alternatetext Багымдат: 04:22 | alternatetextКүн чыгуу: 06:08 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:54 | alternatetextШам: 19:56 | alternatetextКуптан: 21:43
Ден-соолукПайдалуу кеңештер

🛏ЭМНЕ ҮЧҮН ОҢ ТАРАПТЫ КАРАП ЖАТУУ КЕРЕК?

✍🏻Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) эгер жатууну кааласа, оң жамбашы менен жатып, оң колун жаагына төшөп алат эле.
Башкаларга да ушундай тартип менен жатууну осуят кылган пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) мындай жатуунун пайдалуу экендигин көп айткан.
Окумуштуулардын акыркы изилдөөлөрүнүн натыйжасында, адам уктаган мезгилде, оң колунун алаканын башына төшөп жатса, кол менен баштын ортосунда жандан энергиясынын пайда болорун айтышкан.
Мындай абалда уктаган адамдын мээсиндеги аны алсыратуучу энергиялар чыгып кетери белгилуу болгон. Бирок, мындай реакциянын журуусу учун алакан дал Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) көрсөткөн тартиптегидей төшөлүүсү зарыл болору аныкталган.
Британиялык «Таймс» гезитине жарыяланган «Инсандын уктоосундагы туура абал» деген макалада минтип жазылган: «Адам оң тарабы менен жатса, анын жүрөгү кысылбай ез калыбында иштейт жана кан айлануу адам ойгоо кездегидей журөт. Ошондой эле сол өпкө оң өпкөгө Караганда кичине болгондуктан, өпкөгө да оорчулук түшпөйт. Боор салаңдап калбастан өз ордунда турат. Ал эми ашказан боордун үстүндө турат да, тамакты сиңирүүсү жеңил болот».
Ушундай илим техниканын өнүккөн мезгилинде ачылып жаткан ачылыштарды, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) он терт кылым илгери эле айтып койгонү таң калыштуу деле эмес.
Анткени, ал «Өз оюнан чыгарып сүйлөбөйт, ал Аллахтын наборы ме¬нен гана сүйлейт». (Нажм, 3-4-аяттар).

✨Хузайфанын (андан Аллах ыраазы болсун) мындай дегени кабардалат: “Аллахтын элчиси (Ага Аллахтын салам жана салавататры болсун) түнү уктоого камынып, жуурканына кирип жаткан кезде, оң алаканын оң жагына төшөп, анан мындай дечү:
“О, Аллах, Сенин ысымың менен өлөмүн жана Сенин ысымың менен тирилемин”.
(Аллахума бисмика амууту ва ахйа). Анан ал ойгонгон кезде минтип айтчу:
“Бизди өлтүргөндөн кийин кайра тирилткен Аллахка мактоолор болсун, кайра тирилгенден кийин Ага кайтып барабыз!”.
(Ал-хамду ли-Ллахи аллазии ахйа-на мин ба’да ма амата-на, ва илай-хи-н-нушуурур!) (Бухарий).

📍Уктаардын алдында, ошондой эле, «аль-Курси», «аль-Ихляс», «аль-Фалак» жана «ан-Нас», «Аль-Кафирун», «аль-Мүлк» сүрөлөрүн жана «аль-Бакара» сүрөсүнүн акыркы 2 аятын окуса болот. Пайгамбарыбыз бул сүрөлөрдү окуган соң 2 алаканына үйлөп, жүзүнөн баштап бүт денесин 3 ирет сүртчү. Алла Элчисинин хадистеринде айтылгандай, жогорудагы сүрөлөрдү окуган адамга таң аткыча эч кандай зыян келбейт жана башка көптөгөн зыяндардан сактайт. Мисалы, уктоо алдында “Аль-Мүлк” сүрөсүн окуу кабыр азабына калканыч болот. Ал эми «аль-Курсини» окуган адамга шайтан жакындай албайт.

☝🏻Истигфар айтууну да унутпоо зарыл. Анткени бул амал менен адам бейиште жогорку тепкичке жетет.

📍Уктардын алдын өзүңдөн өзүң 1 күндүн отчетун алып, кетирген күнөөлөрүң үчүн Аллахтан кечирим тилөө маанилүү. Ал эми кимдир-бирөө сени капа кылган болсо, аларды сен да кечирип, экинчи ирет бул негативдүү ойлордон өзүңдү бошотуу адамдын өзүнө эле пайда келтирет.

🤗ИншаАллах, уйкуга да олуттуу көңүл буруп, анын сүннөттөрүн аткаруу менен денебизди, жан дүйнөбүздү эс алдырып, 2 дүйнөдө тең жеңишке жетишкен болобуз.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button