alternatetext Багымдат: 04:16 | alternatetextКүн чыгуу: 06:02 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
Суроо-Жооп

Оорукчан адамдын орозосу кандай болот? (фидия битири)

✍🏻Алла Таала кулуна күчү жеткен нерсени гана аткарууга милдеттендирген. Анткени Жаратуучубуз бизге бардык оорчулукту эмес, жеңилдикти каалайт. Ошондуктан Алла Таала ооруган адамга кармабоого уруксат берген.

Бул тууралуу Куранда мындай делет:

«Рамазан айынын туулганын көрсөңөр оозуңарды бекиткиле. Ал эми кимде кми ооруп жаткан болсо же алыс сапарга жолго чыкса (оозду ачууга уруксат) башка күндөрдү каза кылсын. Алла силерге оорчулук эмес, жеңилдик тилейт…!».

Дагы бир аятта:

«Өзүңөрдү кооптуу коркунучка түртпөгүлө», — делет.

Ушул жана башка аяттарды негизге алып аалымдар:

«Ооруган кишинин орозо кармабоосу кээде себеп, кээде уруксат болот. Эгер оруган киши орозо кармашы өлүмгө алып бара турган болсо, бул адамдын орозо кармабоосу милдетүү. Ал эми эгер ооз бекитүү ооруну күчөтүп же болбосо айыгуусуна жолтоо боло турган болсо бул жагдайда да орозо кармабоого уруксат», — деп өкүм чыгарышкан.

Эмессе, орозо кармай албагыдай ооруп жаткан болсоңуз сизге ооз бекитүү парз эмес. Бирок ооруңуз айыгып, ооз бекитүүгө чамаңыз келген учурда кармабаган күндөрдү каза катары санап, кийин кайра кармаңыз. Бул каффарат (арасы үзүлбөй кармалган) катары камтууга кирбегендиктен, бөлүп-бөлүп кармасаңыз болот. Ал эми буга да ден-соолугуңуз жол бербесе, анда орозонун ар күнүнө фидия (орозо кармай албай калгандар төлөөчү битир) төлөйсүз. Фидия төлөөгө да чамаңыз келбесе, Алла мээримдүү, кечиримдүү. Пендеге күчү жетпеген нерсени милдеттендирбейт.

Суроо: Рамазан фидиясы (фитрасы) кандай эсептелет?

Жооп: Биринчиден, Рамазан фидиясынын канча болгонун эсебини, Аллах өзү Куранда айтып жатат. Рамазан бойюнча бериле турган фидиянын суммасы, бул бир жакырдын күндөлүк тамагын акчасы эсептелет. Ошондой, Айт намаздан мурун, Шаввал айдын биринчи күнү орозо кармаган кишилер, ошол фидияны кедей, камбагалдарга жана муктаж кишилерге берет.

«(Орозо) эсептелүү күндөрдө гана. Силерден ким (орозо мезгилинде) ооруп калса, же сапарга аттанса – анда ал күндөрдүн ордуна башка күндөрдө тоуктап берет. Орозо тутканга күчү жеткендер жакырдын тамагын фидия (фитирди) беришет. Эгер билсеңер орозо кармооңор силер үчүн жакшы!» (Бакара 2/184).

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button