alternatetext Багымдат: 04:00 | alternatetextКүн чыгуу: 05:51 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:02 | alternatetextШам: 20:10 | alternatetextКуптан: 22:03
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Ноокат районундагы жооптуу имамдарга жыйын өтүп, анда мечиттердин каттоо иштерин бүткөрүү маселеси каралды

Ош облусунун Ноокат районунун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев айыл өкмөттөр боюнча жооптуу имамдарды чогултуп, каттоо иштерин бүткөрүү тапшырмасын берди.

«Баарыңыздар билгендей, райондордо каттоо иштерин тез арада бүткөрүү боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Биз ошол комиссия менен тыгыз кызматташып, жакындан иш алып барышыбыз зарыл. Чоң мүмкүнчүлүк жаралып турган учурда катуурак аракет кылып, динге жана эл-журтка кызмат кылып калалы!», – деди райондун баш имам-хатиби.

Музаффар ажы Турдубаев диний объектилерди эсептик каттоодон өткөрүүдө финансы маселеси жаралса, айыл өкмөттөгү жума мечиттери жардам бериши керектигин билдирди.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button