alternatetext Багымдат: 04:16 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
МакалаларТаасирдүү окуялар

АР БИР НЕРСЕНИН МАКСАТЫ БАР.

АР БИР НЕРСЕНИН МАКСАТЫ БАР.

✍🏻Бир жолу Дауд пайгамбар өзүнүн ибадатканасында олтуруп Забурду окуп жатат эле. Ал топуракта жаткан кызыл түстөгү бир куртту көрүп калды да өз жүрөгүндө мындай ойлоду:
“Алла Таала бул куртту эмне үчүн жаратты экен?”. Алла Таала куртка сүйлөөгө уруксат берди. Курт айтты:
“Оо, Алланын пайгамбары! Алла Таала менин жүрөгүмө ушул сөздү салды:
“СубхаанАллоохи уал хамду лиллаахи уа лаа илааха иллаллооху уаллооху акбар”-“Алла аруу, Аллага мактоолор болсун, Алладан башка кудай жок, Алла улук”. Бул сөздөрдү ар күнү миң жолудан айтамын. Ал эми түндөсү болсо миң жолу:
“Аллоохумма солли алаа мухаммадин-иннабиййил-уммиййи уа алаа аалихи уа сохбихи уа саллим”-“Оо Кудайым! Жазганды жана окуганды билбеген пайгамбар Мухаммадга анын үй-бүлөсүнө жана сахабаларына рахматыңды жана мээримиңди төккүн!”-деген сөздөрдү айтамын.

Андан соң курт айтты: “Сиз эмне нерселерди окуйсуз, мен дагы сизден пайдаланайын?”. Муну угуп Дауд пайгамбар курттун жөнөкөй түшүнүгүнө таң калып, Алла Тааладан коркту да, тобо кылды жана Аллага таянды.

Ибрахим пайгамбардын алдында анын кандайдыр бир ката-кемчилиги айтылса эси ооп калат эле. Анын жүрөгүндөгү коркунуч бир нече чакырымга чейин угулчу. Алла Таала Жебирейил периштени жөнөттү. Ал келип Ибрахим пайгамбарга айтты: “Улуу жана Кудуреттүү Алла Таала сизге салам айтып, сизге мындай дейт: “Сиз ушундай бир досту көрдүңүз беле, өзүнүн жакын досунан корккон?”. Ибрахим пайгамбар мындай жооп берди: “Эй Жебирейил! Мен өзүмдүн күнөөлөрүмдү эстегенимде жана алардын жазаларына ой жүгүрткөнүмдө өзүмдүн жакын Досумду да унутуп коёмун”.

Караңыздар, пайгамбарлар жана такыбаа адамдардын абалдары ушундай болсо, анда биздин абалыбыз кандай болот экен?! Ойлоно турган нерсе!

Мукашафатул кулуб.

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ T.me/formulakg
✿ Youtube.com/FormulaMediaKG
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button