МакалаларӨрнөктүү өмүрлөрЭне жөнүндө

МАГА СЕН КЕРЕКСИҢ ЭНЕ!

 

Өмүрүндө мындай жалган сөз уккан эмес эле. Эски досторунун чучукка жеткен суук сөздөрүнө көзүн кылгыртып келе жатты. Бул кичинекей айылда ошол достору менен далай ирет шапар тээп, ойду-тоону койбой кыдырып, энеси сатып берген машине менен ойноп-күлүп, барбаган жери калбады эле го. Ал кезде ким эмнеге алчу эле мындай машинени? Эч ким. Ким минтип күндө шапар тээп, ойноп-күлчү эле? Эч ким. Ошол достору жанынан бир тыйын кошчу беле? Жок, ичип-жеп ойноп-күлгөнүнө кайыл, жаштыкка, байлыкка мас болгон бир учур өткөн экен. Эми карачы, ошол достору кайра минтип, жылаңач-жыртык калганда өзүн кемсинтип, корсунтуп “Кебетеңди карачы”-деп, бирин-бири шыкактап, шылдыңдашат. Кантип ыйлабайт?! Бул биринчи эле жолу дейсиңби! Жок, мындай сөздөргө бышыкулак болуп калган. Бирок… бирок, бүгүнкү өтө эле…

Келип, короодон ичке кирип жатып, байкабай босогону тээп алып, колу менен жер таяна барып, бети менен кулап, бозала болуп тура калды. Бекиш калчылдап, муштумдарын түйүп, адам болсо жеп жиберчүдөй ызырына аттап жетип, жаман өтүгүнүн такасы менен босогону тепкилеп: “Жадагалса, өз босогом да, өз үйүм да каршы мага! Мына, мен үчүн бул жашоодо орун калган эмес экен да!”- деп бышактап ыйлап, колунун ооруганына карабай, дарбазаны муштагылап, үйүнө кире түнөдү.

Эрке өскөн Бекиш бала мүнөз болуп, чоңойгондо да ар кимден таяк жеп, энесине ыйлап келгенин койгон эмес эле. Бала кыялы дагы кармап, эми деле кээде үңкүлдөп ыйлай берет. Мыкты урам деп балка менен колун уруп алганда, Кудайга үнү жетип сыздады го, чиркин! Ачуусу келип казан-аякты талкалап, сынганы сынган боюнча, ошондон бери турат. Какаганга-муштаган болуп, энеси тирүү кезинде үйлөнтүп койгон аялы да кетип калган. Азыр ээн үйдө жалгыз калды. “Туруп оокат кылайын, там-ташты, короо-жайды оңдоюн”- деген эзели оюна да келбейт. Турган үйүнүн сүрү качып, алыстан көзгө сомсоо көрүнүп, кишинин киргиси да келбейт. Терезенин айнектери сынып, дубалдын кээ бир жеринде шыбагы түшүп калган, карала болуп. Ал гана эмес, үстү түшүп, кыйшайып калган үйдүн каалгасын оңдоп-түздөп убара болбой, көтөрүп ачкандан эринип, эңкейип кирип-чыгып жүрө берет.

Ошол баягы адаты, үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы болуп, бир жаздыкка бетин коюп, үңүлдөп жатты. Оюнда энесинин айткан насааттары, урушуп-тилдеп сүйлөгөндөрү.

“Кылчайып, оокат кылганга үйрөтө албадым го сени. Дүйнөнүн баркын билбей, кашыктап жыйнаганымды чөмүчтөп чачып, жедеп, менин өлүмүмдү тилеп калдыңбы, акмагым!!! Шордуум!!!”- деп далай жолу энеси буркурап, кээде кармана албай буркан-шаркан түшүп урушаар эле. Жалгыз уулум деп канаттууга кактырбай бапестеп жүрүп, өтө эле эрке өстүрүп алганына, эми ошол эркелиги өз башына таяк болуп тиерин ойлоп, ыйлаар эле. Баласы, эркелиги аз келгенсип, “Төө десе , бээ”- деген аңкоо, түшүнбөс, кеп жебес неме эле. Ушунун баарын ойлоп келип, байкуш эне өлөөрүндө: “Ай акмак! Бери кара. Мындан ары маңдайыңда сайраган мен жок. Ай дээр ажо , кой дээр кожо жок. Оромпой тээп жыргаарсың. Мен өлгөндө бул жыйган-терген дүйнөнүн аягына чыгып, ичип-жеп, баркыңды билбей, тебелеп-тепсеген, шарактаган, көпкөлөң досторуң сени кор кылар. Сен таалайсыздын багына жалаң ушундай жатып ичер шүмшүктөр туш келип калганын карасаң. Ошондо билерсиң энеңдин баркын, байлыктын баркын, азыр сайраныңды курсаң. Эртең эле жылаңач-жыртык калып, бул дүйнөгө батпай кор болорсуң, эси жогум!!! “- деп, эне байкуш, уулунун кийинкисин көрө билип, буркурап ыйлаган бир маалда. Оюна сандаган санаа, баласынын самтырап турганы келип, жанында отурган Бекишти колдон кармап булкуп: “Ук! Ушуга чейин айткандарым кулагыңа кирген жок, акыркы сөзүм, ушуну ук. Жедеп бул дүйнөгө батпай кор болгондо, сенделип тирүү-өлүк болуп жүргөнчө кепедеги жыгач-туткага барып, асынып өл! Уктуңбу? Уктуңбу дейм?!”- деген.
Бекиш энесинин өлөрүндөгү ушул сөздөрүн эстеди. Акырын башын көтөрүп арканды карады. Кирдеген жеңи менен көзүн аарчып, арканды алып кепеге барды. Ыш жыттанган тар кепеде эски, майда-барат оокаттар бар эле. Ызасы дале тарабай, бурчта турган жаман отургучту жерге коюп, үстүнө чыгып, жыгач туткага аркандын бир учун байлап, чактап, экинчи жагына илмек жасап, мойнуна илди. Эки колу менен көзүнүн жашын аарчып: “Эне!… Мына карачы, менин эч кимге керегим жок. Сенделип тирүү-өлүк болдум. Тосуп ал мени!!!”- деп, отургучту буту менен түртүп ийди. Асылганга болгон жок, үзүлдүбү, эмне болду, “карс” деп бир нерсе ачылгансып, өзү “талп” деп жерге кулап түштү, өлбөй калды. Үстүнө бир нерселер төгүлүп жатты. Бекиш көзүн ачып тура калды: Акча!!! Тутам-тутам түйүлгөн акчалар! Аңырайып өйдө караса, жыгач тутка көмкөрөсүнөн коюлган кичинекей үкөкчө экен. Бекишти көтөрө албай, үкөктүн оозу жулуна түшүптүр. Мойнундагы аркандын бир учунда калдактап үкөктүн оозу жүрөт. Аңкоолугун, ушуну сезди. Бут алдына жайнап төгүлүп жаткан акчаларга көпкө карап, “дүп” эте тизеси менен үстүнө чөк түштү. Эки колуна чеңгелдеп акчадан уучтап кармап, мыжыгып үнсүз мелтиреди. Аз-аздан көзүнө жаш толуп, жаак эттери түйүлүп, кимгедир кыжыры келгени же сүйүнгөнү билинген жок. Улам карыштыра мыкчып, көзү чанагынан чыгып кетчүдөй чакчайып, бир караган жеринен көзүн албады. Бир маалда муун-жүүнү калчылдап: “Аа-а-аа-а!”- деп бакырды… “Энее-е!… Мени өлгөндө да бактыңбы?! Жаным апа!!! Өлүп жатып да мени ойлодуңбу? Менин кор болоорумду билдиңби? Энекебай!!!” -деп жаш балача өңгүрөдү. Далайдан бери көкүрөгүнө толгон кайгы-арманын кимге айтып төгөөрүн билбеген Бекиш дайрадай толкуп, бугун чыгарып боздоп жатты. Энеси жаңы көз жумгансып, “энекебайлап” сыздап жатты. Билген асыл сөздүн баарын “эне” деген сөзгө кошуп, чындыгында эми жоктоп жатты…

“Сенин… Эне… Сенин тирүүңдө баркыңды билбей, тилиңди албай кыйнаган уулуңду кечир, эне! Угуп жатасыңбы? Мен…мен али бала элем го?! Уулуңду, карачечекей уулуңду таштап кеттиңби? Ушулардан көрө сен калсаң эмне? Мага сен керексиң! Мобулардын кереги жок!”- деп бакыра, эки колдой чеңгелдеп, акчаларды туш-тушка чачып жатты… ”Көргүм келбейт буларды, көргүм келбейт! Байлык … Байлык, сени жек көрөм! Мени кор кылган сенсиң! Жалгыз гана сенсиң!!!” деп үңүлдөп, үнүн баспады. Эне мээримине, жакшы сөзгө зар болгон Бекиш көмкөрөсүнөн түшүп, ыйлап жатты. Саксайып өскөн чачы чекесинен чыккан терге жабышып, жыртык, кир кийими топого аралашып тургае кейпин ого бетер жүдөтүп, эпсиз, жөндөмсүз экенин ашкерелеп турду. Өпкөсү көөп чыккан неме дагы эле шыбырап сүйлөп жатты: “Мага сен керексиң, эне!”

🌿🌸🌿🌸🌿🌸🌿🌸🌿🌸

💐<Бейиш эненин таман астында>

💐<<Жер бетинде эненин мээриминен өткөн мээрим жок>>{Ж.Абидетегин}

📙 Турмуш сабактары…

Даярдаган: Нуриза Кармышкова.

👨‍👩‍👧‍👦 Бактылуулук формуласы

Ачкыч сөздөр
Улантуу ⇓

Тектеш темалар

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Бул да кызыктуу

Close
Close