alternatetext Багымдат: 04:02 | alternatetextКүн чыгуу: 05:52 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 22:00
Жаңылыктар

Тикебизден тик туруп өзүбүздү-өзүбүз коргоп калууга чакырабыз (кайрылуу)

Мындан 100 жыл мурда Рокфеллер фонду баштаган медицинаны интеграциялоо жана стандартташтыруу долбоорунун алкагында жер бетинде адам санын кыскартуу боюнча жүргүзүлүп келаткан иштер өз максатына жетип отурат. Бул долбоор БДСУ аркылуу 100 жылдан бери тымызын иштеп келген. Учурда коронавирус чуусу аркылуу гана бул топтун адам баласына кандай кыянаттык жасап жатканын эл-журт аңдай баштады. Ал кыянаттыктардын бири – адам баласына жаңы төрөлгөндөн баштап, бой жеткенге чейин бериле турган вакциналар. Бул вакциналарга кошулган компоненттер эмделген баланын ден соолугун бузуу менен катар анын кем акыл болушуна алып келет. Бала жеткилең ойлонуудан, терең ой жүгүртүүдөн, түйшүкчүл таанып билүү жөндөмдүүлүгүнөн калып, акыры түбү акыл-эсин маңкурттукка алып барат. Ал түгүл дене боюнда да урук-тукумунда жок өзгөрүштөр пайда болуп, адам жасабас иштерди кылганы кадыресе көрүнүшкө айланган – техникалык адамга жеткирет. Учурда мына ушундай муундагы адамдардын пайда болгонун турмуш өзү көрсөтүп жатканын өкүнүү менен моюнга алабыз.

Жер жүзүнүн бардык материалдык-техникалык, каржы жана маалымат ресурстарын иш жүзүндө башкарып турган бир ууч группа ок атуучу куралсыз эле, өзөктүк бомбасыз эле, адам укугу менен эркиндигине ачыктан-ачык шек келтирбей эле, ал турсун гумандуулук идеяларына жамынуу менен адамзатка каршы дүйнөлүк биологиялык согуш жарыялап, миң түркүн амалдар менен ишке ашырып жатат деп эсептейбиз.

Урматтуу эл-журт!

Кыргызстандын 7 миллион кишиге жетип-жетпеген ишенчээк кең пейил калкы түшүнүп-түшүнбөй, маани берип-бербей, кайдыгерликке алдырып, медицинага ишеним артып отуруп, алакандай болсо да Бейиштин төрүндөй жерибизде 25-40 жыл ичинде тукум курут болуп кетүү коркунучуна баратабыз. Ошондуктан ар бир кыргызстандыкты, улутуна, диний ишенимине, социалдык абалына карабастан биздин сөзүбүздү угуп, баарыбыз жапырт тикебизден тик туруп өзүбүздү-өзүбүз коргоп калууга чакырабыз. Мунун эң жеңил жана ар бирибиздин өз колубузда турган жолу – наристелерден өспүрүмдөргө чейин берилип жаткан вакциналарга мораторий киргизүү жана эртең-бүрсүгүнү милдеттүү түрдө COVID – 19 коронавирус жана башка эпидемиялык инфекцияларга каршы деп бериле турган вакцинадан баш тартуу, анын ишке ашырылуусуна жол бербөө. Ошону менен биргеликте ар бир өлкөдө долбоорлонуп жаткан 5G жыштыктагы толкундарды пайдаланбоо жана чиптик вакциналардын милдеттүү түрдө киргизилүүсүнө каршы туруу да өз элибиздин жана жалпы адамзаттын келечеги үчүн эң өзөктүү көйгөлөр болуп саналат деп эсептейбиз.

Ушул кайрылуу менен катар дүйнөлүк коомчулукту Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмун медицинанын дарылоо системасын кайра карап чыгууга мажбурлоону, ар түрдүү өнөкөт оорууларды дарылоонун инновациялык ыкмалары менен жолдорун иштеп чыгууну колдоого алуусуна чакырабыз. Бул чакырууну ишке ашыруу – адам баласынын вакцинага болгон муктаждыгын жокко чыгаруучу каражат катары кызмат кылат.

Чың ден соолук менен жашоо ар бир адамга Кудай тарабынан берилген дөөлөт. Аны бузууга эч кимдин укугу жок.

Сиздерди урматтоо менен Бишкек клубунун катышуучулары:

Бекешов Бейшенбек – журналист
Мурзаев Маматали – психология илимдеринин кандидаты, доцент
Зайналиев Хашим – табып
Эралиев Замир – кинорежиссер
Турсунбай Бакир уулу – Туңгуч акыйкатчы, коомдук жана мамлекеттик ишмер
Турсунбек Төлөнбеков – жеке ишкер.
Абдылдаев Мейманбек – блогер, коомдук ишмер
Турганов Жылдызбек – Сузак коомунун Төрагасы
Чолпонкулов Абдыкерим – коомдук ишмер
Жусубалиев Улугбек – Улуттук кол өнөрчүлүк боюнча уста

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button