alternatetext Багымдат: 04:00 | alternatetextКүн чыгуу: 05:51 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:02 | alternatetextШам: 20:09 | alternatetextКуптан: 22:01
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Ош шаарындагы дин кызматкерлерине шайлоонун үгүт иштерине аралашпоо эскертилди

Ош шаарынын борбордук «Сулайман-Тоо» мечитинде шаардагы жалпы дин кызматкерлерине жыйын өткөрүлдү. Жыйында Азирети Муфтийдин  буйругунун негизинде ибадат кыла турган жерлерде чогулуш, митинг, шайлоо алдындагы үгүттөө, саясий мүнөздөгү дагы башка иш-чараларды өткөрүүгө жол берилбей тургандыгы эскертилди.

«Шайлоо алдындагы үгүт иштерине мечитте же диний окуу жайдын имаратында шарт түзүп берген жана аралашкан дин кызматкерлери жоопкерчиликке тартылат»— деди Мирланбек ажы Токтомушов

Айта кетсек, жыйынга Ош шаарынын мусулмандар казысынын орун басары Мирланбек ажы Токтомушов, Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби Абдулазиз ажы Абдурахманов жана шаардагы дин кызматкерлери катышты.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button