alternatetext Багымдат: 04:02 | alternatetextКүн чыгуу: 05:52 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 22:00
Ден-соолукПайдалуу кеңештер

БӨДӨНӨНҮН ЖУМУРТКАСЫНЫН ПАЙДАСЫ

Орто курактан өтүп калгандар эки ай катары менен жесе, сөөктөрүнүн ооруганы басылып, көрүүсү жана угуусу жакшырат. Боордун иштешин жакшыртып, боордун астындагы бездин иштешин күчөтөт.

Кош бойлууларга да бөдөнөнүн жумурткасы сунушталат. Ал убагынан эрте төрөттүн алдын алат, талгакты жеңилдетет, кош бойлуу өзүн жеңил алып жүрүү менен бирге тиштери бузулбайт.

Панкреатит, он эки эли ичеги, гастрит жана ашказандын жарасынан жабыркагандар, кант диабети, кургак учук, аз кандуулук, астма жана кан басымы барлар 120дан 250 башка чейин жумуртка ичүү менен ден соолуктарын жакшырта алышат.

Мындан тышкары тамак рационунда бөдөнөнүн жумурткасын үзгүлтүксүз колдонуп жүргөндөр мастопатия, сүт безинин залалдуу жана залалдуу эмес шишигинен сактанган болот. Себеби иммунитетти көтөрүү жагынан бөдөнөнүн жумурткасы алдыңкы орунда турат. Ал эми иммунитет жоголуп кеткен маалда рак шишиги өсүп, күч ала баштайт.

Бөдөнөнүн жумурткасы эркектин бел кубатын көтөргөндүктөн япондор “бөдөнөнүн жумурткасынан күнүгө 2-3 даана жеш керек” деген эрежени негизги мыйзам катары кабыл алышкан. Аны ар бир япон, өзгөчө эркектер аткарышы керек. Бөдөнөнүн жумурткасы эркектердин күч кубатын жогорулатуу менен бирге простатит, аденома сыяктуу дарылайт.

Бет, эриндер кубарып, кургап, терилер сыйрылып жана чач көп түшө баштаганда бөдөнөнүн жумурткасынан маска жасоо керек. Бул жүздү жакшыртып, теринин абалын оңдойт. Ошол эле маалда картаюу процессин жайлатат.

Бөйрөк, боордогу таштарды эритип, сыртка чыгарат. Тукумсуздук, экзема, талма, жарык начар болгон кезде көзү көрбөй калуучу ооруну, безетки жана теринин ириңдүү ооруларын дарылайт.

Дарылоо рецепттери

Дене табы көтөрүлгөндө: 100 миллиграмм аракка 5 чийки жумуртканы жана 5 аш кашык шекерден кошуп аралаштырып ичүү керек.

Диатезде: 1 даана лимондун данектерин тазалап, ага талкандай майдаланган бөдөнөнүн жумурткасынын кабыгын кошуп, бирдей массага келгенче аралаштырасыз. Бир күндө 3-4 жолу 1 чай кашыктан бир ай кабыл алыңыз.

Чач түшкөндө: 5-6 жумурткага 2 аш кашык зайтун майын жана 2 аш кашык балды кошуп жакшылап аралаштырасыз. Даяр болгон массаны чачыңыздын түптөрүнө шыбап, жарым саатка чейин кармайсыз да, жылуу суу менен жууп саласыз.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button