alternatetext Багымдат: 03:59 | alternatetextКүн чыгуу: 05:49 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:02 | alternatetextШам: 20:10 | alternatetextКуптан: 22:03
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев Аалымдар кеңешинин ыраазычылык баракчасы менен сыйланды

7-июнь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдуманап кары Масалиев өлкөнүн түштүк аймагына жасаган иш сапары менен барды.

Сапардын алкагында Ош шаардык мусулмандар казыятынын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып, элге Ислам динин жайылтууда жигердүү кызмат кылып келе жаткандыгы үчүн Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаевге Аалымдар кеңешинин ыраазычылык баракчасын тапшырды.

«Элди ынтымакка, биримдикке чакырууда жана Ислам динин элге жайылтууга жигердүү кызмат кылып келе жатканыңыз үчүн терең ыраазычылык билдирем. Аллахым ден соолугуңузду бекем кылсын» — деди Абдуманап кары Масалиев.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button