alternatetext Багымдат: 04:16 | alternatetextКүн чыгуу: 06:02 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:57 | alternatetextШам: 20:01 | alternatetextКуптан: 21:48
МакалаларРубрикасыз

КУРБАНДЫК ЧАЛУУНУН ТАРЫХЫН БИЛГИҢИЗ КЕЛЕБИ?!

☝�� *Анда көңүл буруңуз ..*
*»Оо, Ибрахим, кара чечекей сүйүктүү уулуңду курмандыкка чал!..»*
Бүт дене-бойду дүркүрөткөн, көктөн келген бул буйрук мээримдүү пайгамбар жана боорукер ата, Азирети Ибрахим алейхиссаламга берилди. Бир канча жыл мурда «уулдуу болсом, аны Кудай үчүн курмандыкка чалам» деген убадасы эми минтип түш аркылуу эскертилип, аны орундатуу талап кылынган эле…
«Ибрахим», ысымынын төркүнү болгон «Абун рахим» деген сөз айкашынан белгилүү болгондой, «өтө мээримдүү, боорукер ата» дегенди туюндурат. Ал өтө сезимтал болгондуктан, Алла Таала аны «Ибрахим чындыгында өтө кең пейил, сезимтал, кечиримдүү, алпейим жана өзүн Кудайга арнаган киши» деп сыпаттайт. Дайыма ыйлап-сыздаган, көз жашы жамгырдай төгүлгөн, өтө боорукер, сүйүүсү жана мээрими чексиз элчиге «Уулуң Исмаилди курмандыкка чал!..» деген буйрук берилүүдө.
Жүз жылдык өмүрүн көптөгөн кыйынчылыктар менен өткөргөн, «таухиддин» ЖАРЧЫСЫ, «ширк» түркүктөрүн арты-артынан кулаткан ЭЛЧИ. Өзүнөн кийин адамдарга жол көрсөтүүчү кайырдуу орун басар, көз кареги болуп бере турган бир перзент каалаган ПАЙГАМБАР. Аны абдан зарыга күткөн. Акырында, улгайып, чач-сакалы куудай агарган кезинде, ал эңсеген наристе жарык дүйнөгө келген. Бирок, бүт жашоосунун МӨМӨСҮН, адамзат жашоосуна жарык чача турган «Акыркы куттуу пайгамбардын» касиеттүү ҮРӨНҮН Кудай үчүн курмандыкка чалышы керек эле. Бүт ааламдын көңүлүн бурган МЭЭРИМДҮҮ АТА менен жаңы ачылган бүчүр сыяктуу НАРИСТЕ…
Исмаилдин жарык дүйнөгө келишин атасы жүз жылдап күткөн эле. Ал дагы атасы эч ойлобогон убакта жашоонун астанасын аттап, Ибрахимге чексиз кубаныч, тунук сүйүү, терең үмүт тартуулап, сүйкүмдүү, касиеттүү көчөт болуп чыга келди.
«Оо, Ибрахим! Бычакты уулуңдун тамагына алып бар жана аны өз колуң менен курмандыкка чал!.»
Аллахтын сүйүктүү досу бул кабардын каары менен, балким, жашоосунда биринчи ирет коркуп, титиреп жаткандыр… Анткени, чүргөктөгү наристеси менен сүйүктүү жубайы Ажарды учу-кыйыры билинбеген суусуз ээн талаа, эрме чөлгө жалгыз таштаган кезде дагы, алоолонгон отко ыргытылган кезде дагы мынчалык коркуп, титиребесе керек эле. Ибрахим! тандоо мүмкүнчүлүң бар, кайсынысын тандайсың? Туткунга түшүүнүбү же кутулуунубу? Аң-сезимдүүлүктүбү же пенделик каалоонубу? Жакындыктыбы же ыраактыктыбы? Аталыктыбы же пайгамбарлыктыбы? Аталык мээримдиби же пайгамбарлык салабаттуулуктубу? Исмаилдиби же Жаратканыңдыбы?
Бирөөн танда, Ибрахим!..
Жан-дүйнөңдүн ырахаты, бир бооруң, кызыгууңдун, таң калууңдун, табитиңдин жеткен чеги, жашоодогу шылтооң, сени бул дүйнөлүк жашоого байлаган жана бул жакта сени кармаган бардык нерсең Исмаил эмеспи… Мына ошол уулуңду кой сыяктуу кармап, жерге жаткыр… жаткыр да, тамагынан, күрөө тамырынан муузда…
Эх, чиркин дүйнө, перзент сүйүүсү… Ата мээрими…
Өзөктү өрттөгөн мындан да өткөн оор сыноо болушу мүмкүнбү?.. Таш жүрөктү да элжиретип, көздөн жаш кылгырткан көз ирмем…
Ибрахимде түшүн айта тургандай дарман калбады. Жүрөгүнүн сыздаганын туюндурган дем да түгөндү. «Мен сени курмандыкка чалууга буйрулдум» деп айтууну ойлоонун өзү кандай кыйын!
«Исмаил, жаным уулум!» — деп, андан аркы сөзүн айта албай, деми кысылып, буулугуп барып токтоп калат. Бир аз туруп, кайраттанып, кайрадан уулуна күңгүрөнөт. Бирок, бул мүмкүн эмес… Акырында жүрөгүн Аллахка тапшырып, тиштенип туруп, өтө тездик менен: «Уулум, түшүмдө сени мууздап жатканымды көрдүм, сен буга эмне дейсиң?!» — деп ооз ачканга батылдык кылды. Жагдайды толук түшүнгөн Исмаил эч токтолбостон атасынын сүйкүмдүү жүзүнө жылуу карап, назик жүрөгүнө жаны күйүп, аны жубатып: «Атаке! Эч ойлонбо, кайгыга да чөкпө, Жараткандын буйругун орундатууда шек-күмөнгө түшпө. Кудайга өзүңдү тапшыр, Сага Аллах тарабынан кандай буйрук келген болсо, аны толук аткар. Кудай буюрса, менин кандай сабырдуу, кандай чыдамдуу экенимди көрөсүң!» дейт.
Мына, жанын Кудай жолуна берүү үчүн башын ийе алган жигит деп ушуну айт!…
Итаат кылуудагы назиктикти түшүнгөн жана Жараткан үчүн жанын курмандыкка чала алган, «Кудайдын жалгыздыгына» чын дилден ишенип, Анын улуулугуна таазим кылган жигит…
Кудайга баш ийүүдө Исмаил өтө сылык жана өтө ыктуу турат, 12 жаштагы жаш бала эмес, «өтө сабырдуу бир курмандык». Аталык мээрим менен жүрөгү элжиреп соккон Халил, оболу, Кудайга болгон ашыктыктын рухка берген күчүн колдонуп, өз ичинде өзүн өлтүрүп, өзүнүн жан тамырын кесүүгө аракет кылат. Көөдөнүндөгү «мендигин» жеңген кезде гана, көңүлү толугу менен Аллахка толот.
Экөө тең Жараткандын буйругуна кайыл болушат. Ибрахим сүйүүктүү уулун жерге жаткырып, баласы жан таслими учурунда кыйналбашы үчүн өтө тездик менен жеңил мууздашы керек эле. Ошондуктан, колундагы бычагын кайрак ташка кайра-кайра бүлөп, ташты чапканда, таш экиге бөлүнөт… Бирок, таң калыштуусу — ташты экиге бөлгөн бычак өтө жумшак тамакты кесе албайт…. Албетте…
Албетте, бычак кеспейт… Ошол кезде «Кудайдын буйругун аткара албай калам го» деп, тулку-боюн калтырак баскан Ибрахимге бир кой жөнөтүлөт да, сүйүнүчтүү кабар берилет: «Оо, Ибрахим! Сен көргөн түшүңдү чындыкка айланттың, талапты орундаттың, милдетиңди аткардың. Аллах Исмаилдин ордуна курмандыкка чалсын деп мынабу койду жөнөттү. Биз жакшыларды, жакшылык ээлерин мына ушундайча сыйлайбыз!».
Ооба, Алла Таала эч качан Исмаил(дер)дин каны төгүлүшүн каалабайт. Анын курмандыкка эч качан муктаждыгы болбойт. Курмандык чалуунун негизги максаты алардын эти жана каны да эмес. Бардык жерде, бардык мезгилде «жан», адамдардын руханий жана материалдык муктаждыктары — эң негизги маселе. Мээримдүү жана Боорукер Аллах Ибрахимге «Исмаилди курмандыкка чал!» деген буйрук берди. Ал Кудайдын буйругуна толук моюн сунуу менен чексиз улуулукка жетти. Ибрахимдин урпактарынан дагы эт жана кан эмес, ниеттеринде аруулук жана такыбаалык талап кылынды.
Эй бул доордун Ибрахими…, Кудайдын канчалаган кылымдар мурун «Курмандык чал!» деген буйругу бүгүн Сага да тиешелүү. Сенин Исмаилиң ким же эмне экенин билесиңби? Чынында эле, Ал ким же эмне? Мартабаңбы, намысыңбы, аброюңбу, карьераңбы, жубайыңбы? Же акчаңбы, үй-жайыңбы, бакчаңбы, түшүнүгүңбү, кесибиңби, жаштыгыңбы, сулуулугуңбу? Же напсиңби, өзүмчүлдүгүңбү, текеберлигиңби?..
Ойлончу, Ибрахим үчүн Исмаил ким эле? Кыйынчылык, ыйлап-сыздоо менен өткөргөн өмүрүнүн МӨМӨСҮ, муң-зарга толгон бир кылымдын СЫЙЛЫГЫ, кыйынчылыктуу жашоонун ЖЕМИШИ, улгайган бир атанын КУБАНЫЧЫ, жүз жылдан кийин келе турган МАДИНА ГҮЛҮНҮН БҮЧҮРҮ, пайгамбар болуу менен сыймыкка бөлөп, өзүнө кызмат кыла турган БАЛАСЫ. Ибрахимдин «Исмаили» анын уулу эле. Ал уулун курмандыкка чалды. Сенин Исмаилиң, балким, өзүң, балким, үй-бүлөң, кесибиң, байлыгың, намысың… Исмаил атындагы сүйүүң, жаның, тамак-ашың, маянаң…
Кел эми, негизсиз шылтоолор, шек-күмөн, аныктамалар жана корутундулар менен алек болбо. Жоопкерчиликтен качпа, өзүңдү жооптуу сез. Напсиңди, өз жаныңды курмандыкка чалууга рухуңду даярда. Бардык Исмаилдерди сактап калууга белсен, «Исмаилдердин ордуна мени курмандыкка чал» дегин.
Эй напсим, кел, сен дагы күткөн нерселериңди, дүйнөлүк талаптарыңды жана Жаратканга алып барбаган, Аны эстетпеген тоскоолдуктарды жеңип, бардык нерсеңди курмандыкка чал. Азирети Ибрахим милдетиндеги жоопкерчиликти аталык мээриминен жогору койду, сен дагы «эл үчүн, Кудай үчүн кызмат кылуу» түшүнүгүн бардык эңсеген нерселериңдин алдына кой, каалоолоруңду идеяларыңдын курмандыгына бер. Болбосо, сенден суранарым: кайрымдуулук, Анын жолунда курмандык болуу тууралуу сөз кылба…
▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒
facebook.com/Formulasy
ok.ru/formulasy
vk.com/formulasy
instagram.com/formulasy
youtube.com/FormulaKG
plus.google.com/ FormulaKG
formulasy.blogspot.com
⚡ WhatsApp: +996700334493
© БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button