24.1 C
Bishkek
16.06.2025
Жаңылыктар

Бүгүн өлкөдө аза күтүү күнү

Президент Алмазбек Атамбаев 29-апрелде “2017-жылдын  30-апрелин Кыргыз Республикасында аза күтүү күнү деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Жарлыктын тексти:

2017-жылдын 29-апрелинде Ош облусунун Өзгөн районундагы Зергер айылдык аймагынын Аюу айылында адам курмандыктарына алып келген жер көчкү болду. Кырсык биздин жарандардын өмүрүн кыйды. Кыргызстандын бүткүл калкы үчүн бул оор жоготуу. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жабыркагандарды жана каза болгондорду издөө боюнча куткаруу иштерин жүргүзүүдө, алардын бир туугандарына жана жакындарына колдоо көрсөтүү боюнча чаралар көрүлүп жатат.

Каза болгондорго терең кайгыруу жана алардын бир туугандарына жана жакындарына көңүл айтуу менен токтом кылынат:

1.2017-жылдын 30-апрели Кыргыз Республикасында аза күтүү күнү деп жарыялансын.

2. Аза күтүү күнү Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдүн имараттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желектери түшүрүлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын маданий мекемелерине жана телерадиокомпанияларына аза күтүү күнү оюн-зоок иш-чараларды жана берүүлөрдү токтотуу сунушталсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө зарыл жардам жана колдоо көрсөтсүн.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Related posts

Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазиев Москва шаарындагы мекендештердин шарияттык негиздеги суроолоруна жооп берди

Баткен облусунун казысынын тапшырмасы менен мечиттерде имамдардын кийими үчүн шкафтар орнотулууда

Максат кары Сидиков: «Ысырапкорчулук Аллага жагымсыз амал»

1 comment

айка 30.04.2017 at 17:42

Кудайым жамандыктан сактасын

Reply

Leave a Comment