alternatetext Багымдат: 04:16 | alternatetextКүн чыгуу: 06:02 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:57 | alternatetextШам: 20:01 | alternatetextКуптан: 21:49
АалымдарМакалалар

АЛЛАДАН КОРККОН ДОСУҢ АКЫРЕТТЕ БЕЙИШКЕ КИРҮҮҢӨ СЕБЕПЧИ БОЛОТ

🤝АЛЛАДАН КОРККОН ДОСУҢ АКЫРЕТТЕ БЕЙИШКЕ КИРҮҮҢӨ СЕБЕПЧИ БОЛОТ


🤲Оо, Аллах сенин
Улуулугуңда, Кудуретиңде чек жок. Сен Мээримдүүсүн, Кечиримдүүүсүн, кечиргенди жакшы көрөсүң.

—Ибилис Алла Таалага:
«Сенин Улуулугуңа ант! Мен адамдарды денелеринде жаны бар кезде өлгөнгө чейин азгырам» — дейт.

—Алла Таала Ибилиске:
«Улуулугума ант ичем! Адамдар истигфар айтып, Менден кечирим сураса эле, Мен алардын күнөөлөрүн кечирем» — дейт.

Бейишке кирген адамдар бейишке кирип бул дүйнөдө чогуу жүргөн досторун, жакын адамдарыны таппай калат.

— Анан Алла Тааладан:
«Оо, Жараткан! Биз менен чогуу намаз окуган, биз менен чогуу орозо кармаган бир туугандарыбызды бейиште көрбөй жатабыз» – деп жакындарын сурашат.

— Алла Таала ал адамдарга: «Тозокко баргыла да жүрөгүндө кыпындай ыйманы бар адамды чыгаргыла!»- дейт.
Ошентип жакшы дос тозоктогу адамдардын бейишке чыгуусуна себеп болот.

💫Хасан Басрий (Алла ырайым кылсын) айтат:
«Момун адамдардан көп дос жыйнагыла! Анткени, ал адамдар Кыямат күнү жакын адамдарын шапаат кылат».

☝🏻Чыныгы дос — колуңдан кармап бейишке жетелеген дос.

💫Ислам аалымдарынын бири адамдарга:
«Эгер бейишке киргенде араңардан мени таппай калсаңар, анда, мен жөнүндө минтип сурагыла!
Оо, Алла! Сенин пендең баланча бизге Сени айтып эскертет эле, аны да биз менен бейишке чогуу киргиз» — деп сурангыла, эгер мен силерди көрбөй калсам, анда, мен да силер тууралуу сураймын жана бейишке кирүүңөрдү суранам» — дейт.

🤲Аллах Таалам баарыбызга Аллаты эстеткен, эскерткен, Аллах жолуна чакырган, жамандыктан кайтарган дос — туугандарды айланабызга толтурсун! Амиин!

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button