Биздин сайтыбызда иштөөнү жакшыртуу үчүн cookies колдонобуз. Биздин эрежелерге макулсузбу?
Макулмун
Formula.KGFormula.KG
  • Башкы бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Суроо-Жооп
    • Даарат
    • Намаз
    • Орозо
    • Зекет
    • Ажылык
  • Аңгемелер
    • Таасирдүү окуялар
    • Өрнөктүү өмүрлөр
    • Турмуш таалимдери
    • Эне жөнүндө
    • Тарбия
  • Рубрикалар
    • Мультимедиа
      • Фото
      • Видео
      • Аудио
    • Ден-соолук
    • Китептер
    • Атактуулар ааламы
    • Пайдалуу кеңештер
    • Ырлар
  • Жардамчы
    • Намаз убактылары
    • Орозо календары
    • Мечит жана намазканалар
    • Кыргызстандагы медреселер
Окулуп жатат: Чубак ажы Жалилов: «Кыз-жигит болуп жүрбөңүз…»
Бөлүшүү
Эскертмелер Көбүрөөк көрсөт
Аа
Formula.KGFormula.KG
Аа
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Суроо-Жооп
  • Намаз убактылары
  • Башкы бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Суроо-Жооп
    • Даарат
    • Намаз
    • Орозо
    • Зекет
    • Ажылык
  • Аңгемелер
    • Таасирдүү окуялар
    • Өрнөктүү өмүрлөр
    • Турмуш таалимдери
    • Эне жөнүндө
    • Тарбия
  • Рубрикалар
    • Мультимедиа
    • Ден-соолук
    • Китептер
    • Атактуулар ааламы
    • Пайдалуу кеңештер
    • Ырлар
  • Жардамчы
    • Намаз убактылары
    • Орозо календары
    • Мечит жана намазканалар
    • Кыргызстандагы медреселер
Авторизация Кирүү
Катталыңыз
  • Advertise
© 2022 FormulaMediaGroup. All Rights Reserved.
Formula.KG > Blog > Суроо-Жооп > Чубак ажы Жалилов: «Кыз-жигит болуп жүрбөңүз…»
Суроо-Жооп

Чубак ажы Жалилов: «Кыз-жигит болуп жүрбөңүз…»

admin
Жаңыланды: 2020/04/20 at 10:52 ТЧ
admin
Бөлүшүү
- Advertisement -

— Курбан айтта койдун этинин бир бөлүгүн кошуналарга берсек болобу? Алардын көбү орус улутунда.

– Курбандыктын этин баары жесе болот. Үчкө бөлүп, бир бөлүгүн туугандарына, экинчи бөлүгүн өзүнө, үчүнчү бөлүгүн кошуналарына берсе болот.

— Шариятта процентке акча алуу болбойт дешет. Мен үйүмдү ипотекага алгам. Ал кандай?

– Ипотеканын да шарттарын карап көрүш керек. Берген акчаны үстөгү (проценти) менен алса арам болуп калат. Кайсы бир буюмду сатып, карызга бир канча жылга бөлүп берген болсо дурус болот.

— Мусулман айынын календарын түшүндүрүп бериңизчи.

– Айдын чыгуусу жана батуусу боюнча эсептелет. Ай календары боюнча биринчи түн келет. Ай 29 күн же 30 күн болот. 28 же 31 болбойт.

— Исламда кыз-жигит болуп жүрүү жок экен. А менин жигитим бар. Аны менен кучакташып, өбүшкөм. Күнөөмдү кантип жууйм?

– Мындан кийин кыз-жигит болуп жүрбөңүз. Нике кыйдырып алгыла. Намаз окуңуз, Кудайдан кечирим сураңыз. Кайра андай жолго барбаңыз. Иншаллах, Кудай кечирет.

— Кызымдын аты Тахмина. Өзгөрт, мааниси жок деп айтып жатышат. Тынчсызданып жатам.

– Аттын мааниси жаман болбосо, өзгөртүүнүн кажети жок.

— Жолдошум акыркы убакта аябай өзгөрүп кетти. Түндөп-күндөп эле достору менен ичип жоголуп кетет. Келгенде сурасам уруш чыгат. Эртеси да бири-бирин чакырышып, улантышат. Досторунун аялдары мага “сенин күйөөң балдарды саунага алып барып жүрөт экен” дешти. Ажырашып балдарымды жетим кылгым келбейт. Бирок, ар кандай сөздөрдү угуп жүрөгүм ооруйт. Үй-бүлөмдү сактай аламбы же ажырашканыбыз оңбу? Ажырашсам балдарымдын убалы кимге? Канткенде күйөөмдүн жүрөгүнө ыйман кирет? Намаз окубайсызбы десем, убагы келгенде окуйм деп коёт.

– Дароо эле ажырашып кеткенге шашпаңыз. Туугандарына, дин кызматкерлерине кайрылып, кеңешип, ыйманга чакырганга аракет кылып көрүңүздөр. Алла ыйман берсин!

— Кыз киши башка эркек менен ассалому алейкум деп учурашса болобу?

– Болот.

— 9 жашымдан бери намаз окуйм, азыр 16дамын. Мага ылайык каякта, кандай медреселер бар?

– Ислам университетинде аялдар үчүн окуулар өтүлөт. Манас аба майданы жакта 20-хутор медресеси бар, Ошто да бар. Окууну бүтсөңүз, кабыл алуу мезгилинде тапшырып көрүңүз.

-Үйдө жалгыз мен намаз окуйм. Жолдошум, апам, атам такыр намазга жыгылышпайт. Жүрөк менен Кудай деш керек деп айтышат. Менин да ыйманым качып, көп каза кылчу болдум. Турмушка чыкканыма 6 жыл болот. Башымдан жоолук түшпөйт, чачым аябай түшүп жатат. Атамдын көзүнчө үйдөн жоолукту чечсем болобу? Өзүм чач тарач болуп иштейм, бул сооппу же күнөөбү? Жолдошумдун чачын мен алам, болобу? Дааватка чыккым келет. Жолдошумду кыйнап алып чыксам кайын журтум жаман көрөт деп корком. Мажбурласам болобу?

-Намазды каза кылбаңыз, Алла хидаят берсин деп тилек кылыңыз. Атаңыздын көзүнчө жоолукту артка алып салынып алсаңыз болот. Чач тарач болсо болот. Күйөөңүздүн чачын алсаңыз болот. Албетте, дааватка чыксаңыз жакшы. Бирок, аны мажбурлоо жолу менен эмес, кызыктыруу жолу менен көндүрүңүз.

Булак

- Жарнама-
АЧКЫЧ СӨЗДӨР: бузукулук, кыз-жигит, Чубак ажы Жалилов
admin 20.05.2015
Макаланы бөлүшүңүз
Facebook Twitter Whatsapp Whatsapp VKontakte Telegram Шилтемени көчүрүү Басып чыгаруу
Мурдагы макала 1 доллар баяны
Кийинки макала Акылың кем болбогон соң…
Пикир калтырыңыз Пикир калтырыңыз

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Formula.kg — Диний, руханий, маданий агартуучу порталы

Катталыңыз
© 2022 FormulaMediaGroup
Ассаламу алайкум!

Авторизация

Сырсөздү унттуңузбу?