alternatetext Багымдат: 03:53 | alternatetextКүн чыгуу: 05:46 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:05 | alternatetextШам: 20:13 | alternatetextКуптан: 22:09
РубрикасызТаасирдүү окуялар

Жакшы аял диндин жарымы

Автобустун ичинде жаңы үйлөнгөн жаш жубайлар кетип бара жатышты. Бул түгөй шаардагы башка жаштардан кичине айырмаланып турду. Жаздын керемет таңында жигиттин келинчеги башына жакшынакай кылып ак жоолугун салынып алган. Бир маалда эле жашы кырктарды чамалап калган жүргүнчүлөрдүн бири жигитке: — Эй, жигит, мен сенден бир нерсе сурайын дедим эле. Сен капа болбойсуңб? — деп кайрылып калды. — Сураңыз байке, сизди эмне кызыктырат? — деди жаш жигит. — Өзүң жакшынакай эле жигит экенсиң. Келинчегиң да дурус окшойт. Ушундай жакшы заманда, элдер космоско каттап, илим далай нерсеге жетишип калган маалда сен өмүрлүк түгөйүңдү ысыка карабай думбалап кийинтип койгонуң кандай? Мына карачы менин аялымды. Ал каалаганындай кийинип, каалаганындай бойонуп, бул жашоонун ыракатын түгөл сезип жашайт, – деп жанында жарым жылаңач болуп, шумдуктуудай боёнуп алган аялды көрсөттү. Ошондо жаш жигит автобустун терезесинен каршы-терши өтүп жаткан үстү брезент менен жабылган машинелерди көрсөтүп суроо салды. — Сиз бул унааларды көрдүңүзбү? — Ооба, анын эмнесине таң каласың, — деп корсоюп койду берки. — А булардын үстүн эмнеге чүмбөттөп койгонун билесизби? — Эми ал түшүнүктүү эле да. Бул унаалар бирөөнүн жеке менчиги да. Машинеси бузулбасын дейт. Же ичинде эмне алып баратканы көрүнбөсүн дейт. Мында таң кала турган эч нерсе жок го. — Анда эмнеге булардын арасында кетип бара жаткан автобустардын үстүн
эч ким жаап койгон эмес? — Ой, сен чын эле кызыктай немесиң го. Автобусту коомдук унаа деп коёт. Муну ким кааласа пайдаланат. Сен буларды айтып эмнени далилдейин деп жатасың деги? — деп түктүйө түштү алиги адам. Автобустун ичиндеги бардык жүргүнчүлөр бул экөөнүн кебин аста тыңшап, акыры эмне болуп бүтөт деп демдерин ичине катып келе жатышты. Жаш жигит эч тартынбай туруп: — Сиз түшүнсөңүз, менин келинчегим мен үчүн абдан кымбат адам. Мен бул кишини абдан сүйөм жана ага камкордук кылам. Аялымды бирөөлөрдүн шыкаалап карашына менин намысым жол бербейт. Ошондуктан жоолук салынып, уяттуу жерлерин жашырып жүрөт. Ал эми сиздин аялыңыз ар ким каалаган убагында каалаганындай пайдалана берчү коомдук автобуска окшоп турат, — деп жообун узатты. Мунун жообу көңүлүнө тык эте түшкөн жүргүнчүлөр жал-жал бурулуп тигил кишини карашты. Мындай жоопту күтпөгөн неме эмне дээрин билбей кызарып-татарып, оозуна талкан сугунгандай отуруп калды. Кургур, болбосо жаңы эле космостон сүйлөп акылдуу болуп отурду эле, мына эми, өзүн эле эмес, аялын кошо уят кылып таштады. Жубайы чолок этегин ылдый карай тартымыш болуп, жер карап гана отуруп берди…

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button