alternatetext Багымдат: 04:28 | alternatetextКүн чыгуу: 06:11 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:52 | alternatetextШам: 19:53 | alternatetextКуптан: 21:38
Макалалар

БЕЙИШ ТАШЫ…

БЕЙИШ ТАШЫ...

Азирети Аиша (р.а) энебиз баяндаган бир хадисте Пайгамбарыбыз (с.а.в) Хажарул Асвадга байланыштуу мындай дейт:
«Я, Айша! Бул таш эгер жахилия доорунун ыпыластыктары менен кирдетилбегенде, ал аркылуу түрдүү оорулардан, кырсык-балээлерден кутулуу үчүн Алладан шыпаа суралмак жана азыркага чейин Алла биринчи кандай түшүргөн болсо, дал ошондой болуп сакталмак. Алла Таала аны жаман кишилердин күнөөлөрү себептүү өзгөртүп, кооздугун заалымдардан күнөөкөрлөрдөн жашырды. Анткени алар бейиштен келген бир нерсени кароого татыктуу эмес».
Алла Таала рухтар ааламында адамдардын рухтарынан: «Мен силердин Роббиңер эмесминби?» — деп сураганда, бардык рухтар: «Ооба, сен Роббибизсиң!» — деп жооп беришкен болчу. Риваят боюнча,рухтардын бул берген күбөлүгү бир кагазга жазылып, Хажарул-Асваддын ичине коюлган.
Хажарул-Асвад махшар күнү Алланын кудурети менен тил бүтүп, аны зыярат учурунда истилам кылгандар тууралуу, алардын дини менен ыймандары тууралуу, алардын дини менен ыймандары тууралуу күбөлүк берет.
 Кара таш (Хаджар аль-Асвад) аска ташка окшош, катуу массага (илимде анын келип чыгышы белгисиз) ээ. Кара таш абада калып турбайт. Каабанын бир бурчуна гана коюлган. Кара таш туура эмес овал калыбында болуп, ачык кызыл темгилдери бар, кара түстѳгү таш. Андан кызыл жана сары түстѳгү толкун сымал сызыктар даана байкалат. Анын диаметри отуз сантиметрди түзѳт.

📘Булагы: Бейиш жана Бейиш менен сүйүнчүлөнгөн сахабалар.

🤲Бейиштин бар экенине ачыктан ачык далил Бейиш ташы . Бул ташты кармоо, зыярат кылуу Бейиштин бир бөлүгүн көрүү дегендик, кандай бакыт, кандай ырахат ар бир мусулман пендеси үчүн. Аллах Таалам баарыбызды ата — энебиз, жакындарыбыз менен бир жолу болсо да Бейиш ташын зыярат кылууну насип кылсын!

🧕Даярдаган: Махарам Муслима.

Эскертүү!!! Макаланы башка тармактарга таркатууну кааласаңыз өзгөртүүсүз таркатыңыз! Аманат!!!
________________________________________

Катталуу үчүн:👇🏻👇🏻👇🏻

📲WhatsApp: +996 555 401 133

📲+996 778 503 695

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ T.me/formulakg
✿ Youtube.com/FormulaMediaKG
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button