АалымдарМакалалар

АЛЛАХКА КАЙТУУЧУ КҮНДӨН КОРККУЛА

Абдишүкүр ажы Нарматов

Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен баштаймын. Ааламдардын Жаратуучусу, адам баласын сыноо үчүн жаратып, Акырет күнү алардан сурак алуучу Аллах Таалага мактоо болсун. Аллахтын эң акыркы пайгамбары, бул дүйнөнүн убактылуу экендигин үммөтүнө далилдеп, Акыреттеги эсеп-кысапка даярдануунун жолун үйрөткөн пайгамбарыбыз Мухаммадга Аллахтын салам-салаваты болсун.

Аллах Таала Куранда: “Оо, ыйман келтирген пенделер! Аллахтан корккула! Ар бир жан эртеңки күнү (Кыямат) үчүн эмне амал кылганына карасын. Аллахтан корккула! Аллах эмне иш жасап жатканыңардан кабардар” – деп айткан. (Хашр, 18-аят). Мына ушул аятты уккан сахабалар бул аятка кандай амал кылышты? Абу Бакр Сыддык (Аллах андан ыраазы болсун) бир күнү бак ичине кирип, бутактанбутакка конуп мөмөлөрдү терип жеп жүргөн чымчыкты көрдү. Ал чымчыкка суктануу менен карап: “Оо, чымчык! Сен бутактан-бутакка коносуң, каалаганыңды жейсиң, каалаганыңды ичесиң, бирок эртең Аллахтын алдында бул үчүн жооп бербейсиң. Сенин жашооң кандай жакшы. Аттиң, мен эл башкарган халифа болуп, эртең Аллахтын алдында эсеп бере албай турганымча, ыймандуу адамдын денесиндеги бир тал түк болуп калсам кана…?” Умар (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: “Аттиң, бул жашоодо сыналып, сыноодон өтпөй калганча, Умардын энеси мени төрөбөй койсо жакшы болмок”. Ибн Аббас (Аллах андан ыраазы болсун) өзүнө-өзү кайрылып мындай дейт: “Оо, Ибн Аббас! Эгерде Аллах сенин күнөөлөрүндү кечирбесе, анда абалың оор болорун билип кой”. Анас бин Малик айтат: “Мен бир күнү Умардын өзү менен өзү сүйлөшүп жатканын уктум. Ал: “Аллахка касам ичип айтам, эй менин нафсим, сенин алдыңда эки эле жол бар: же такыба болул жашайсың, же Аллахтын азабына туш болосуң” – деп айтып жатты..

Сурак күнү болушу жөнүндө адамдар ар кандай пикирде болушуп үч топко бөлүнүштү:

бирөөлөрү сурак болбойт, адам өлдүбү ал үчүн баары бүттү дешет;

Экинчи топ сурак күнү болушуна толук ишенишет;

үчүнчү топ арсар, сурак күн болот же болбойт деп күмөн менен жашашат.

Сурак күнүнүн болушуна кыпындай да күмөндө болбоңуздар. Ал күн сөзсүз келет. Баарыбыз бирибиз да калбай өлүп кайра тирилгенден кийин топтолуп Алланын алдына барып Анын суроолоруна жооп беребиз. Алла Өзү Куранда айткан: «Биз аны бир тамчы суудан жаратканыбызды инсан көрбөдүбү? Ошентсе да ал ачык жаңжалчы. Ал өз жаралышын унутуп Бизге: «Бул чириген сөөктөрдү ким тирилтет?» – деп мисал келтирет. « Аны алгач жараткандай эле (кайра) тирилтет. Ал бардык жаралгандарды Билүүчү»-дегин. (Ясин, 77-аят). Өлгөндөн кийин кайра тирилүүнүн чындык экенин далилдөө үчүн түшкөн бул аяттардын себеби төмөнкүдөй: күндөрдүн биринде меккелик Убай бин Халаф аттуу араб Алланын пайгамбарына (с.а.в.) келди да колундагы сөөктүн күлүн пайгамбардын (с.а.в.) алдына таштап мындай деди: «Ушул күлгө айланган сөөктү Алла кайра тирилтишине чындап эле ишенесиңби?!» Ага пайгамбарыбыз жооп берди: «Билип койгун, Алла бул сөөктү да жана Ал зат сенин сөөктөрүңдү да кайра тирилтет. Ааламдын кожоюну болгон Алла адамдын балдарын бир тамчы суудан жаратканын байкуш араб билген жокпу? Алла аны да бир тамчы суудан жараткандай эле, анын күлгө айланган сөөктөрүн кайра тирилтүүгө Кудуреттүү! Байкуш араб, Алла аны эмнеден жаратканын унутту! Чирип күлгө айланган сөөктөрдү ким тирилте алат, – деп талашууда. Аларды ким биринчи жараткан болсо, Ал аларды кайра тирилтет. Ал Алла – Кудуреттүү жана бардыгын Билүүчү.

Хасан Басрий айтат: “Эй, адам баласы, сен күндөрдөн түзүлгөнсүң, күн өткөн сайын сен кемип жатасың”. Эң чоң ысырап, бул – акчаны, же башка нерсени ысырып кылуу эмес. Эң чоң ысырап, бул – убакытты текке кетирүү. Арабдардын макалында: “Убакыт кылыч сыяктуу, эгер сен аны кескенге жетишпесең, ал сени кесип салат” – деп айтылат. Күн менен түн сага каршы иштеп жатат. Булар жаңыны эскиртет, жашты карытат, барды жоготот. Аалымдар айтат: “Кимдин бүгүнкү күнү кечээги күнүнө окшош болсо, жашоодон уткузуптур, кимдин бүгүнкү күнү кечээгиден жаман болсо, ага каргыш болсун”. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айтат: “Эгер Аллахтан сурасаңар, Фирдаусту сурагыла! Ал бейиштин ортосу жана анын бийиктиги Аллахтын аршына жетет”. Мусулман пенде ар дайым бийиктикке умтулуусу керек. Дуба кылганда да жөн гана бейишти сурабастан, “Фирдаусту” сурагыла. Күндөрүбүзгө эсеп берели. Өзүбүздү-өзүбүз оңдойлу. Кетирген күнөөлөрүбүз үчүн чын ниеттен кечирим тилейли. Аллах Таала Кечиримдүү жана Боорукер. Ар бирибизге Аллахтын тынчтыгы, мээрими жана ырайымы болсун.

 

Ачкыч сөздөр
Улантуу ⇓

Тектеш темалар

Пикирлер жок

Close