alternatetext Багымдат: 04:00 | alternatetextКүн чыгуу: 05:51 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:09 | alternatetextКуптан: 22:01
Макалалар

КУРМАН АЙТ ЖАНА КУРМАНДЫК ЧАЛУУ

КУРМАН АЙТ ЖАНА КУМБАНДЫК ЧАЛУУ

📍 КУРМАН АЙТ ЖАНА КУРМАНДЫК ЧАЛУУ

✍ Бардык момун мусулмандар үчүн эң ыйык күндөрдүн бири болуп эсептелген Курман айт майрамы боорукерликтин, ыймандуулуктун нак үлгүсү. Анткени, курмандык чалуу – Алла Тааланын буйругуна баш ийүү жана Анын бизге берген немат-жакшылыктарына жана ырыскыларына ыраазычылык билдирүү болуп саналат.

Колунда бар бай кишилер курмандыктын этин жетим-жесирлерге, кедей-кембагалдарга жана жакырларга берип, мусулмандардын ортосундагы урмат-сый жана бир туугандык сезимдерин күчөтөт. Байлар да, кембагалдар да кубана турган ал күнү коомчулукта тең салмактуулук жаралат. Курман айт коомчулукка кубаныч тартуулап, коомчулуктун бейпилдигин арттырып, ыймандуу берешен коомдун түптөлүүсүнө зор салым кошот.

📍 «Айт» деген сөз араб тилиндеги «ийд» («عِيْدٌ») деген сөздөн алынып, кыргыз тилинде «майрам» деген маанини билдиргени менен, сөзмө-сөз которгондо («عود») «кайтуу», «кайталануу», «кайта келүү», «адат болуп калуу», «өнөкөткө айлануу» деген маанилерди да туюндурат.

Айт майрамы жыл сайын кайра-кайра келе тургандыгы үчүн ушинтип аталып калган. Эң негизгиси эки айт күндөрү Алла Тааланын көптөгөн мээрим-жакшылыктары момун мусулмандарга кайра-кайра келет. Анан да мусулмандардын ортосундагы боордоштук сезими мына ушул айттарда кайра башынан бекемделип, ал сезим өмүр бою адатка айланып, өнөкөт болуп калат.

📍Ардактуу Пайгамбарыбыз (ﷺ) Курман айт күндөрүнүн улуктугу тууралуу мындай деген: عَنْ عَبْدِ اللَّهِ بْنِ قُرْطٍ قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صلى الله عليه وسلم: «إِنَّ أَعْظَمَ الأَيَّامِ عِنْدَ اللَّهِ يَوْمُ النَّحْرِ. ثُمَّ يَوْمُ الْقَرِّ، وَهُوَ الَّذِى يَلِيهِ». – السنن الكبرى للبيهقي – (5/241). قَالَ عِيسَى قَالَ ثَوْرٌ:يَوْمُ الْقَرِّ وَهُوَ الْيَوْمُ الثَّانِى. – سنن أبى داود – (2/82). «Алла Тааланын алдында күндөрдүн эң улугу – бул «йаумун-нахр» (б.а. Курман айттын биринчи күнү). Андан кийин анын артынан келген «йаумул-карр» (Курман айттын экинчи күнү) турат».

Мына ушундай куттуу күндөрдө Алла Таалага жакын болуу үчүн колдон келишинче аракет кылуу зарыл. Ал күндөрү жасала турган изги иштердин Алла Таала үчүн өтө жагымдуу болгону – бул курмандык чалуу. Бул тууралуу Азирети Айша (радыяллааху анха) энебизден келген бир риваятта минтип айтылат: عن عائشة أن النبي صلى الله عليه وسلم قال: “مَا عَمِلَ ابْنُ آدَمَ يَوْمَ النَّحْرِ عَمَلًا أَحَبَّ إِلَى اللهِ عَزَّ وَ جَلَّ مِنْ هِرَاقَةِ دَمٍ. وَ إِنَّهُ لَيَأْتِي يَوْمَ الْقِيَامَةِ بِقُرُونِهَا وَ أَظْلَافِهَا وَ أَشْعَارِهَا. وَ إِنَّ الدَّمَ لَيَقَعُ مِنَ اللهِ عَزَّ وَ جَلَّ بِمَكَانٍ قَبْلَ أَنْ يَقَعَ عَلَى الْأَرْضِ. فَطَيِّبُوا بِهَا نَفْسًا”. – سنن ابن ماجة – (2/1045).
Пайгамбарыбыз (ﷺ) мындай деген:

«Адам баласынын Курман айттын биринчи күнү жасаган амалдарынын Алла Таалага эң сүйкүмдүүсү – бул (курмандыктан) кан агызуу. (Ал күнү Алла Таалага мындан да артык, мындан да сүйкүмдүү амал жок). Кыямат күнү ошол курмандык мүйүздөрү, тырмактары жана кылдары (жүнү) менен келет. Курмандыктын каны али жерге тамбай туруп Алла Тааланын ыраазычылыгына жетет (жана кабыл болот). Андай болсо курмандыктарды жакшылап (ыраазы болуп) чалгыла».

Жогорудагы куттуу хадисте «кан агызуу» жана «курмандыктын каны али жерге тамбай туруп» деген сөздөр менен курмандык чалуунун башкы максаты – «кан агызуу» экендигине басым жасалган. «Кан агызуу» болсо, момун мусулмандын Алла Тааланын буйрук-талаптарына моюн сунуу, баш ийүү дегенди билдирет. Болбосо, Алла Таала этке да, канга да муктаж эмес экендиги анык. Бул тууралуу Курани Каримде мындай деген аят бар:

لَن يَنَالَ اللَّهَ لُحُومُهَا وَلَا دِمَاؤُهَا وَلَكِن يَنَالُهُ التَّقْوَى… {الحج/37}. «Алла Таалага (чалган курмандыгыңардын) эти да, каны да жетип барбайт. Бирок, силерден болгон такыбалык жетет…».

Ал эми малды шариятка ылайык мууздоо үчүн анын кекиртеги менен кызыл өңгөчүн жана бул экөөнүн жанындагы эки күрөө (кан) тамырды кесүү зарыл. Имам Аазамдын (рахимахуллооху алейхи) караганда, ушул төртөөнүн эң азынан үчү кесилсе жетиштүү болуп саналат. Ал эми курмандыктын этин үчкө бөлүп, анын бир бөлүгүн үй-бүлөсүнө калтырып, экинчисин жоро-жолдошторуна, үчүнчү бөлүгүн кедей-кембагалдарга таратуу мустахап (сооптуу амал) болуп саналат. Муктаж болсо, эттин бардыгын өз үй-бүлөсүнө калтырса да болот. Кааласа, бардыгын кайыр-садага кылып жиберсе да болот. Курмандыкты ээсинин атынан сатууга же ээсине киреше алып келчү башка бир нерседе колдонууга шариятта уруксат берилбейт.

Курмандыктын этин же терисин өз ээси сатса, андан түшкөн акчаны кайыр-садага кылып бериши керек. Касапчынын акысы курмандыктын этинен берилбейт. Курмандык – бизге Ибрахим пайгамбар (алейхис-салам) менен анын уулу Исмаил пайгамбардын (алейхис-салам) Алла Таалага чын ыкластан моюн сунгандыгын жана алардын ибадат кылуудагы жогорку даражасын эске салып турат.

Курмандык – бул жаамы жандуу-жансыздын ээси Алла Таалага тообо келтирүүнүн, Ал ыроологон ырыскы-ниматтарга карата шүгүрчүлүктүн, ыраазычылыктын белгиси. Ошондой эле курмандык кедейлер үчүн өзүнчө чоң жардам болот. Курман айттан башка учурларда ар күнү миңдеген мал-жандык союлса да, андан кедейлер пайдалана албайт. Ал эми Курман айтта курмандыктын этинен эң көп бей-бечаралар пайдаланат.

Курмандык – адам баласын сараңдыктан жана мал-жандыкты көбөйтүүнүн артынан сая түшүүдөн куткарат. Коомчулуктагы боордоштук, бир туугандык, жардамдашуу, тилектештик, бей-бечараларды кубандыруу сезимдерин өркүндөтөт, жетилтет. Адамдарды өз ара ырайым-сүйүүгө байлайт. Алла Тааланын нимат-жакшылыктарынан бардык пенделердин, бүтүндөй адамзаттын колдонуусун шарттайт. Эң негизгиси Алла Таалага жакын болууга жана Жараткан Кудайдын ыраазычылыгына ээ болууга өбөлгө болот.

📍Ханафий мазхабы боюнча, төмөнкү шарттарга жооп берген адам үчүн курмандык чалуу милдеттүү (важип) болуп эсептелет:

1. Мусулман;
2. Акыл-эси соо, балагатка жеткен;
3. Сапарда же жолоочу болбогон;
4. Курман айт күндөрү негизги муктаждыктарынан тышкары курмандык чалуу мүмкүнчүлүгүнө же болбосо нисаб өлчөмүндөгү байлыкка ээ, бай болгон адам.

Курмандыктын негизи (рукуну) – мал-жандыкты мууздоо. Мууздалбаган малдын өзүн же анын акчасын садага кылуу менен курмандык ибадаты орундалган болбойт. Курмандык чалуу ибадат болгондугу үчүн ага ниет кылуу шарт. Курмандык чалуу тууралуу Алла Таала Ыйык Куранда:

فَصَلِّ لِرَبِّكَ وَانْحَرْ {الكوثر/2} «Айт намазыңды окуп, курмандык чалгын!» – деп буйрук берген. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммед (ﷺ): عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ، قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: “مَنْ كَانَ لَهُ سَعَةٌ، وَلَمْ يُضَحِّ، فَلَا يَقْرَبَنَّ مُصَلَّانَا!” – سنن ابن ماجه. «Ким бай болуп, кененчиликте жашап туруп курмандык чалбаса, анда биздин мечитибизге жакындабасын!» – деп буюруп, курмандык чалуунун бай кишилерге милдет (важип) экендигин белгилеген. Бир адам бир койду же бир эчкини курмандыкка чалса болот. Ал эми уй, төө, топоз сыяктуу малдарды жети адам биригип курмандыкка чалышса болот. Бирок, алардын баары курмандык чалуу үчүн ниет кылуусу шарт. Эгерде, арасынан бирөөсү эле курмандык чалуу эмес, эт кылуу максатында кошулган болсо, анда калгандарынын да чалган курмандыгы жараксыз болуп калат. Ал эми жылкы, короз, тоок, коён, каз-өрдөк жана үндүк курмандыкка жарабайт. Ошондой эле арык, көр, чолок, куйругунун же кулагынын жарымынан көбү кесилген жандыктар да курмандыкка жарабайт.

Курмандык айт намазы окулуп бүткөндөн кийин гана чалынат. Намаздан мурда чалынып калган болсо, ал курмандыкка өтпөйт жана ээси курмандык чалуу милдетинен кутулбайт. Ал эми айт намазы окулбай турган четки айыл жерлеринде намаздан мурда курмандык чалса жарай берет. Курмандык чалуунун убактысы – үч күн. Тактап айтканда, Курман айттын 1-2-3-күндөрү. Демек, Курман айттын 3-күнү күн батканга дейре курмандык чалуу зарыл. Ошентсе да, Курман айттын 1-күнү курмандык чалуу жакшыраак жана пазилеттүү.

Курмандык чалаардын алдында: «Оо, Жараткан Эгем! Өзүң бердиң жана Сенин ыраазычылыгыңа жетүүнү үмүт кылып курмандык чалып жатам», – деп ниет кылынат.

Колунан келсе курмандыкты өз ээси сойгону абзел. Эгер колунан келбесе башка бирөөгө мууздатып, өзү жанында тике турган абалда карап турат. Себеби, куттуу хадистердин биринде минтип айтылат: عَنْ عَلِىِّ بْنِ أَبِى طَالِبٍ رَضِىَ اللَّهُ عَنْهُ: أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ صلى الله عليه وسلم قَالَ لِفَاطِمَةَ: «يَا فَاطِمَةُ! قَوْمِى فَاشْهَدِى أُضْحِيَّتَكِ. أَمَا إِنَّ لَكِ بِأَوَّلِ قَطْرَةٍ تَقْطُرُ مِنْ دَمِهَا مَغْفِرَةً لِكُلِّ ذَنْبٍ. أَمَا إِنَّهُ يُجَاءُ بِهَا يَوْمَ الْقِيَامَةِ بِلُحُومِهَا وَدِمَائِهَا سَبْعِينَ ضِعْفًا حَتَّى تُوضَعَ فِى مِيزَانِكِ». – السنن الكبرى للبيهقي. Али бин Абу Талиб (радыяллааху анху) минтип риваят кылат: «Алла Тааланын Элчиси (ﷺ) кызы Фатимага минтип айтты:

– Оо, Фатима! Тургун да курмандыгыңдын жанына баргын. Кунт коюп билип алгын: Анын канынан аккан (жерге тамган) алгачкы кан менен жасаган бардык (майда) күнөөлөрүң кечирилет. Ошондой эле кыямат күнүндө ал эти жана каны жетимиш эсеге көбөйтүлүп келтирилет да, сенин таразаңа (сооптуу иштериң турган тарабына) коюлат».

Ошондой эле курмандык чалынган кезде кан толугу менен агып бүткөнгө чейин (курмандыкка урмат катары) отурбастан тике туруп туруу салих (изги) адамдардын адаты болуп саналат. Айт күнү курмандык чалуудан мурун айт намазы окулат.

꧁ БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ ꧂

Катталуу үчүн:👇🏻👇🏻👇🏻

📲WhatsApp:

📲+996 771 822 202

+996 778 531 798

══════════════════
☪ OK.ru/Formulasy
☪ Fb.com/Formulasy
☪ T.me/formulakg
☪ Youtube.com/FormulaMediaKG
☪ Instagram.com/Formulasy
☪ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button