Ден-соолукМакалалар

ЖЫПАР ЖЫТТУУ АТЫР

ЖЫПАР ЖЫТТУУ АТЫР

🕌БИСМИЛЛААХИР РОХМААНИР РОХИИМ.

🌹Жыпар жыттуу атыр – [طيب] – “тийб”.

✍🏻 Пайгамбар (с.а.в) мындай деген:
“Бул дүйнөдө мен үчүн аял заты, жыпар жыттар жагымдуу кылынып коюлган, бирок менин көздөрүмдүн (жана дилимдин) чыныгы ыракаты-намазда!”
Момундардын энеси Аиша мындай деп кабарлайт:
“Мен Пайгамбарга (с.а.в) жыпар жыттардан сүйкөп берип, анан ал өз аялдарын кыдырды да, эртең менен ихрамды (деп аталган ак) кийимди кийди. Ошондо анын (түнкү) атырларынын жыты дагы эле сезилип турган болчу.”
Пайгамбар с.а.в жыпар жыттарды сүйүп, сасык жыттарды жаман көрөөр эле.
Анткени жыпар жыттар инсандын жан дүйнөсүнө ырахат тартуулап, организмдеги ар түрдүү энергияларды козгойт жана чыңдайт. Организмдин энергияларынын бул түрлөрү тамактануудан улам гана кубаттанбастан, дилди толкундаткан бийик сезимдүү абалдардан жана сүйүктүү адамыңдын өз жаныңда болуусунан да, ошондой эле жакшы жана жагымдуу кабарлардан кубаттанат. Тескерисинче, дилиңе жек көрүнгөн иши менен же жаныңа жагымсыз адам менен баарлашуу организмдин бул энергияларын алсыратып, көңүл чөгөргөн депрессиялык абалдарга кабылтып, ачууңду, кыжырыңды, каарыңды келтирип, жинденүүнү пайда кылат.
Ошондуктан сахабалар (р.а) Пайгамбарга (с.а.в) жагымсыз болгон нерселерди жасоодон же айтуудан абдан этиеттенишип турушаар эле.
Бул абал тууралуу улуулугу чексиз, сулуулугу шексиз Субхан Аллаху уа Та’ала мындай деген:
“Оо, момундар! Пайгамбардын үйлөрүнө силерге (кирүүгө) уруксат берилмейинче кирбегиле да, тамактын бышышын күтпөгүлө. Бирок (атайы) чакырылган болсоңор киргиле да, тамак желип бүтөөр менен дароо таркагыла. Сөзгө алаксып калбагыла. Чындыгында, анда Пайгамбарга зыян кылып коёсуңар, а ал силерден уялат. Бирок, Аллах чындыктан уялбайт. Эгер пайгамбардын жубайларынан бир нерсе сурасаңар, парданын артынан туруп сурагыла. Бул- силердин да, алардын да жүрөктөрүңөрдүн тазалыгын (камсыз кылат). Ошентип, силер Аллахтын элчисине зыян кылып койбошуңар үчүн, анын көзү өткөндөн кийин да анын жубайларын никелеп алууга таптакыр болбойт. Андай кылсаңар- Аллах алдында чоң күнөө (кылган болосуңар)!”.(Аль- азхаб:53)

“Мухаммад (с.а.в) Пайгамбарыбыздын медицинасы”китебинен.

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Ачкыч сөздөр
Улантуу
WhatsApp группабызга кошулуңуз!

Эми биздин маалыматтарды Whatsapp аркылуу окуй аласыздар.

Бизге жазылуу үчүн +996700334493 номерине кайрыңыздар!

-БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ-

Тектеш темалар

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button
Close
Close