alternatetext Багымдат: 04:02 | alternatetextКүн чыгуу: 05:52 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 22:00
Ден-соолукПайдалуу кеңештер

“Оору менен күрөшүүдө дарыгерде 3 жол бар – сөз, чөп, бычак”

Байыркы белгилүү дарыгерлердин бири Авиценнанын айтканы бар: “Оору менен күрөшүүдө дарыгерде 3 жол бар – сөз, чөп, бычак”

Байыркы белгилүү дарыгерлердин бири Авиценнанын айтканы бар: “Оору менен күрөшүүдө дарыгерде 3 жол бар – сөз, чөп, бычак”

Көңүл бурсаңар – сөз биринчи орунда турат.

Париждин ооруканаларынын биринде жаш психолог Эмили Кьи, баарын өз мойнуна алуу менен, оорулуларга күнүнө 3 жолу угуза жана 10 жолу ичинде, “Мен күн сайын жакшы болуп келатам” деп кайталап айтып турууну сунуштаган. Жөн эле айтып койбостон, колдон келишинче ачык, көркөмдүү айтууну.

Анан, эмне деп ойлойсуз? Бир айдан кийин бул дарыгердин пациенттери медперсоналдын сөздөрүнүн башкы темасына айланса, кийинчерээк бүткүл Францияга жайылган.

Кызык, бирок факт: оор оорулуулар бир айдын ичинде сакайышса, операция керек дегендер, операциясыз буттарына турушкан.

Башкача айтканда, байыркы окумуштуу Парацельстин, ишеним керемет жаратат – деп айткан сөздөрү тастыкталган.

Биздин ден соолук – биздин ойлонуу менен түз байланышта.

Психологиялык абал менен физикалык абалдын ортусунда түз байланыш бар экенин эч ким күмөнгө чыгарбайт.

Дагы бир манилүү психологиялык закон айтат: сүйүүнү сөз менен билдиргенде, кимге айтсаң, ошонун өмүрлүк энергиясы көбөйөт. Тескерисинче, жаман сөздөрдү айтканда – энергиясы коройт.

Жаман ойлорго байланышкан оорулар күн санап өсөт. Ага каршы туруу үчүн, байыркы акылмандардын кеңешин колдонуу керек – кандай гана оор болбосун, жашоодон ырахат алганга аракет кыл!

Демек, адамдын жашоосу менен тагдыры анын ою менен түз байланышта экенин билдик. Жакшылык жөнүндө ойлонсоң – жакшылык күт. Жамандыкты ойлосоң – жамандыкка жолугасың. Биз дайым ойлонгон нерсе качандыр бир күнү ишенимге айланат. Бул ишеним болсо окуя жаратат.

Так ошондуктан, бүгундөн баштап жакшы ойлорду гана ойлоп, жакшылык гана күтөлү. Эң башкычы, майда-чүйдөгө кайгырбайлы.

Америка кардиологу, инфаркт жана жүрөк ооруларынын таанымал адиси Роберт Элиоттун 2 алтын эрежеси бар:

Биринчи эреже: майда-чүйдөгө кайгырба;

Экинчи эреже: бардыгы майда-чүйдө.

Ден соолукта болуңуз тууганым!

Жакындарыңыз менен бөлүшкөндү унутпаңыз!

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button