам” — дедим. Ал мага ортосуна халва (шириндик) коюлган эки токоч нан берип: “Үйүңө алып барып, үй-бүлөңдүн курсагын тойгуз” — деди. Эки токочту колтугума кысып, үйүмө карай келе жатсам, жолумдан жаш баласын көтөрүп алган бир аял чыгып калды. Колумдагы токочко карап: “О, Мырзам! Балам атасыз жетим калган, курсагы аябай ачка, ачкачылыкка сабыр кыла албай ыйлап жатат, Алла үчүн бизге токочуңуздан бериңизчи”- деп суранды. Жаш баланын мага карап турган элеси, жалдыраган көз карашы такыр унутулгус бойдон эсимде калды. Ошол учурда бейиш жерге түшүп: “Ушул аял менен баласынын курсагын тойгузган адамдын сыйлыгы менмин” — дегендей көрүнүп кетип, колумдагы эки токочту аялга бердим да: “Балаңыздын курсагын тойгозуңуз”- деп, жолумду уладым. Жолдо ойго батып келатып, үйүмө кантип жетип келгенимди байкабай калыптырмын. Эшикти ачып кадам шилтеп кире албай токтоп калдым. Анткени, үйдө көз жашын төккөн аялым, жана жүзүнөн нур чачыраган уулум, мени тамак-аш алып келет деп күтүп олтурушкан болчу. Эшикти кайра жаап, дубалдын астына отурдум да үйдү сатуу жөнүндө кайра ойлонуп баштадым. Ошол учурда кубанычы койнуна батпаган Абу Наср куш сыяктуу учуп келип калды. Ал мага: “О Мухаммадтын атасы! Үйүңө байлык, береке толду, сен эмне үчүн бул жерде отурасың?”-деди. Мен: “СубханАллах! Ал байлык кайдан келди?”- деп сурадым. Ал: “Харасандан улоосуна бир топ жүк жүктөп, акчасын белбоосуна бекем түйүп алган бир киши келип, адамдардан сенин атаң же атаңдын үй-бүлөсүнөн кимдир бирөөгө жолуктурууну суранды”- деди. Мен: “Эмне үчүн келиптир?”- дедим. Ал: “Ал киши өзү Басралык соодагер экен. Отуз жыл мурда атаң ага акча бериптир, бирок ал банкрот болуп, акчаны жок кылып жиберген экен. Банкрот болгон соң, Басра шаарынан Харасанга көчүп барып, ал жакта соодасы жүрүшүп кетип, бир топ байлык жыйнаптыр. Кайра Харасандан Басра шаарына, атаңдан алган акчасын кайтарып берүү үчүн келип, отуз жылдык кирешесин кошуп сенин үйүңө атаңдын байлыгын калтырып кетти”- деп, сүйүнчүлөдү. Мен Аллага мактоолорду айтып, ыраазычылыгымды билдирдим. Акчаны алаарым менен, колуна баласын көтөрүп, менден токоч сураган муктаж аял эсиме түшүп, экөөсүн издеп таптым. Аларды тамак-аш, кийим-кече менен камсыз кылып, ырыскыларына себеп болдум. Андан соң соода кыла баштадым, түшкөн пайдадан Аллах үчүн садака кылдым, зекет бердим, сооптуу иштерге жумшадым. Бирок, акчам такыр азайган жок, тескерисинче көбөйүп жатты. Өзүмө-өзүм суктанып, периштелердин менин сооп амалдарымды жазуучу китеби толуп кетсе керек деп кубанып, Алланын астында саалих пенделерден деп жазылып калууну үмүт кылдым. Түн ичинде ойлонуп жатып уктап кетиптирмин, түш көрдүм, түшүмдө кыямат башталып кетиптир. Адамдар толкунданып, денелери чоңойтулуптур. Адамдардын кылган күнөөлөрү денелүү жүккө айланып, күнөөлөрүн артына көтөрүп жүрүшөт экен. Кээ бир бузуку, күнөөсү көп адамдар артына бир шаарга тете күнөөнү артып алышыптыр. Анын бардыгы уят, арам иштери эле. Анан кыямат таразасы коюлуп баштады, менин кылган бардык амалдарым келтирилди. Сооп амалдарым таразанын бир тарабына, күнөө иштерим таразанын экинчи тарабына коюлду. Күнөөлөрүм коюлган тарап, соопторум коюлган тарапка караганда оор келди. Андан кийин, кылган жакшы амалдарымды биринин артынан бирин таразадан алып салып жатты. Көрсө ал амалдар рия (эл көрсүн), бой көтөрүү, текебердик жана элдерге жакшы көрүнүү, алардан мактоо угуу деген сезимдер менен аткарылган амалдарым экен. Ошентип олтуруп таразада менин эч кандай жакшы амалдарым калган жок. Ошол кезде: “Мунун башка амалы калган жок?” – деген, үн угулду. Ал суроого: “Бир эле амалы калды”- деген жооп чыкты. Мен, дагы кандай амалым калды экен деп кызыгып, аны көрүүгө шашылдым. Көрсө ал баласын көтөрүп жардам сураган аялга берген эки токочум экен. Аны көрүп деле кубанбадым, анткени бир бергенде жүз диинар садака берчүмүн, ошолордун сооптору жетиштүү болбой жаткан кезде, эки токочтун сообу канчалык болмок эле деген ой келди. Катуу кайгырдым, эми бейишке кирбей каламбы деп чочуп да алдым. Эки токоч таразага коюлду, таразанын сооп амалдар коюлуучу тарабы бир аз көтөрүлө түштү, бирок анын өзү жетишсиз болуп турду. Өз аялым жана баламдын курсагы ачка олтургандыгына карабай, эки токочту муктаж аялга берген болчум. Ошол аялдын, эки токочту алган учурда кубанычтан төккөн көз жашы да таразага коюлду. Ошол көз жаш таразада оор болуп олтуруп, эң аягында: «Ийгиликке жетти» – деген, үн угулду.

Жыйынтык: “Эч качан сооп иштерди кичинекей деп ойлобойлу. Мусулман бир тууганыбыздын жүзүнө карап жылмайып койгондугубуз да садака болуп эсептелет. Курманын жарымын садака кылып болсо да, тозок отунан өзүңөрдү сактагыла!!!”

Абдишүкүр ажы Нарматов.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button