alternatetext Багымдат: 04:16 | alternatetextКүн чыгуу: 06:02 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
Макалалар
Эң мыкты

Эмне үчүн Ислам дини UFCге каршы?

Спорт - ден соолуктун булагы!

بِسۡمِ ٱللهِ ٱلرَّحۡمَـٰنِ ٱلرَّحِيمِ

Спорт адамдардын ден-соолугун чыңдоого, адамдардын ошондой эле бүтүндөй жер бетиндеги жашаган элдердин ортосундагы биримдикти бекмдөөгө чоң салым кошуп келет. Ооба!

Спорттун турлору өтө көп.
Ар бир адам озуно жаккан жана алы жеткен спорт туру менен машыга алат. Ошол эле учурда спортчулар элдин, анын ичинде жаштардын арасында өтө чоң кадыр — баркка ээ болгону белгилүү. Бүгүнкү күндө биздин арабызга, аң сезимибизге спорт деп таңууланып, бүткүл массалык маалымат каражаттарынан спорттун эң алдыңкы, эң жакшы түрү деп даңазаланып келип жаткан мушкерлердин мушташканы т.а UFC, MMA ж,б бокс турлору жаштар арасында, эң негизгиси мусулман жаштарынын арасында өтө кеңири жайылып, көптөгөн жаштардын жашоосунун маанисине, максатына айланганы шексиз эмеспи..
Биздин сөз UFC жөнүндө болмокчу .

Эң алгач сиз жана биз мусулман болгонубуз үчүн, Ислам шарияты бул темада эмне деп айтат ошону билип алышыбыз керек болот.

UFC ни колдогон жаштардын далили эмне?

«Күчтүү момун күчсүз момунга караганда Аллах Таалага сүйүктүүрөк» -деген хадис.
Кучтуу болуп, жакшы уруша алсан Аллахка жакын болосун деген терс тушунук тарады. Терендетип айтканда бул хадистин тупку мааниси тез бар да бир адамды олгучо уруп UFCге катыша кал деген маани эмес.

Эмне үчүн Ислам дини UFCге каршы?

Аллах Таала Озу ыйык Куранда айтат:

» …Өзүңөрдү өзүңөр өлтүрбөгүлө! Акыйкатта Аллах силерге Мээримдүү!»

☆НИСА☆ сүрөсү, 29 аяты.

Аятта Аллах Таала өзүңөрдү өзүңөр өлтүрбөгүлө дегени ар бир өлүмгө алып бара турган иштерден сактангыла дегени.

Бул жерде сөз пенденин өз каалосу менен кумарынын, же болбосо нафсисинин каалосу менен аткарылуучу иштер жөнүндө айтылып жатат. Мисалы: тамеки чегүү, насвай, кальян, алкоголдук ичимдиктер ж.б.
Эми UFCнин кандай тиешеси бар десеңиз төмөнкү хадистерди окуңуз:

Имам Бухари(Р.А) Абу — Хурайра(Р.А)дан риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз Мухаммад(С.А.В) айтат:

«Эгерде силердин кимиңер күрөшүп же урушсаңар бетке уруудан сактангыла».

Башка хадисти имам Муслим(Р.А) риваят кылат, Пайгамбар(С.А.В) айтты:

«Эгер силердин кимиңер урсаңар бетке уруудан сактангыла».

Жогорудагы хадистерде Пайгамбарыбыз (С.А.В) бетке урууну харам кылып жатат. Керек болсо шарият боюнча зынаанын себебинен ташбараңга алынып өлтүрүлүп жаткан адамдын бетине уруу харам болуп эсептелет!

Андан сырткары аврат дененин баардык жери ачык болот. Ал озунчо харам иш болот. спортчулардын салмагын текшергенде, уруш убагында жылаңач кыздардын коштоосу…

Ошол көрүнүштү сенин себебиң менен бүт дүйнөнүн көрүшү сен ошол коз зынаасын жасаган адамдарга шериктеш болуп жатпайсынбы?!

Дүйнө жүзү боюнча миллиондогон кумарбаз адамдар букмекерский конторалардан акча тигип, сенин себебиң менен Аллах Таала жана Пайгамбарыбыз Мухаммад(С.А.В) каргыш айткан кумарга батып жатышат.
Ал харам болбой анан эмне!?Андан ары кетсек ысырапкорчулук, машыгууга кеткен убакыт, күч толо жаштыкта ибаадат кылуунун ордуна толугу менен машыгууга арнап акыретти унутуп салуудан откон нааданчылык барбы бул дуйнодо?!

Тушунуктуу болуп жатабы!?

Спортчумун деп озун эсептеген жаштар, текеберлене басып жургон кадамдар канчасынын коз жашын токту экен…

Акча сарптоо, бүт керектелүүчү спорттук шаймандар, ары бери учуп баруу, жатакана баштан аяк харам иштин үстүндө жүрүү. Эң өкүнүчтүүсү жаштык өткөндө келет, мээ чайпалып, колдор титиреп, сөөктөр сыздап ооруганда билинет. Төмөнкү аятка көңүл буруңуз Аллах Таала айтат:

» Акыйкатта ысырапкорлор шайтандын достору, а шайтан өз Эгесине каапыр болгон «.

☆ИСРА☆ сүрөсү, 27 аят.

Ислам дини ар бир пайдасыз, Аллах Таала жана Пайгамбарыбыз(С.А.В) тыйган амалдарды аткарып өткөрүлгөн убакыт, коротулган акча ж.б ысырап болуп эсептелет. Анан эң негизгиси UFC бизге мусулман эмес коомдон келген нерсе.

Аларга биздин динибиздин эч кандай таасири жок, аларда адал же арам деген түшүнүктүн өзү жок ошону унутпашыбыз керек. Мусулман адам ар бир ишин колдон келишинче адал же арам деген формулага салып, андан кийин аткаруусу же аткарбоого милдеттуу!

Аллах Таала айтат:

» …Өзүңөрдү өз колуңар менен Отко таштабагыла. Чындыгында, Аллах — жакшылык кылуучуларды жакшы көрөт».

☆БАКАРА☆ сүрөсү, 195 аят.

Адам өзүнү өзү кантип отко таштайт десеңиз, албетте амалдар аркылуу. Аллах Таала жана Пайгамбарыбыз Мухаммад(С.А.В) шарият тыйган нерселерди аткаруу өзүбүздү отко таштообуз жана өзүбүзгө зулум кылуу болоорунда шек жок. Аллах Таала жакшылык кылуучуларды сүйөт дегени — жаман амалдарыңды ташта, аларды жакшы амалдарга алмаштыр деген баа жеткис соз!

Аятка көңүл буралы:

«…Чынында жакшылыктар — жамандыктарды кетирет. Бул — түшүнгөндөр үчүн эскертүү».

☆ХУД☆Сүрөсү, 114 аят.

Ушундай маандеги хадисте:

«Жакшы амалдар жаман амалдарды өчүрүп жок кылат».

UFCде, негизи эле борьба, бокс сыяктуу спорт менен машыккандын эң чоң коркунучу адамдын мүнөзүнө, жүрөгүнө текеберчиликти алып келет. Андан ары барсак жашоодон өз ордун таппаган мушкерлер 90% криминал чөйрөсүнө өтүүсү турган көрүнүш экенин жашоодо көрүп эле жүрөбүз. Текберчилик, талап — тоноо, бирөөнүн үстүнөн «крыша» болуп башка бирөөнүн акысын жеп, анын акысына кирүү, «черный» болуп иштеп акча тапкан сыяктуу баардык амалдарды Аллах Таала жана Анын Пайгамбары Мухаммад(С.А.В) харам кылган амалдар экенин биз билели .

Эгер UFC нин тарыхына кайрылсак ал 100% мусулман эместердин ойлоп тапканы. Илгери байлар Рим империясында өздөрүнүн кадыр баркын билдирүү үчүн кулдарды кармап, кулдарын машыктырып ортого акча коюп уруштурушкан. Азыркы күндөгү мушкеп деп аталгандар дал ошол кулдардан айырмасы жок бир гана булар кул эместиги болбосо гана, тескерисинче кул эрки жок болгондуктан кожоюндун буйругун так аткарат, азыркы мушкерлер 100% эркин адамдар болгондуктан кыяматта арам ишти өз эрки менен жасаганы үчүн жооп берүүсү өтө оор болот.

UFCде урушкан мусулмандарды сыймык катары көрүү, аларды даңктап, булар Исламды жакшы жагынан көрсөтүп жатат, булар деле намаз окуйт, жеңишке жеткенде сажда кылат, такбир айтат Аллаху Акбар дейт деп аларды сыймык тутуу кандай төмөн денгээл. Кайсы күндөн бери Ислам динибиз, мусулмандар харам жол менен сыймыктанып калды эле? Динди харам менен жакшы көрсөтөм дегендик — бул шермендечилик. Мисалга бир сойку аял хижаб кийип, намаз окуп, такбир айтып бирок сойкулук кылса кандай жаман көрөбүз. Башка бирөө арак ичип жүрсө аны да жаман көрөбүз. Баардыгы бир гана себептен, ал себеп — жүрөк! Жүрөктөгү кандайдыр бир нерселерге болгон жашыруун сүйүү. Биздин учурда жүрөктөгү UFCге болгон сүйүү, ошонү женил күнөө катары сезүү, күнөө эмес аны сыймык катары көрүү сыяктуу туура эмес, эң өкүнүчтүүсү мусулман эместер тарабынан киргизилип жаткан түшүнүктөр. Мусулмандар манкурт сыяктуу ошол нерселерге азгырылуусу терс көрүнүш. Пайгамбарыбыз Мухаммад (С.А.В) айткандай:

«Денеде бир тиштем эт бар, эгер ал эт оңолсо бүт дене оңолот, эгер ал эт бузулса бүт дене бузулат».

Канчалык жаман нерселерди көрүү менен жүрөктөгү мээрим — акыбет өлө баштайт. UFCге окшогон таш боор уруштарды көрүп, үйрөнүп калган жүрөк андан ары өтө чоң күнөөлөргө баруусу толук ыктымал..

UFCни көтөрүп, даңазалап, UFC жазылган кийимдерди кийип, ошонун артынан түшүп күн — түн дебей күтүп олтуруп көргөндөргө эскертүү!!!
☝🏻☝🏻☝🏻☝🏻☝🏻☝🏻☝🏻☝🏻

Аллах Таала айтат:

» Эй, момундар! Шайтандын жолу менен жүрбөгүлө! Ким шайтандын жолу менен жүрсө, ал шайтан, албетте, уятсыздыкка жана тыю салынган иштерге ундойт «.

☆НУР☆ сүрөсү, 21 аят.

Мусулмандар бири — бирине кандай жолдо колдоо көрсөтүп, колдоосү керектигин, кандай жолдордон бири — бирин тосуу керектигин баяндап Аллах Таала айтат:

«…Жакшылыкта, такыбалыкта бири — бириңерге көмөктөшкүлө. Ал эми жамандыкта жана душмандыкта көмөктөшпөгүлө! Аллахтан корккула, чындыгында, Аллах — каттуу азаптоочу!»

☆МААИДА☆ Сүрөсү, 2 аят.

Спорт менен машыгууга шарият тыюу салбайт.
Эгерде Куран жана Хадиске дал келбеген спорт туру болгон болсо андан кайтарат.
Анткени ошол нерседе адамдар учун толгон токой зыяндар бар.
Аллах Таала сиз бизге бир гана жакшылыкты каалайт!

Жакшылап угуп алыныздар !!!

Жогоруда айтылган сөздөр РОББИМ АЛЛАХ, мен мусулманмын, диним Ислам, Пайгамбарым Мухаммад(С.А.В) деген пенделерге эскертүү катары жазылды. Өзүнө жол издегендер, мусулман эместер өз билгенин кыла берсин.

Туман таркайт. Кыяматта ким атчан ким жоо экени билинет.
Аллах Таала ото тез эсеп алуучу!
Баарыбыз созсуз турдо суракка тартылабыз . Мына ошол кундон корколу бир туугандарым .

☝☝☝☝☝

Али Маматов,
атайын «Formula.KG» сайты үчүн

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button